Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Мектептердеги кенже класстардын балдарына берилчү тамак үчүн өкмөттөн ар бир балага 7 сомдон бөлүнөт. Балдарга бекер тамак же токоч менен чай берүү өзүн канчалык актайт? “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү, мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиев менен Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнагүл Ниязова катышты.





“Азаттык”: Башталгыч класстын балдарына тамак же токоч менен чай, сүт берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен атайын бөлүнгөн каражат максаттуу жумшалып жатабы деген суроо туулат.

Осмоналиев: Мунун тарыхы баарыбызга эле белгилүү. Башталгыч класстын балдарына эртең мененки тамак берүү тууралуу мыйзам 2002-жылы эле кабыл алынган. Ал 2006-жылы күчүнө кирмек. Кийин бийлик алмашып, Курманбек Бакиев президент болуп келген өзүнүн 1-2 указы менен ал мыйзамды күчөттү да, 2006-жылдын 1-январынан тоолуу райондорго, 1-сентябрдан тарта башка бардык мектептерде кенже класстын балдарына эртең мененки тамак же чай бериле баштады.

Адегенде 5 сомдон бөлүнүп, андан кийин ага 2 сом кошулду. Бишкек менен Ош шаарлары өз демилгеси менен эки эсе көбөйтүп, бүгүнкү күндө балдар эртең мененки тамагын ичишүүдө. Бирок башында эле туура эмес саясат жүргөн.

“Азаттык”: Эмне үчүн?
Албетте ата-энелер комитети бардык мектептерде бар, алар балдарга берилип жаткан тамактын сапатына көзөмөл кылууга толук укугу бар.

Осмоналиев: Буга себеп балдар менен түздөн-түз байланышта жүргөн мугалимдер, мектеп администрациясы, райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана башкалар. Биз акчаны жергиликтүү бийликтерге берип койгонбуз. Балакеттин баары ошол жерден чыгып жатат. Айыл өкмөтү балдарга тамакты гана эмес, мугалимдердин айлык акыларын да беришет, ошонун баары бүгүнкү көйгөйлөрдү жаратып жатат.

Балдардын тамактан ууланышы, сапатсыз тамак-аш, азык-түлүк, убагында берилбей жатышы – мына ушунун баары туура эмес саясаттын натыйжасы.

Мыйзамда "балдарга эртең мененки тамакта 200 грамм сүт, таттуу токоч же ошолорго тете болгон тамак берилиши керек" деп ачык жазылып турат, бирок байкуш мектеп жетекчилери, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары да көзөмөлдөй алышпайт. Ал эми кокус бир нерсе болсо жоопкерчилик ушуларга жүктөлөт.

“Азаттык”: Айнагүл айым, эгер билим берүү башкармалыгынын башчысы катары сиз кийлигише албасаңыз, көзөмөл кыла албасаңыз анда кандай болот?

Ниязова: Бишкек шаарында кенже класстарга тамак берүү боюнча атайын тамак берүү департаменти түзүлгөн. Бул департамент аркылуу тендерлер өткөрүлүп, андан уткандар балдарга тамак уюштуруп берчү.

Өткөн жылдан бери биз тамактын сапаты боюнча кайра-кайра айтып, талап коюп отуруп, эми мектептин ашканасын ижарага алгандарга, алардын банктагы эсебине ай сайын балдардын тамагына бөлүнгөн акча которулуп берилет. Ай сайын ар бир окуучуга бөлүнгөн 14 сом баланын санына жараша которулат. Ижарачылар тамактын сапатына өзү жооп берет. Алар балдарга бекитилген меню боюнча базардан азык-түлүктөрдү сатып алып, тамак жасап берет.
Биз акчаны жергиликтүү бийликтерге берип койгонбуз. Балакеттин баары ошол жерден чыгып жатат.

Тамактын сапаты бардык мектепте бирдей деп айта албайм, бул ар бир мектептин ашпозчусуна, чебердигине жараша болот. Бирок ошол мектептин ашканасын ижарага алган адам балдарга берилип жаткан тамактын сапатына толугу менен жоопкер болот.

“Азаттык”: "Балдарга кыйраткан тамак-аш берилген жок, ага бөлүнгөн акчаны мектеп директорлору, айыл өкмөттөрү жең ичинен сүйлөшүп, өөнөп калууга аракет кылышат же өздөрүнүн тааныштарынын пайдасы үчүн колдонуп, туугандары жасаган сапатсыз токоч, булочкаларды алышат" деген нааразылыктар бар.

Осмоналиев: Мындай нааразылыктарга негиз бар. Биринчиден, ошол өкмөт бөлгөн 7 сомду эле карап отурбай, айыл өкмөттөрү, мектеп жетекчилери өздөрү да аракет кылып, демилге көтөрүп, ага салым кошуунун аракетин көрсө болмок.

Кара-Суу районундагы бир топ мектептерде айыл өкмөттүн демилгеси менен бышыкчылык маалында балдарга жашылча-жемиштерди камдап алышат. Бирок чынында эле 7 сомдон бөлүнгөн акча – тирүү акча. Ошондуктан буга кызыгып, аны “жүгүртө койолу” деп шымаланып турушат, алар мектептин жетекчилери же дагы башка тиешелүү адамдар менен жең ичинен сүйлөшүп алышат экен.

Мен мектептерди кыдырып, ушул маселени көп иликтедим. Апрелде, жай мезгилинде, сентябрь айында эле Чүйдүн мектептерин кыдырдым. Ыраазы болгон бир да ата-энени жолуктура албадым.
Мыйзамда "балдарга эртең мененки тамакта 200 грамм сүт, таттуу токоч же ошолорго тете болгон тамак берилиши керек" деп ачык жазылып турат, бирок байкуш мектеп жетекчилери, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары да көзөмөлдөй алышпайт.

Ниязова: Ата-энелердин көмөгү менен мектептердеги тамактын сапатын дагы да көтөрүүгө болот, бирок мамлекет бөлүп жаткан 14 сомго гречканы эт менен, кумшекер менен чай берүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан жалпы жонунан эле коррупция болуп атат деген пикирлерге мен каршымын. Былтыртан бери ижарачылар өздөрүнүн эсебине акча ала баштагандан бери Бишкекте тамактын сапаты жогорулады.

“Азаттык”: Бул бекер берилип жаткан тамак-аштын сапатына ата-энелер көзөмөл кыла алышабы?

Осмоналиева: Мыйзамдын 8-беренесинде “тамактын сапатына ата-энелер комитети тарабынан көзөмөл жүргүзүлөт” деп жазылып турат. Бирок кептин баары бул берененин жер-жерлерде кандай аткарылып жатканында болуп атат.

Ниязова: Албетте ата-энелер комитети бардык мектептерде бар, алар балдарга берилип жаткан тамактын сапатына көзөмөл кылууга толук укугу бар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG