Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:10

Кыргызстанда казан-казан эт тартылган аш-тойлордун мезгили башталды. Акыркы кезде ресторанда жабыла ууланмай фактысы да катталган.

Этти туш келди союп же сатып алып жеген кыргыз коомунда жеке санитардык жана гигиеналык коопсуздук маданиятын кантип сиңирүү керек?

"Арай көз чарай" талкуусуна Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө департаментинин жетекчи орун басары Нурболот Үсөнбаев, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Талант Узакбаев катышты.

“Азаттык”: Азыр аш-тойлордун мезгили. Анын үстүнө жаңы окуу жылы башталып, мектептер ачылды. Окуучуларга тамак берилет эмеспи. Бала бакчалар балдарга толду. Кыргызстандын учурдагы санитардык-эпидемиологиялык абалы кандай? Ушул убакытка алдын ала даярдыктар көрүлүп, абал иликтенеби?

Нурболот Үсөнбаев: Буга чейин мектептердин бардыгын карап чыгып, атайын планга байланыштуу текшерүүлөр жүргөн. Бүгүнкү күндө мектеп окуучулардын арасында кеңери тарап кетет деген оорулар боюнча кооптоно турган деле жагдай жок. Бирок жылдагыга караганда ичеги-карын оорулары боюнча абал курч мүнөздө турат. Ага көп факторлор таасир этүүдө.

Калктуу конуштардын жалпы гигиеналык шарттарын кароого туура келет. Суу маселесин чечип берүү, убагында акыр-чикирлерден тазалоо жана жалпы гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча элдин билим деңгээли, санитардык маданияты да таасир этиши мүмкүн.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:


Талант Узакбаев: Мектепте башталгыч класстарга сүт азыктары берилет. Кийинки бир-эки жылда бруцеллёз боюнча эпизоотикалык абал оңолгондой көрүнгөнү менен абал дагы деле курч. Ошондуктан мектеп окуучуларына сүт берүүдө сак болушубуз керек. Ар бир адам муну сураш керек, ар бир малдын ээси сөзсүз текшерүүдөн өтүшү керек.

Азыр бруцеллёз социалдык, үй-бүлөлүк ооруга айланып жатат. Жылына 4-4,5 миң киши ооруйт. Бул тукумсуздукка алып келип, калктын генофондуна терс таасирин тийгизүүдө.

“Азаттык”: Мурдагы жылы Бишкектеги ресторандардын биринде ондогон адамдар чучуктан ууланган эле. Ошондон кийин кафе-ресторандарга сырттан тамак-аш алып келүүгө тыюу салынган болчу. Бирок азыр бул көрүнүш уланып эле жатат. Аш-тойлордун убагында муну кантип көзөмөлдөө керек, деги эле мүмкүнбү? Малдан жуккан оорулардын көбөйүшү адамдын кайдыгерлигинен эмеспи?

Талант Узакбаев: Негизи кыргызча мал союну экиге бөлүп карашыбыз керек. Биринчиси - айылда өз үйүндө сойгон. Экинчиси - коомдук тамактануучу жайларга алып баруучу жана ири базарларда сатылчу малды союунун эрежелери. Экинчиси көбүрөөк кооптуу.

Азыр ветеринарларга да, санитарларга да бир жылда бир эле жолу текшергенге уруксат берилет. Адамдар ууланып жатабы, жокпу - иштери жок. Ошондуктан алар кайсы учурда кабар келсе, тоскоолдуксуз текшерүүгө уруксат беришибиз керек.

Мисалы, азыр Бишкекте малды ветеринардык-санитардык эрежелер менен сойо турган бир да мекеме, жай жок. Төмөнкү Ала-Арчада кыргызча жерге сүйрөп союп эле базарларда сатып жатышат. Бул абдан коркунучтуу жагдай. Мисалы, Германияда короосуна өзү алып келип мал союу мыйзамды одоно бузуу деп эсептелет экен. Сөзсүз ветеринардын көзөмөлү менен атайын жайга алып барып сойдурат.

Саясатта болсун, башкада болсун мыйзамга баш ийгенди үйрөнбөсөк тартип болбойт, өз өмүрүбүзгө коркунуч жаратып жүрө беребиз. Кудай бир күн сактайт, бир күн сактабай калышы мүмкүн. Малдан ар кандай оору жугуп калышы ыктымал.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG