Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:02

Дүйнөдө 450 миллион адам шизофрения, талма, депрессия, аракечтик жана баңгимандык сыяктуу психикалык оорулар менен жабыркайт. Ал тургай медицинасы дүркүрөп өнүккөн Батышта ар бир жетинчи адамда акыл-эс көйгөйү бар.

2020-жылга чейин психикалык оору жер шарындагы башкы илдеттин бирине айланат дейт Дүйнөлүк саламаттык уюму. Ал эми Кыргызстанда болсо акыл оорулуулардын саны 70 миңден ашуун. 1-ноябрга чейин өлкөдө психикалык оорулууларды кароонун шартын жакшыртуу айлыгы жарыяланган.

Экономикалык оор абал, коомдогу олку-солку окуялар, үй-бүлөдөгү туруксуздук сыяктуу көптөгөн чиелүү себептер адамдардын акылына кедерги тийгизүүдѳ.
Борбор калаанын чок ортосундагы Совет-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде темир тор менен курчалган бир нече боз имараттар турат. Мына ушул боз тамдарда 460 орундуу психикалык оорулууларды дарылоочу республикалык борбор орун алган.

Бул жакта невроз, психоз, аракеч, депрессиядан тарта акылын таптакыр жоготкон байлатма жиндилерге чейин дарыланышат. Аталган борбордун башкы дарыгеринин орун басары Кубанычбек Эрмекалиев экономикалык-социалдык туруксуздук илдетканага келгендердин санын арбытты дейт:

Психоневрологиялык жатак үйдөгүлөр. Ак-Суу, 9-август, 2012-жыл

Психоневрологиялык жатак үйдөгүлөр. Ак-Суу, 9-август, 2012-жыл

- Ишсиздик, коомдук абал тынч эмес учурда биздин оорулар көбөйөт. Күзүндѳ, жазында да көбөйөт. Айрыкча козголоңдуу учурда, революция болгондо психикалык оорулардын жеңил түрлөрү арбып кетет.

Акыл оорусуна кабылгандардын көбү каттоого алынса эле ишке орношууга кедерги тийип калабы, же коомдо туура эмес кабылдайбы деген көз караштардын айынан ѳз убагында тийиштүү жардам ала албай келишет. Бирок буга карабай акыркы учурда борборго дарыланганы келгендердин көбү кыргыз улутундагылар болууда. Себеби айрыкча айыл жериндегилердин дары сатып алууга чамасы чак. Ал эми Республикалык борбордо болсо дарылануу акысыз.

- Психиатрларга барсак эле каттоого алып койот. Кийин ишке орношуу кыйыныраак деп ойлойт. Бизде чындыгында катуу ооругандарды гана диспансердик учетко алабыз. Ал эми жеңил түрү менен ооругандарды дарылап чыгаргандан кийин киши бир жылдын ичинде келип бизден жардам сурабаса, же кайра ооруп калбаса бир жылдан кийин алынып салынат. Кѳп учурда маанайы пас болгон, корккон, уйкусу качкан кишилердин көбү психиатрга баргысы келбейт. Аялдар ыйлайт, эркектер арак-шарапка ооп кетиши мүмкүн.

Оор кылмыш жасап, тергөөгө алынган атуулдардын акыл-эсин текшерүү да бизде оңой эмес. Жеке эле дарылап чектелбей, психиатр-врачтар киши зордуктаган, адам өлтүргөндөр менен да иштейт. Бирок ал үчүн Жалал-Абаддагы Кызыл-Жар айылындагы гана соттук экспертизалык борборго кылмышкерлерди алып барыш керек. 25 орундуу бул жайда кылмышкерди текшерүүгө кээде жылдап, айлап кезек күтүшөт.

Айына 5 миң сомдун тегерегинде маяна алып иштеген психиатр-врачтар барган сайын суюлуп барат. Алардын дээрлик 70 пайызы пенсия жашындагылар. Окууну бүткөн жаш адистер болсо акысы жакшы Орусия, Казакстанга жер которууда. Айрыкча кыргыз жаштарынaн психиатрияга кызыккандар өтө аз.

Тубаса акыл-эси кем төрөлгөндөрдүн жакындары коомдо өздөрүн жалгыз сезишет. Атын атагысы келбеген айым отуздан ашып калган уулун үйдөн чыгарбай өзү багып келет. Жарыбаган жөлөк пулга күн кечиргенине карабай, уулун атайын жайга тапшыруудан баш тарткан:

- Кайда бармак элем? Өзүмдүкү да. Эч качан бир жакка тапшырып салууну ойлогон эмесмин. Жаңы эле төрөлүп, беш ай болгондо ушул диагнозду коюшкан. Ошондо эле мага балаңды тапшырып салып жумушка чык дешкен. Кайда барба балаңды таштап, иште дешчү. Бирок аны берип салгандан кийин кантип жашайм?

Эч кандай бүбү-бакшы, молдого эмес, өз учурунда дарыгерге кайрылып, жакындары жылуу мамилесин аябай, сергек жашаганда гана дүйнөнү каптаган бул коркунучтан оолак болорубузду дарыргерлер тынбай айтып келишет.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG