Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Аз күн мурун Чүйдө жети жаштагы бала тамактан ууланып каза болду. Расмий маалыматтар боюнча быйыл тамактан уулангандардын 90% кышка даярдалган консервалардан ууланышкан. “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин мамлекеттик санитардык көзөмөл кызматынын башчысы Алтын Ураимова жана мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директору Калысбек Жумаканов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Алтын айым, мына ушул тапта үй шартында кышка даярдалган тамак-аш консервалары үй-бүлөлүк дасторконго көбүрөөк коюлуп жаткан учур. Ошол консервалардын өзүбүздүн, жакындарыбыздын өмүрү үчүн коркунучсуз экенин кантип аныктай алабыз?

Ураимова: Жыл сайын кыш айларында ботулизм же тамак-аштан уулануу көп катталат. Быйылкы жылы эле 28 учур катталып, анын ичинен кыркка чукул киши жабыр тартты. Эң өкүнүчтүүсү бул оорудан Чүйдө 7 жаштагы бала, Ошто сегиз жаштагы кыз каза болуп калган.
Биз коомдук тамактануу жайларын мыйзам боюнча жылына бир жолу гана текшерүүгө укугубуз бар.

Ууланууга негиз берүүчү вирус – ботулин токсини болуп эсептелет. Бул вирус бар тамак-аш ашказанга киргенден кийин 12 сааттан 1 суткага чейинки аралыкта белгилери билинет. Көбүнчө буга ууланган кишинин көзүнө заттар кош көрүнө баштайт, анткени бул өтө күчтүү уу болгондуктан ал денеге өтө бат тарайт. Буга чалдыккан киши көп кусат, бирок денесинин температурасы анча бийик болбойт.

“Азаттык”: Ботулин токсиндерине коомдук тамактануучу жайлардан чалдыкпоо үчүн кандай чаралар бар? Алар тамак-ашына колдонуп жаткан чийкилей азыктардын сапатын ким текшерет?

Жумаканов: Акыркы убакта тамак-аштан уулануу көп катталып жатат. Ошондуктан ветеринардык кызмат менен санитардык кызмат бири-бири менен тыгыз байланышып, ажырагыс болушу керек.

Азыр эт, сүт, жашылча азыктарынын сапатын текшерүүчү лабораториялар бар, ошол жактарда текшерүүдөн өтөт. Ошентсе да кээде ветеринардык кызматты кыйгап, ооруп калган малдын ээлери аларды сатып жиберген учурлар толтура. Буга кетип бараткан жылы кишилер оорулуу малдын этинен күйдүргү жуктуруп алган учурлары көп катталганы чоң мисал боло алат.
Көбүнчө буга ууланган кишинин көзүнө заттар кош көрүнө баштайт, анткени бул өтө күчтүү уу болгондуктан ал денеге өтө бат тарайт

“Азаттык”: Алтын айым, сиздердин маалыматыңыздар боюнча жакында эле уулануу катталган Бишкектеги “Арал” кафесинде иштеген кызматкерлердин 90% санитардык китепчеси жок иштеп жүргөнү аныкталыптыр. Бул да коомдук тамактануу жайларынан ар кандай оорулардын жугуп калуу коркунучуна алып келет эмеспи. Ошол ашкана кызматкерлеринин дени сактыгына көзөмөл кандай жүргүзүлөт?

Ураимова: Биз коомдук тамактануу жайларын мыйзам боюнча жылына бир жолу гана текшерүүгө укугубуз бар. Бирок ошол ашкана ээлерине милдеттендирилген, алар бардык кызматкерлеринен санитардык китепче талап кылууга тийиш. Ансыз бир да ашкана кызматкери иштөөгө укугу жок.

Сиз айтып кеткен кафеде 11 ашкана кызматкеринин тогузунда санитардык китепчеси жок болчу. Бул санитардык эрежелерди түздөн-түз бузуу болуп эсептелет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG