Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:50

“Азыркы кыргызстандык” берүүсүнүн бул жолку каарманы - көп тил билген, бир учурда бир нече жерде иштегенге, өзү назик болгон менен самурай кылычын кынынан сууруп, башкаларды да ушуга машыктырганга жетишкен, тактык менен жоопкерчиликти баалаган жана кыргыздын айрым салттарын, жердешчиликти, бөлүнүп-жарылууну сындаган окумуштуу Чынара Эсенгул.

“Жаштын тилегин берет” деп бекеринен айтылбаса керек. Биздин бүгүнкү каарман Чынара Эсенгул бала кезинен жапон маданиятына кызыгып, Жапонияда окууну кыялданып, кийин ал тилегин өзүнүн аракети менен ишке ашыргандардын бири.

- Тилек кылыш керек, кыялданыш керек дегенден сырткары дагы эң негизгиси бала болсоң да максат коё билиш керек экен. Ага толук жетпесең дагы бирдемени кааласаң, ал максаттын формасын кийип жаткандай болуп калат.

Берүүнү толугу менен бул жерден угуңуз




“Азаттык”: Ишеним деген бар эмеспи, кимге ишенесиз, деги эле динге көз карашыңыз кандай?

Чынара Эсенгул: Кудайга ишенем деп айтсам болот, дин деп айтышым мүмкүн. Бирок дин менен ишеним эки башка нерсе. Мусулманчылык, буддизм же христиан деген бул формасы эле деп ойлойм. Мисалы кыргыздар алгач теңирчил болгон, андан кийин мусулман болдук деп айтышат. Ошондуктан эң негизгиси чын эле Кудайга ишенсе, Жараткан бар деп, ошол эле жетиштүү дейм. Өзү ички дүйнө жана сырткы дүйнө менен гармонияда жашаса эле адам болот деп ойлойм. Азыр мен акыл жактан, көз карашымды кеңейтүү үчүн теңирчилик, буддизм жөнүндө да окуп жатам. Ал эми мен толугу менен мусулманмын же дагы башкамын деп айта албайм. Мен мусулманмын деп, бирок көп туура эмес иштерди жасап, чылым чегип, арак ичкендерге туура эмес карайм.

Бир нерсени эч качан таңуулабаш керек. Таңуулаганда адам баласы өзү тандап, өзүнүн аң сезими менен эмес, бирөө күчтөп келген болуп калат. Ал эч качан жакшылыкка алып келбейт, аны адам баласынын тарыхы көрсөтүп жатат.


Чынара эне тилди кошпогондо англис, жапон, орус тилиндеринде эркин сүйлөйт. Жапончо түш жоруйт. Көп жаштар бир канча тил билген менен эне тилде жакшы сүйлөй алышпайт. Көбүнчө шаардыктар кыргыз тилде сүйлөй албай калышты деген сындар көп эле айтылып жүрөт. Чынара тилди колдонуу - аны өнүктүрүүнүн натыйжалуу жолу деп эсептейт.

- Азыр тилдин тегерегинде атайын дорлбоорлор керек, каражат да керек дегендей ар кандай талаштар болуп жатат. Тилди өнүктүрүүнүн эң негизги жолу – колдонуу. Эч качан уялбаш керек, өзүмдүн тилим, эне тилим деп колдонсоң эле эч качан өлбөйт.

Кыргыз тилин үйрөнгөнгө кыргыз эмес, башка жарандардын деле шарттары бар деп ойлойм. Англис, француз, дагы башка тилдерди деле үйрөнүп жатышпайбы. Каалоосу болсо эле үйрөнүп кетмек. Мен мисалы жапон тилди сенсейден (машыктыруучу) үйрөнгөм. Ал он тилди жөн эле билет, суудай сүйлөйт. Мен жапон тилин үйрөнө албай, иреголифтерди эстеп кала албай жүргөндө ал мага “кыйналып окусаң эч качан үйрөнө албайсың. Сүйүү менен, жактырып мамиле кылсаң бат үйрөнүп кетесиң”, - деп айткан...


Чынара бир учурда бир нече жерде иштегенге да жетишет. Ушул тапта ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде эл аралык мамилелер, Токмокто жайгашкан Борбор Азиядагы эл аралык университетте тышкы саясат боюнча сабак берет, Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунда илимий кызматкер болуп иштейт. Андан сырткары самурай кылычын кынынан сууруп колдонуу, башкача айтканда иайдого менен машыктырат. Иайдо - бул жапон элинин согуштук чеберчилигинин бири.

Мына ушул баарына так, жоопкерчиликтүү болуу - Чынара сегиз жылдан бери машыккан иайдонун философиясы. Бул дагы өзүн өнуктурүүгө жардам берет. Иайдо Чынарага жапон маданиятын гана эмес, кыргыз маданиятын да түшүнгөнгө өбөлгө болду.

- Самурайдын маданиятында эки нерсе эң негизги болчу. Биринчиси, убакытты так кармоо, экинчиси - сөз берсең ошону кармашың керек.

“Азаттык”: Согуштук дегендин өзү эле бул өнөр эркектерге тиешелүүдөй, алардын мүнөзүнө көбүрөөк төп келгендей туюлат. Эмнеге муну тандап калдыңыз?

- Ооба, согуштук дегенден улам башында чын эле кыз кишиге жарашпайттыр деп ойлошот. Бул туура эмес ой деп айтышым керек. анткени бул жерде кыз, эркегине карабайбыз. Ар бир адам өзү менен өзү, кылычы менен машыга берет. Бул жерде физикалык, дененин күчү кереги жок. Эгер туура кыймыл жасасаң кичине болсоң да 2-3 кишини жөн эле жеңип койосуң.

Көңүл бурсаңыздар кен-до, айки-до, иайдо деп бардыгы эле “до” менен бүтуп жатпайбы. “До” – бул жапон тилинен которгондо “жол” дегенди билдирет. Мен ушул жолго түшүп, ушул жолду тандап алганыма абдан бактылуумун.


Чынара кыргыздын салт-санааларынын көбүн эле кармана бербейт. Кээде жактырбаган жагдайларды ачык айтып, жаман көрүнгөн учурлары да кездешет. Ала качууга карманча каршы. Жигиттер деле Чынаранын айтканынан кайтпаган мүнөзүн түшүнөт.

“Азаттык”: Жердешчиликти кантип жоюш керек?

- Эң жакшы жолу эле билим берүү. Модернизация деп коёт го, азыркы замандын адамы эң негизгиси технологиялык жактан өзүн өнүктүрүү жолун тандашы керек. Ошону менен алек болсо эле башкага убактысы калбайт. Так максаттар коюлса эле жердешчилик жана башка нерселер четке кагылмак.

Тасмада: Чынара Эсенгул иайдо менен машыктырууда

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG