Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:56

“Кыргыз эл” коомдук бирикмеси менен "Үй куруучулар" партиясы 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерип, митинг-реквием өткөрүшүп, куран окутушту.

Бишкектин түштүк дарбазасында 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарына музей-комплекс курабыз деп, 1991-жылы таш белгисин орнотушкан. Мына ошол жерде “Кыргыз эл” бирикмеси эртең менен митинг-реквием өткөрдү.

Анда сүйлөгөндөр 16-жылдагы кыргындын тарыхый-саясий мааниси тууралуу кеп кылышып, өнөрпоздор “Манас” эпосунан үзүндү айтышып, төкмө акындар ырга кошту.

Бул иш-чараны уюштуруучулар тарыхка кара так салган кандуу окуяны унутпай, анда курман болгондордун арбагына куран окутуп туруу азыркы муундун парзы экенин белгилешти. Буга чейин “Кыргыз эл” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Ысык-Көлдүн Каркырасында, Санташта жана Түптө Үркүндүн курмандыктарына эстелик орнотушкан.

“Кыргыз эл” коомдук бирикмесинин жетекчиси Кылычбек Рысалиев бул иш-чаранын Бишкектин түштүк дарбазасында өтүп жаткан себебине токтолду.

- Бул жер Үркүндө шейит кеткендерге эстелик орнотуу үчүн 1991-жылы 4,5 гектар бөлүнүп берилген. Кийин бул жер кертилип-кертилип кафе-ресторан үчүн сатылып кеткен. Азыр 15 сотиктей эле калды. Бул таштын азыркы келбетин көрүп турбайсызбы. Биз муну 2009-жылы оңдоп-түзөп, сырдап, кичине көркүнө чыгарып койгонбуз. Болбосо бул таш белгинин бетиндеги темир такта жулунуп, ар кандай сөздөр жазылып, каралбай калган. Азыр жыл сайын келип куран окутуп турабыз. Негизинен ушул жерге музей-комплекс курулса деген болчубуз. Тилекке каршы азыр жердин документин бүтүрө албай жүрөбүз.

1991-жылы “Ашар” коомдук уюму менен “Асаба”, КДК партиялары Үркүндүн 75 жылдыгына карата Сокулуктун Асылбашынан баштап Ысык-Көлдүн Каракол, Нарындын Торугартына чейин “Өмүр көчү” деген жөө жүрүш уюштурушкан. Бишкекте 1916-жылы курман болгондорго музей-комплекс куруу максатында Бишкектин түштүк дарбазасынан төрт жарым гектар жер бөлүнүп берилген.

Бирок улам бийлик алмашып отуруп, ортодо шылуундар ал жер тилкесин кафе-ресторан кургандарга сатып жиберишкен. Азыр “Үркүн” деген жазуусу бар белги таштын жанында “Грин-Парк”, “Манхеттен”, “Сенатор” деген кафе-ресторандар орун алган.

“Кыргыз эл” коомдук бирикмесинин уюштуруучуларынын айтымында, 1916-жылдагы кандуу окуяны эскерүүгө парламент депутаттары, өкмөт түгүл жергиликтүү райондук бийликтин өкүлдөрү келишкен жок.

Иш-чара башталганга чейин бир саат мурда премьер-министр Өмүрбек Бабанов, шаар башчысы Иса Өмүркүлов баш болгон жетекчилер ошол “Үркүн” белги ташынын жанында Бишкектин түштүк автожолун куруу боюнча көчмө жыйын өткөрүшүп, эл куран окутканы чогула баштаганда шаардын башка аймагын кыдырып кетишкен.

“Кыргыз эл” коомдук бирикмесинин мүчөсү Айнура Кадыракунова эскерүү иш-чарасын өткөрүү боюнча президенттин администрациясына, өкмөткө кайрылышканын белгиледи.

- Биз эки ай мурда эле президенттин администрациясына, бийликке "август айында Үркүндүн 96 жылдыгына карата иш-чара өткөрөлү, биз жардам берели, жалпы республиканын аймагында куран окутулсун" деген сунушубузду бергенбиз. Тилекке каршы бийликтен эч кандай жооп болгон жок. “Курман болгондорду ардактабаса, тирүүлөрдүн иши баркталбайт” дегендей биз улуу Үркүндө набыт болгондорду эскербесек, азыркылардын иши оңолбойт.

“Үй куруучулар” партиясынын жетекчиси Бейшенбек Абдыразаков Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Олег Попиков Үркүндө шейит кеткендерге куран окутуу үчүн жаңы конуштарга 15 миң сомдон акча бергенин, ал эми башка үч райондогу кыргыз акимдер бул иш-чарага көңүл буруп коюшпаганын билдирди.

“Ашар” коомунун төрагасы Жумагазы Садыр уулунун пикиринде, күнкорлук сезимден арылмайынча 16-жылдагы кандуу окуяга тарыхый да, саясий да баа берилбейт.

- Мурунку замандан калган жагынуучулук. Улуу улут деп, улуу агадан коркуу адаты биздин адамдардын көөдөнүнө терең сиңип калган. Ушул биздин арабызда жүргөн адамдар да бизче ойлонот. Бирок бийликке жеткенден кийин саясаттын кулу болуп калышып, алар ошого кылчактап, муну саясатка айлантып жиберишет. Ошон үчүн Үркүн маселесин көтөргүсү келишпейт. Анткени бир чоң мамлекетти таарынтып алабызбы, алардын акчасын ала алабай калабызбы дешип, күнкорлук сезим жүрөктөрүнөн кетпей жатат. Анан кантип 16-жылга саясий-тарыхый баа беребиз?

Митинг-реквиемдин соңунда 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерип, музей-комплексин куруу, тарыхты тактап, кеңейтип жазуу, спектаклдерди койдуруу, тасмасын тарттыруу маселеси менен бийликке кайрыла тургандыктарын билдиришти.

Ал эми "Үй куруучулар" партиясы түштөн кийин Кемин районундагы Боом капчыгайынын кире беришиндеги 1916-жылы Үркүндө шейит кеткендерге арналып тургузулган айкелдин жанында куран окутушту.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG