Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Жарды өкмөттөн жарты жардам


Кыргызстанда үй-бүлө кирешеси жан башына 580 сомдон аз болгондордун балдары гана социалдык жөлөкпул алышат. Бирок көп балалуу, жумушсуз үй-бүлөлөр мынча акчага бала багуу кыйын экенин айтып нааразы.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги бюджеттен бөлүнгөн каражатты бергенден башка арга жок экенин айтат. Адистер болгон каражатты натыйжалуу, мыйзамга ылайык иштетүү менен элге кам көрсө болорун билдиришет.

Бишкекте жашаган сегиз балалуу үй-бүлөнүн үйүнө бардык. Энеси Гүлмира Алибекова иштебейт, күйөөсү кирешеси туруктуу эмес, эски эмеректерди жаңыртып үйүндө жумуш кылат. Он жан жашаган бул бүлөнүн туруктуу кирешеси - мамлекет төлөгөн 2600 сом социалдык жөлөкпул. Алар үчүн ушул да болсо маанилүү. Кожоюн Жусуп Алибеков кээде жумушунан такыр киреше албай калаарын, анда күнү ушул жөлөкпулга түшөөрүн айтты:

- Бир айга балдарга 2600 сом жөлөкпул алабыз. Ага бир кап ун алабыз. Өзүбүз нан жасайбыз, аптасына бир жабат. Бир мүшөк ун 1300-1400 сом болуп жатат. Калганына май, жашылча аласың.

Бирок ошол 2600 сомго жубайлар оңой жетпептир. 2-3 жыл мурдагы окуяны айтып отурушту. Анда Жусуптун жети баласы бар эле:

- Ошол жылы жөлөкпулубузду 1000 сомго түшүрүп салышты. “Жок дегенде эки кызыма кошуп койгулачы” деп сурансам болбой коюшкан. Жети балама 1000 сом алчумун, бул деген уят да.

Бирок көбөйтүүгө кылган аракеттери тескерисинен чыкканын үй кожойкеси Гүлмира эскерди:

- Ага чейин жети балама 1900 сом алчубуз. “Кичине көтөрөсүңөрбү” деп барсам, акимиаттын кызматкерлери “биз сиздин үй-жайыңызды көрүшүбүз керек” дешти. Аз эмес, көп эмес, орточо эле көлөмдө помидор менен бадыраңдан кышкыга салат жасап жаткам. Ошону көрүп, “силер жакшы жашайт экенсиңер, телевизоруңар бар экен” деп, кир жуугуч машинаны да көрүп, 1000 сомго түшүрүп салды. Эми баары эле кышкыга салат жасайт да, балдарым бир нерсе жеш керек да.

Репортажды толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:14:14 0:00
Түз линк


2009-жылга чейин көп эле үй-бүлөлөрдө ушундай көрүнүш болгон. Кимдир-бирөө муздаткычы бар үчүн, кимдир-бирөө жаңы килем төшөгөн үчүн жөлөкпулдан куру калган. Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, элдин нааразылыгынан улам үй шартына карап жөлөкпул берүү токтотулду. Азыр кирешеге карап алышат.

Үй-бүлөнүн кирешесин жан башына бөлгөндө 580 сомдон ашык болсо, мамлекет акча бербейт. 580 сом бул – минималдык кепилденген киреше өлчөмү. Ошондо, мисалы, 5 жан жашаган үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 3000 сом болсо, жетиштүү жашаган болуп эсептелет. Анткени ар бир адамга бөлгөндө 600 сомдон тийип калат.

Социалдык жөлөкпулдун адилетсиз берилгенин айткандар дале көп. Мындан улам кандай үй-бүлөгө, кантип берилет, кирешеси кантип аныкталат деген суроого жооп алуу үчүн биздин каарман Алибековдор жашаган Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жөнөдүм.
Ар бир баланын өз ырыскысы бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00
XS
SM
MD
LG