Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Коррупцияга шектелип жаткан адамдын жогорку окуу жайга ректорлукка дайындалышы түрдүү пикирлерди пайда кылууда.

Мурдагы кыргыз-өзбек, азыркы Ош мамлекеттик социалдык университетине Муктар Орозбековдун ректор болуп дайындалышына окуу жай жамааты бул дайындоо канчалык мыйзамдуу деп шек санап турса, байкоочулар коррупциялык иши менен министр орун басары кызматынан кеткен Орозбековдун кайрадан жогорку кызматка келишине таң калуу менен карап турушат. Ага карабай жаңы ректор окуу жайды көтөрөм деп шымаланып турган чагы.

ОшСУ Орозбековду каалабай жатабы?

Ош мамлекеттик социалдык университетиндеги соңку өзгөрүү окуу жайдагылардын нааразылыгына кабылды. “Муктар Орозбеков кызматка дайындалды” деген кабар тараары менен Окумуштуулар кеңеши алгач жарым-жартылай чогулуп, кийин дагы бир чогулуп, билим берүү министрлигине бул аракетти түшүндүрүп берүүнү талап кылган кат жолдошту.

ОшСУнун студенттери.

ОшСУнун студенттери.


Окуу жайдын проректору Шералы Эгембердиев атайын жыйында мындай деди:

- Муну биз жамаатка болгон дагы бир шылдыңдоо катары кабылдап атабыз. Эки ай мурда да ушинтип дагы бир башка ректорду алып келип алган. Кийин министрлик кечирим сурап, кайра буйругун жокко чыгарып кеткен. Эми дагы минтип мыйзамсыз буйрук чыгарып, ректор дайындалып отурат. Бул чечим жамаат менен кеңешпей, белгилүү бир топтогу гана адамдардын ич ара сүйлөшүүсү менен болгон иш. Муну биз мыйзамсыз деп эсептейбиз.

Университеттеги декандардын бири Кутманалы Абдырахман уулу да министрликтин бул чечимин атайын оюн катары баалады:

- Министрлик дагы бир жолу биздин жамаатты сынагандай абал болуп олтурат. Болбосо биз министр менен канча сүйлөштүк, канча талаптарыбызды айтканбыз, “ооба” деп кетип эле, ал жакка барып каалаган ишин кылып коё берет экен. Биздин жамаат 2 талап койгонбуз: окуу жайдын атын азыркы Ош мамлекеттик социалдык деген атка бекитип берүү жана окуу жай жетекчилигин шайлоо жолу менен бекитүү. Эмне үчүн министр өзү келип, бизге ректорду тааныштырып кетпей, башкача айтканда качып, жашырынып, өз алдынча бекитип коёт. Биз ушуга түшүнө албай турабыз.

Орошон максат койгон Орозбеков

Буга чейинки ректор Идирис Кенжаевди Муктар Орозбеков өзү министрдин орун басары кезде кызматка алып келген. Эми минтип тагдырдын тамашасы менен ал өзү кызмат берген адамдын ордун тартып алганга окшоп калды.

Окуу жайдын юрист-кеңешчиси Мираш Эгембердиев мындай дейт:

- Бул иштин кемчилиги - министр келип расмий түрдө тааныштырып кетпегендигинде болуп атат. Азыркы ректор Идирис Кенжаевди зордоп, арыз жаздырып анан кызматтан алган. Ал дагы арызында: “мени өз каалооң менен арыз жазып кет деп мажбурлашкандыктан, мен айласыз жумуштан кетип жатам. Болбосо жоопко тартып, анан кетиребиз деп айтышты”, - деп жазып жатат. Кенжаевди иш убактысы бүткөндөн кийин губернаторго чакырып алып анан арыз жаздыртышкан. Бул мыйзам боюнча алганда дагы таптакыр туура эмес. Башка жагынан алганда жергиликтүү деңгээлдеги кайсы бир мекеменин жетекчиси жумуштан алынып жатканда, шаардык бийлик менен макулдашуу деген болушу керек. Ал дагы болгон эмес.


Муктар Орозбеков ОшМУда ректор болуп турган учуру, 26-август, 2010-жыл.

Муктар Орозбеков ОшМУда ректор болуп турган учуру, 26-август, 2010-жыл.

Ал эми жаңы дайындалган ректор Муктар Орозбеков аны учурда жамаат колдоп жатканына ишенет. Ошондой эле окуу жайды өнүктүрүү пландары көп экенин айтууда:

- Сөз болушу мүмкүн. Бирок мен министрдин орун басарлыгынан кайсы бир кемчилигим үчүн кеткен эмесмин. Экинчиден, коомчулук жакшы билет, мен кылган иштер мыйзам чегинде эле болгон. Жанагы кылмыш иши козголду деп, анда айтылган нерселер чындыкка туура келбейт. Мен дегеле мыйзамчы депутат катары, мыйзам бузууга эч кандай жол берген эмесмин, өзүм да бузбайм. Ушу мүмкүнчүлүктү пайдаланып, коллективдин колдоосу менен өнүгүү программасын түзүп, университетти Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайларга теңөөнү коздөп жатам. Азыркы шартын мындан ары өнүктүрүп, Кыргыз эл аралык университети кылып түзүү максатым бар.

Бул арада Ош шаардык прокуратурасы Мухтар Орозбековго байланыштуу кылмыш ишин кайрадан жандандырганын “Азаттыкка” билдирди. Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулу:

- Ишти кечээтен баштап кайрадан жандандырдык. Азыр ишти тергөө амалдары башталды. Күнөөлүү адамдарды жоопко тартып, ишти сотко ашырабыз. Анын ичинде ОшМУнун мурунку ректору Мухтар Орозбеков да бар. Бул иш боюнча депутат Элмурат Обдуновду да чогуу тарталык, ишти сотко кетирелик деп атканбыз. Анан Жогорку Кеңеш макулдук бербегендиктен, биз азыр Обдуновдун үстүнөн козголгон ишти бөлүп алып, аны токтотуп турабыз. Бирок жалпы иштин тергөөсү толук жүрөт.

Орозбеков Ош мамлекеттик университетинде иштеп турган 2009-2010-окуу жылында окуудан чыгарылган студенттердин 2,5 миллион сомдук келишим акысын кымырып алганы ашкереленгени кабарланган. Буга анын орун басары Ашыралы Борбоевдин, жана ошо кездеги окуу жайдын баш бухгалтери, азыр Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Элмурат Обдуновдун катыштыгы бар экени айтылган.


Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев болсо бул иште саясий боёк бар деген пикирде:

- Эми бул жерде “крышалар” жөнүндө кеп кетип жатат. “Пулуң болсо кулуңмун” дейт кыргыз. Тааныш-билиши бар, акчасы бардын баары кылмыш кылганына карабай кайрадан бийликке, кызматка келе берет. Муктар Орозбековдун иши боюнча азыр прокуратура иликтеп атса, кылмыш иши ачылуу бойдон турса, анан кантип билим берүү министрлиги аны кайра ректор кылып дайындап атат. Бул азыркы билим берүү системасы үчүн өтө уят иш. Эгер ал иш аягына чыгып, кылмыштар далилденип, коррупциялык схемалар аныкталып калган болсо, Муктар Орозбеков кызматтан кайрадан кетмек түгүл, түрмөгө камалат. Анда министрлик да отставкага кетүүсү керек болот .

Бул иш боюнча билим берүү министрлиги комментарий берген жок. Мурдагы ректор Идирис Кенжаев да позициясын айткысы келбеди.

Бирок соңку маалыматтар боюнча, окуу жайдын окумуштуулар кеңеши бул ишти жабык карап, тараптар кайым айтышууга чейин барганы кабарланууда. Анда Муктар Орозбеков окумуштуулардын добушуна коюлуп, колдоо таппай калды, дешет окуу жайдагы булактар.

Маалым болгондой, мурдагы Кыргыз-өзбек университети 2010-жылкы коогалаңдан кийин Ош мамлекеттик социалдык университети деп аталып калган. Бирок документалдуу түрдө мурдагы ат менен эле турат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG