Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 12 жаштагы өспүрүм кутурган ит капкандан каза болду. Мамлекеттик ветеринария департаментинин маалыматы боюнча, быйыл иттин 80 кутурма оорусу катталган.

Аталган департаменттин малдардын ден соолугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Осмоналиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Соңку кездерде ит тиштеп, андан каза тапкандардын саны арбып бараткандай. Азыр ушул багытта кырдаал кандай болууда?

- Былтыркы жылга салыштырмалуу кырдаал жакшы эле. Бирок баары бир абал татаал. Өткөн жылы 11 айда 113 кутурманын очогу болсо, быйыл 80. Негизи балдар, чоңдор болсо деле ит тиштеп алса көп көңүл бурбайт да.

Кутурманы ит, мышыктар таркатат. Ал эми жугуза турган булактар бул - чөө, карышкыр, түлкү. Мына Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну, 5-класстын окуучусу Бекмамат Камалдинов 7-декабрда ооруп, аны текшерип көргөндө кутурма менен шектүү деп чыгат. Эртеси каза болуп калат.

- Ушундай учур жакында эле Баткен облусунда да катталды эле. Кутурманын биринчи белгилерин кантип аныктаса болот?

- Ооздон шилекей агат, адам суудан коркуп калат. Анын белгилери көп. Башы ооруйт, ысытма болот, чыйрыгат, тамак ичкиси келбей, табити жоголот жана кыйынчылык менен дем алып калат.

Ит, мышык менен ушундай байланыш болдубу, тиштедиби дароо эле дарыгерге кайрылыш керек. Эми ошол 5-класстагы окуган баланы тиштеген күчүктү да таппай жатат. Башка балдар да биринен бири талашып ойногон экен. Ал өзү эки айлык эле күчүк дешет, ал да бир жерде жатып өлүп калганбы, эмне болгону белгисиз. Бала дарыгерге кайрылгандан кийин текшерсе кутурма чыгып атат.

Күчүк 25-ноябрларда тиштеген экен, ал эми ооруканага 7-декабрда кайрылып атат. Кутурма оорусунун өөрчүү аралыгы өтө аз. Ошондуктан дароо кайрылыш керек.

- Эми ошол балдар күчүктүн кутуруп кеткенин билбестен ошентип ойноп жатышат да. Иттин кутуруп кеткенин кантип алдын ала байкаса болот?

- Кутуруп кеткен итти деле оңой эле байкаса болот. Иттин шилекейи агып, көзү кызарып, агрессивдүү болуп калат. Кишиге асылып, тиштегиси келет.

- Алдын алуу иштери кандай жүрүп жатат?


- Ушуга чейин ит менен мышыктын так санын билчү эмеспиз. Эми биз Улуттук статистикалык комитетке мал каттоодо ушуну да эске алгыла деген сунуш киргиздик. Эмдөө үчүн алардын так санын билиш керек. Эми бул ишке ашса алдын ала канча ит, мышык эмдөөгө алынарын билип калабыз. Өтө кооптуу жерлерде ит, мышыктарды алдын ала эмдеш керек. Ага мамлекет каржылаган акысыз вакцина бар. Ошол менен алдын ала эмдөө жүргүзүш керек.

- Анткен менен учурда жолбун иттер абдан көбөйдү. Алардын арасында деле кутургандары жүрүшү мүмкүн да. Жолбун иттер менен кантип күрөшүп жатасыздар?

- Мурда ит атарлар болчу эле. Азыр деле айыл өкмөттөр, аймактын башчылары өз элинин ден соолугун сакташ үчүн бригада түзүп, ээси жок иттерди жок кылыш керек. Биз негизинен эмдөө жүргүзөбүз. Быйыл 267 миң итке эмдөө жүргүзүлдү.
XS
SM
MD
LG