Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Кыргызстандык укук коргоочулар каржы министри Акылбек Жапаров балдарга жөлөкпул үчүн Евробиримдик бере турган жардамдан баш тартканы үчүн кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат. Ал эми министр тилемчилик кылбайм деп каршы турууда.

“Арай көз чарай” талкуусуна Укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү, “Психикалык саламаттык” коомдук уюмунун башчысы Бурул Макенбаева жана Каржы министрлигинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов катышты.

“Азаттык”: Евробиримдик берип жаткан жардамдан баш тартканы үчүн каржы министри кызматтан кетиши керек деген талаптын келип чыгышы тууралуу айтып берсеңиз.

Макенбаева: Кыргызстандын азыркы экономикалык абалы оор. Ошондуктан биз 2015-жылга чейин коюлган максаттарга жете алабызбы, жокпу белгисиз. Мына ошол максаттардын арасында балдардын өлүмүн азайтуу дегени бар. Эгер биз азыр Эл аралык уюмдардан жардам албасак, бул максатка жетпейбиз.

Макроэкономикалык божомолдор бар, каржы министри бул божомолдор тууралуу билүүгө тийиш. Ошондо “Кыргызстан тышкы жардамсыз 2015-жылга койгон максаттарына жете албайт” деп жазылып турат. Дагы айтып коюшубуз керек, Евробиримдик Кыргызстанга берип жаткан 7 млн. евро – бул карыз эмес, грант. Башкача айтканда, кайтарымсыз акча.

Сулайманов: Бул гранттан такыр эле баш тартылды деп айтуу туура эмес. Министр бул тууралуу өзү да маалымат берип, ушул жылдын октябрь айында Евробиримдиктин өкүлдөрү Кыргызстанга келет, ошондо бул маселе оң жагына чечилет деген. Анткени кандайдыр бир грант же жардамды алып жатканда сөзсүз түрдө анын шарттарын карап чыгуу керек.

Биздеги коркунуч эмнеде? Бүгүнкү күнү Кыргызстандын бюджетинде 7% таңкыстык бар. Ошого карабай, эгер бул грантты алып, балдардын жөлөк пулун көбөйтүп койсок, грант түгөнгөн соң, ал акчанын ордун кантип толтурабыз деген негизги маселе болуп атат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Жардамга муктаж болгон балдарга берилчү жөлөкпулдун суммасын эл аралык уюмдардан грант, карыз акча албай туруп, көбөйтүүнүн жолдору барбы? Мисалы, министр өзү муну жөлөк пулду даректүү жардам түрдө чечүүгө болот деп айтып жаткан...

Макенбаева: Эң туура. 2014-жылга чейинки социалдык коргоонун стратегиясы иштелип чыккан. Ошону аткарсак, жөлөкпул алган адамдардын саны азайышы керек. Бирок каржы министри муну аткарбай атпайбы. Даректүү жардам деген ошол стратегиянын бир кадамы. Эгер балдарга берилчү жөлөкпул көбөйсө, анда интернаттар азаят эле. Бүгүнкү күндө интернаттарда бир балага 11 миң сом жумшалып атат.

Сулайманов: Биз эки тепкичтүү бюджетке өткөндөн баштап, айыл өкмөттөр менен тыгыз иштеп, жардамга чындап муктаж болгон адамдарды аныктап жатабыз. Буйруса муну аягына чыгарсак, Кыргызстанда жардамга чындап муктаж болгон, социалдык жактан жетишсиз адамдардын так саны аныкталат, ички бюджеттеги акчадан жөлөк пулду көбөйтүү аракеттери көрүлөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG