Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Ичим оорубасын десеңиз...


Саламаттыкты сактоо министрлиги күндүн ысышы менен ичегинин жугуштуу оорулары күч алганын билдирүүдө.

"Арай көз чарай" талкуусуна Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматов жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуев катышты.

“Азаттык”: Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, 25-июндан берки убакытта республика боюнча 2000ге чукул жугуштуу ичеги-карын оорулары катталыптыр. Буга негизинен эмне себеп болушу мүмкүн?

Нурматов: Негизи ичеги-карын жугуштуу оорулары менен жылына республика боюнча 30 миңге жакын киши ооруйт. Бул оору башка бардык жугуштуу оорулардын 30-35% түзөт. Ошондуктан мындан мамлекетке да, элдин чөнтөгүнө да зыян чоң болот.

Ичегинин жугуштуу оорулары эмне үчүн көбөйүп атат? Биринчиден, бул оорулардын жугушуна суулардын булганышы негизги себеп. Анткени күн ысыганда суулар да ысып, андагы зыяндуу микробдор көбөйүп, өөрчүшүнө жагымдуу шарттар түзүлөт.

Мындан тышкары жашылча-жемиштерди жуубай жеген учурда, тамак-аштардын ысыктан бат бузулушу, чымын-чиркейлердин тамак-ашка конуп, аларга инфекция таштоосунан да ичегинин жугуштуу ооруларынын келип чыгышына өбөлгө болот.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргыздар айтат “катуудан тиш, жумшактан ич оору жаман” деп. Бул сөз да жок жерден айтылбаса керек, бүгүнкү күнү ичегинин жугуштуу ооруларына кабылып калгандар кантип андан арыла алышат? Үй шартында дарыланууга болобу?

Айткулуев: Ичегинин жугуштуу ооруларына кабылбаш үчүн эң ириде өздүк гигиенаны сактоо керек. Бул оорулар кир колдун гана оорусу деп айтылат. Ким болбосун дайыма колун самындап, таза жууп жүрүшү керек. Сууларды кайнатып гана ичүү керек, тамак-аштардын жаап, муздаткычта гана сактоо керек.

Бүгүнкү күнү айрым базарлардын жанында ачык эле, столдорго жайылып сатылып жаткан тамак-ашты эл жеп атат. Буга таң каласың! Анткени ден соолук ар бирибизге керек.

Бул оорулар аябай коркунучтуу. Өзгөчө бул оорулардан балдар катуу жабыркап, убагында дарыланбай калса, өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Бул жөн эле ич өткөк эмес. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн ден соолугу үчүн, балдарынын, жакындарынын саламаттыгы үчүн жоопкер болуп, таза, тыкан болушу керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG