Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Күйдүргү күчөп кетпеcе экен


Акыркы эки айдын ичинде күйдүргүнү жуктургандардын саны онго чукулдады. Өзгөчө кооптуу жугуштуу оору деп эсептелген күйдүргүнүн күч алып кетпөөсү үчүн тийиштүү чаралар убагында көрүлүп жатабы?

"Орой көз чарай" талкуусуна Кыргызстандагы жаныбарлардын ден соолугун жана оорусун көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы адиси Курман Мамбетов, мамлекеттик инспекция өкмөттүн алдында санитардык, эпизоотикалык, фито-санитардык көзөмөлдөө кызматынын көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Смагул Нургалиев, мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиолог дарыгери Айнагүл Рыскулбекова жана Республикалык өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар жана карантин борборунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Кубан Бектурдуев катышты.

“Азаттык”: Мына күйдүргү жалпы республикада, анын ичинде борборкалаада катталып атат. Бул аздыр-көптүр кооптонууну жаратып атат, деги эле бүгүнкү абал кандай бул жаатта? Жарандарыбыз базардан коркпой эле эт-сүт сатып ала берсе болобу?

Бектурдуев: Республикада бүгүнкү күнү он киши күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөн эле, алардын бешөөнө гана бул оору жукканы аныкталды. Баткен облусунун Кадамжай районунан бирөө, Ош облусунан бирөө, Ош шаарынан бир киши, Бишкектен бир киши жана Панфилов райоунунун бир тургуну күйдүргү оорусун жуктурган. Калган беш кишинин оорусу дагы такталып жатат. Бишкектеги Ош базарында эт саткан кыздын диагнозу да такталды, ал күйдүргү оорусун жуктуруп алган.

“Азаттык”: Ош базарында эт саткан аялдын күйдүргү жуктурганы аныкталса да, эмне үчүн базардагы эт павильону жабылган жок?

Нургалиев: Биз базардагы бардык этти алдырып, текшерүүгө бергенде ветеринардык лабораториядан алгачкы жыйынтыгы күйдүргүнүн инфекциясы жок экенин көрсөттү. Биз шектүү деп ойлогон этти да текшерүүдөн өткөрдүк, ал да таза болуп чыкты. Эт сатылган павильонду күнүнө үч маал дезинфекция кылдык, анын алдында ошол эт сатылган жерди да атайын текшерүүдөн өткөрдүк, инфекция чыккан жок. Ошондуктан күйдүргү оорусу ал кызга Ош базарында сатылган эттен жукканы такталган жок.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Күйдүргү чыккандан бери малды эмдөө иштери жүрүп атабы?

Мамбетов: Албетте жүргүзүлүп жатат. Жыл башында эле ар бир айыл өкмөттөн тартып, облустарга чейин түзүлгөн атайын пландын негизинде эмдөөлөр жүргүзүлгөн. Азыр дагы күйдүргүгө каршы вакцина жетиштүү, былтыркыдан калган 1 млн. 600 миң доза вакцина бар, андан тышкары атайын долбоор аркылуу 5 млн. 82 миң доза алдык.

Малдын баарына эмдөө жүргүзүлгөн, бирок азыр малдын баары менчик колдо. Айрым адамдар эмдөө кызматы үчүн төлөнүүчү акчадан качып, малын эмдетпей койгон учурлар бар, ошондуктан бүгүнкү күнү мына ушундай окуялар келип чыгып атат.

“Азаттык”: Күйдүргү оорусу чыкты деген маалымат тарагандан бери элде кооптонуу пайда болду. Өлкөнүн ар кайсы бурчунан улам бир учур катталган сайын кооптонуу күчөп атат, айрым адамдар эки-үч жумадан бери эт сатып албай атканын айтып атышат. Айнагүл айым, эпидемиялык чектөөлөр кандай учурда киргизилет?

Рыскулбекова: Коркунуч абал болду деп карантин жарыялоо азыр жок. Бул оору адамдан адамга жукпайт, малдан гана адамга жугат. Ошондуктан ветеринарлар мал арасында бул оору күчөп тарап атат деп тапса, анда чектөөнү алар жарыялайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG