Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Ала-Тоого келген гректердин көбү турмуштун түмөн түйшүгүн баштарынан өткөрсө да, өлкөнүн тамеки жана буурчак өндүрүшүнө зор салым кошушкан. Грекия тарыхый мекени болсо да, Кыргызстандан кетпейбиз дешет.

Грекия кайда? Кыргызстандыктардын көзү жетпеген миӊдеген чакырым алыс – Түштүк Европада жайгашкан. Советтер Союзу маалында, азыр деле дээрлик Кыргызстан менен алака-катышы жок.

Бирок грек улутундагы жарандар Ала-Тоону мекендешет. Башка жүздөгөн элдерге окшоп, гректер өз мекенинен тышкары төгөрөктүн төрт бурчунан байыр алган. Андай жерлердин бири – Кыргызстан.

Кыргызстанда беш жүздөй грек жараны жашайт. Алардын көбү Бишкекте турат, бир азы Талас, Ош жана Баткен жергесинен да табылат. Карт тарыхта гректер дүйнө жүзүндө эӊ күчтүү цивилизацияны курган эл катары таанымал. Алар "Ала-Тоо - менин мекеним" дегенде таӊ калбай тура албайсың. Ал эми өзүн таза кандуу грек кызы санаган Елена Николаидинин сөздөрүн укканда, ишенбей коё албайсың.

- Мен Кыргызстанга 1942-жылы келгем. 11 жашта элем. Мына 5-майда 80ге толдум. Ошондон бери кыргыздардын арасында отурам, балам. Жакшы жашап келдик – бир арыктан суу ичтик, бир тандырдан нан жедик. Бир туугандай болуп, жакшына отурдук.

Елена апа

Елена апа

Елена апа алгач ата-энеси менен Ош облусуна келип, ошол жакта окуп өстү. Кийин турмушка чыгып, өмүр бою Баткен облусунун Кызыл-Кыя ыптасындагы Караван айылында жашады. Өз айылында жана түштүк жергесинде жашаган көп гректер менен өлкөнүн тамеки өнөр жайынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон экен.

Балдарын бутуна тургузуп, жан курбусу - күйөөсүн аркы дүйнөгө узатып, айылындагы грек кандаштары тарыхый мекени Грекияга аттанып кеткенден кийин уулдары алты жыл мурун апасын Бишкекке алып келген. Кызыл-Кыяда достору Елена апаны сагынып, Елена апа да аларды сагынып, өткөн-кеткенди көз алдынан сыдырат.

- Кошуналарым чалат: "Елена эже, гректер болгондо бул жерде кандай той болот эле. Гректер кеткенден бери биз зеригип калдык", деп айтышат. Бир кошунам бар – Гүлай деген. Ал айтат: "Елена эже, сиз келиӊ. Мен кичинекей балам Жыргалды үйлөндүрсөм, сиз келип тандырда таттуу токоч бышырасыз", дейт. Кызын күйөөгө бергенде бышыргам, экинчи баласын үйлөндүргөндө бышыргам. Азыр айтат: «Орус тандырым бар. Жыйырма-отуздан кылып, кудалардын алдына койом", дейт Гүлай.

Дүйнөнү багындырган калк

Байыркы Элладанын кулундары Кыргызстанга кантип келип калган? Грек диаспорасынын башчысы Ольга Куприяновадан жандырмагын уксак:

- Кыргызстанга гректер бир нече этап менен келген: биринчилери – Сталиндик репрессиясынын кесепетинен, экинчилери – Казакстанга күч менен көчүрүлгөндөр кийинчерээк бул жакка келишкен, үчүнчүлөрү – алардын артынан тууганчылык байланышты үзбөйлү деп өз ыктыяры менен келген туугандар, акыркысы – бул тапшырма боюнча жиберилген ар кандай адистер. Ушинтип гректер бул жакта топтоло баштады. 1967-жылы менин маалыматым боюнча Кыргыз ССРинде 3 миңдей грек бар болчу. Советтер Союзу урагандан кийин, 90-жылдары Грекияга кете башташты.

Доор урагандан кийин кыргызстандык гректер тарыхый мекенине кайтса да, алардын чыныгы мекени азыркы Грекия эместигин айта кетели. Азыркы Грекия Түштүк Европадагы чакан, экономикасы чабал мамлекеттерге кирет. Ал эми тарых барактарына үңүлсөк, Грекия дүйнөдө байыркы элдердин бири катары эӊ күчтүү цивилизацияны түзүп, адамзаттын өнүгүүсүнө зор салым кошкон эмеспи.

Адамзат цивилизациясында адабият, музыка, математика, геометрия, медицина, философия, бизге жакшы таанымал демократия башкаруу системасы жана парламент – ушунун баарын качандыр бир кездерде гректер ойлоп чыккан.

Гомер, Аристотель, Гиппократ сыңары дөө-шаа аалымдар, грек мифологиясынын таанымалдары Афродита, Зевс жана башкалар, жакында Лондондо өтө турган олимпиадалык оюндарды да гректер дүйнөлүк тарыхка киргизген.

Византия империясында римдиктер менен кошо гректер үстөмдүк кылып, Жер Ортолук деӊиздин жээктеринде жайгашкан мамлекеттерди басып алып, өз философиясын, маданиятын, жашоо-турмушка көз карашын ар кандай элдерге сиӊирген. Бирок кийин Византиянын заманы өтүп, акырын урай баштады. Византия империясында жашаган гректер да чачырап, ар кандай мамлекеттердин карамагына өткөн.

Тагдырдын сыноосунан өтүп...

Кыргызстанга келген гректер – понтиялык гректер. Алардын Ата журту – Понтия падышачылыгы болгон. Ал мамлекет азыркы Түркиянын түндүгүндө – Кара деӊиздин жээгинде жайгашкан. Понтиялык гректер 20-кылымдын башында Оттоман империясында Мустафа Кемал Ата-Түрктүн саясатынан улам Түркияда жашаган гректер менен кошо куугунтукка кабылып, көбү Түштүк Орусия менен Кавказга өтө качкан.

1937-жылдан баштап Иосиф Сталин гректерди сепаратист катары айыптап, грек тилиндеги мектептерди жана башка маданий борборлорду жаап, кээ бирлери репрессияга дуушар болгон. Бир даары ГУЛАГга айдалып, бир даары атылды. Гректерге карата зомбулуктун экинчи толкуну Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда уланган. Түштүк Орусия, Грузия жана Кавказдын башка аймактарында жашаган понтиялык гректер фашисттерге көмөктөшүп жатат деген айыпка жыгылып, көптөрү Казакстан, Өзбекстанга жана бир азы Кыргызстанга күчтөп көчүрүлгөн.

Кыргызстанда турган понтиялык гректердин тагдыры ушундай кайгылуу болсо да, алар өздөрүнө жарашкан жайдары мүнөзүн сактап жүргөнүн Елена Николаидиден эшители.

- Биз Караван айылында жүргөндө баары бизге айтчу эле: «Ой, Елена эже, гректер тойлорду ушунча биримдикте өткөрүшөт». Биз тойду чын эле сонун өткөрөбүз. Эгер ишемби күнү түштөн кийин башталса, жекшемби күнү кечке чейин өтүп, дүйшөмбү күнү түшкө жакын бүтөт. Гректер аябай шайыр. Кеч кирдиби, көчөбүздө ыр-музыка жаңырып, киноканага барып, кайра кайтканда да шаңдуу келет элек. Азыр болсо Караванда эч ким калбады. Эки эле үй калды. Мен бул жакка келдим, бир кемпир калды.

Салттар унутулуп баратат

Ксения Коновалова - кыргызстандык жаш гректердин өкүлү. Ал өз улутунун кооз кийимин кийип алып, Бишкекте жашаган гректердин жаш мууну тууралуу айтып берди. Бийле десең, ага даяр Ксения айым грек бийин кеминде үч-төрт киши аткара тургандыгын айтып, кооз көйнөгүн көрсөтүп, жарпыбызды жазды:

Ксения Коновалова

Ксения Коновалова

- Баш кийимден баштайлы. Гректер негизи баш кийимди кээде эле көбүнчө талаада иштегенде кийишкен. Баш кийим чийден жасалып, ээктин алдына жип менен байланат. Кыздар болсо негизи эле баш кийимди аз кийишкен, анткени аялдар сыртта көп жүрчү эмес. Ал эми эшик-эликке чыкса менин башымдагыдай кичиней жапыз шляпа кийишчү.

Аялдардын көйнөгү сөзсүз түрдө мойнунан бутуна чейин жаап, ар кандай оймолор менен кооздолгон. Көйнөк денеге бир аз бош отуруп, ары-бери жылганга ыӊгайлуу болгон. Ал эми көйнөктүн бели тыбыт жоолук менен байланат, аны диплакс деп койот. Аны менен шамалда, же кечинде сууктан оронуп алса болот.


Ксения өз элинин каада-салттарын терең деле биле бербейт. Антейин десең 80 жаштагы Елена апа деле салттын көбүн эстей албайт. Грек диаспорасынын башчысы Ольга Куприянованын айтымында, гректер мурунтан эле Орусия, Украина, Кавказга келип, Советтер Союзунда жашаган жергиликтүү калктын маданиятын өзүнө сиӊирип алган.

Вера Стефаниди

Вера Стефаниди

Грек элинин маданиятын, тилин жана каада-салттарын жандантуу үчүн Кыргызстанда "Филия" деген уюм иштейт. Ал жерде ар кандай маданий иш-чаралардан сырткары жума сайын каалоочулар үчүн грек тилинен сабак окутулат.

Кыргызстандык гректер жана Улуттук университетте окуган студенттер үчүн грек тилинен сабак берген мугалим Вера Стефаниди өз элинин маданиятына салым кошуп жатканына сыймыктанат. Анын айтымында, орус тили грек тилине алфавит, эрежелери жана кээ бир сөздөрү менен окшош. Өзү болсо бош убактысында борщ, плов, куурдак менен кошо грек тамагын даярдап турганга аракет кылат.

- Биздин грек салат менен фета деген сырды баарыӊар эле билсеӊер керек. Биздин өлкө зейтундун мекени болгондуктан, аны жана андан жасалган майды көп колдонобуз. Көптөгөн тамактарыбыз төө буурчак менен жасалат. Талас өрөөнүндө биринчи төө буурчакты ким өстүрө баштаган? Биз, гректер. Грек салаты деп жатпайбызбы. Негизи ал туура эле даярдалып жатат, бирок ага сөзсүз фета сыр менен зейтун майын кошуу керек да.

Ольга Куприянова

Ольга Куприянова

"Ошондой болсо да кафелерде биздин салат кардарларга жагат", - деп кошумчалайт Вера Стефаниди. Мен сүйлөшкөн гректер бир нече жолу Грекияга барып келишиптир. Вера менен Ольга айымдардан Грекияга эмне үчүн башкалар менен чогуу кеткен жоксуӊар деген суроону узаттым:

- Кыргызстандын патриоттору көп. Аларга Грекияга караганда Кыргызстан көбүрөөк жагат. Мен Грекияда болгондо кайра артка, Кыргызстанга качам. Менин кыргыз паспортум бар жана кетейин деген ниетим жок. Мен Кыргызстансыз жашоомду элестете албайм. Мен ал жакка барсам, эмне кылам, кандай болом деп өзүмө суроо берем. Ошол үчүн кетүүнү ойлонбойм, көптөр ошентип Кыргызстанда эле калып, жашап жатышат.

Ошентип, бул кең дүйнө бир карасаң, тар дүйнө эмеспи. Болбосо Грекия кайда да, Ала-Тоо кайда? Бирок алатоолуктардын кең пейил, жайдар мүнөзүнөнбү, гректер сыяктуу аз сандагы улуттар да боор таап, бир эл болуп калышкан экен.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG