Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Ырыскелдиге атасынын бөйрөгү салынды


Ырыскелди операцияга чейин атасы менен Бишкектин четиндеги Дордой жаңы конушундагы ижарада жашаган үйдө түшкөн сүрөт. 17-январь, 2013.
Ырыскелди операцияга чейин атасы менен Бишкектин четиндеги Дордой жаңы конушундагы ижарада жашаган үйдө түшкөн сүрөт. 17-январь, 2013.

Бишкекте Беларустан келген дарыгерлер 11 жаштагы Ырыскелдиге атасынын бир бөйрөгүн салышты.

Дээрлик бир күнгө созулган операцияны врачтар ийгиликтүү өттү дешти. Ал арада бул бөйрөк ооштуруу үчүн зарыл болгон 7,5 миң долларды Ырыскелдинин ата-энеси кайрымдуу жарандардан чогултуп жатат.

11 жаштагы Ырыскелди менен атасы Бакыт азыр реанимацияда. Алар күчтөнүп кетиш үчүн бир ай бою сыртка чыкпайт жана эч ким менен көрүшпөйт. Ырыскелдинин апасы Бүмайрам ага кайыл, анткени 21-январда баласынын операциясы жакшы өттү деген кабар аны кубанычка бөлөп турат:

Ырыскелди операцияга чейин апасы менен, 17-январь, 2013.
Ырыскелди операцияга чейин апасы менен, 17-январь, 2013.
- Ырыскелди кайрадан төрөлгөндөй болдум. Такыр башка жашоодо жашап калгандай болуп жатабыз. Жашоодо жакшы адамдар көп экен. Бизге жардам беришти. “Азаттык” радиосуна, “5-каналга”, "Мегаком" компаниясына, "Халык" банкка, дегеле бизге жардам берген бардык адамдарга чексиз ыраазыбыз.

Жекшембиде келген беларустук дарыгерлер дүйшөмбү күнү адегенде эле Ырыскелдинин операциясын жасашты. Таң менен түшкө чейин атасы Бакыттын бир бөйрөгүн алышты. Кечке дейре Ырыскелди менен алек болушту.

Баланы жана энени коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев Ырыскелдинин инфекция бар бир бөйрөгүн алып салып, иштен чыккан экинчи бөйрөгүнүн ордуна атасыныкын салдык дейт:

- Баланын илдети күч болчу. Баланын да, атасынын да абалы азыр жакшы. Бүгүн эртең мененки маалымат боюнча, баладан 8 литрдей заара чыкты. Бул баланын денесинен чыкпай жүргөн.

Эми ата бала бир бөйрөк менен жашашат. Беларустан келген врачтар "ойлонбой туруп баласына органын берүү – бул чоң эрдик” деп суктана айтып жатышат дейт Ырыскелдинин апасы Бүмайрам. Баса өспүрүмдүн өмүрүнө көптөгөн кайрымдуу адамдар себепкер болуп отурат. 7,5 миң доллар турган операцияны ата-энеси элден чогултту жана карыз-кабыла алды.

Дарыгер Камчыбек Узакбаевден бала сакайып кетиш үчүн мындан ары да каражат көп кетип-кетпесин сурадык.

- Органын алмаштырганда иммунитетин көтөрүш үчүн кымбат дарыларды алып турушат. Ар айда алып турчу 4500 сомдук дары бар. Биз Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүп койгонбуз. Ошол жактан берилет.

Ырыскелдинин апасы операцияга бааланган 7,5 миң долларды да толук чогултуп бүтө элек. Дарыгерлер дагы 4 кишинин бөйрөгүн ооштурат. Бүмайрам айым "ага чейин каражатты таап беребиз" деп үмүттөнүүдө.

Буга чейин “Азаттыктын” окурмандары да бир топ жардам беришти. Кол кабыш кылгысы келгендер үчүн дарегин кайталап беребиз:

Бишкек "РСК" банкынын Чүй филиалы
Банктагы эсеби 1290042120020073
Банктагы идентификациялык коду 129004
Төлөм түрү ЛС И-00198
Юсупова Бумайрам Ражаповна 0 554 17 66 65, 0 555 80 08 54



Тасмада: Ырыскелди операцияга чейин

Өмүрү 7,5 миң долларга байланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00
XS
SM
MD
LG