Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

ВИЧтен жабыркагандар жарылды


Оштогу нааразылык акциясынан бир көрүнүш, 14-ноябрь, 2011-жыл

Оштогу нааразылык акциясынан бир көрүнүш, 14-ноябрь, 2011-жыл

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ВИЧ инфекциясына кабылган ымыркайлар жана алардын энелеринин талаптарына арналды.

Талкууга наристеси ВИЧ инфекциясына кабылган бир эне, Кыргызстандын Калкты социалдык коргоо министринин орун басары Гүлнара Дербишева, Республикалык СПИД борборунун жетекчи орун басары Айгүл Исмаилова катышты. Наристеси инфекцияга кабылган энени биз белгилүү себептерден улам Аида деп атадык.





“Азаттык”: Мындан төрт жыл мурда 2007-жылдын жай айларында Ош облусунда 41 ымыркай, 10 киши ВИЧ инфекциясына кабылган. Бул жагдайлар дарыгерлердин шалаакылыгы, бир жолу гана колдонулушу керек болгон ийнелердин бирден көп жолу колдонулушу менен түшүндүрүлгөн.

Андан кийин да ымыркайларга, өспүрүм балдарга ВИЧ инфекциясы жуккан учурлар көбөйүп, азыр алардын саны республика боюнча 283кө жетти.

Аида, сиздер кечээ Ошто нааразылык акциясына чыктыңыздар. Бүгүн Бишкекке келдиңиздер. Буга эмне түрткү болду? Кандай талаптарды коюп жатасыздар?
Айылда бизге дискриминация болгон, айыл өкмөттөр каттоодон чыгарып койду, туугандар менен катташпай калдык, өзүнүн атасы канынан жаралган баласын таштап кетти.

Аида: Биздин негизги талаптарыбыз - биздин балдарыбызга ВИЧ инфекциясын жуктурган дарыгерлер жазасын алсын. Экинчиси, сот процесстери алдыга жылсын. Үчүнчүдөн, ооруканаларда жугузуу токтосун, дарыгерлер акча алганды токтотсун. Дарыгерлердин айлыгы аябай көтөрүлдү, бирок айылдагылар акча алып жатышат, аны көзүбүз менен көрүп атабыз.

Төртүнчүдөн, балдарыбызга 3 миң сом гана жөлөк пул берилет, ал жетпейт, ошондуктан жөлөк пулду көтөрүп берсин. Бешинчи, биздин балдарыбызга ВИЧ инфекциясын жуктурганы үчүн өкмөт моралдык жана материалдык компенсация катарында Ош шаарында түшүп жаткан батирлерден бирден жана миллион сомдон акча берсин. Июнь коогалаңы менен 7-апрелдеги жабыркагандарга өкмөт ошондой кылып каржылап койду.

“Азаттык”: Аида айым, соттоо учурунда дарыгерлер өз жазасын албай калды деп айтып жатасыз. Буга кандай негиздер бар?

Аида: Сот болду, бирок аз эле адам соттолду. Быйыл Инфо борборунун “Кайрат” клиникасында 11 адамга гана 50 миң сомдон моралдык-материалдык компенсация өндүрүлүп берилди. Башка адамдардын соту болгон жок.

Мен 2009-жылы жазгам, бирок сот боло элек, чакыра элек. Дарыгерлер өз жазасын албай калды. Соттун өкүмү боюнча ошол дарыгерлер 2012-жылга чейин иштебеш керек эле, алардын баары иштеп жатышат. Биздин нааразылыгыбыз ушундан чыкты.

“Азаттык”: Балдары ВИЧ инфекциясына чалдыккан ата-энелердин эң негизги талаптарынын бири - аларга жөлөк пул катары миллион сом берүү жана батир менен камсыз кылуу болуп жатат. Калкты социалдык жактан коргоо министринин орун басары катары Гүлнара айым сизге кайрылайын, бул талаптарды аткарууга мүмкүнчүлүк барбы?

Гүлнара Дербишева: Биринчиден, жалпы энелерден кечирим сурагым келет. Анткени 2009-жылы мен депутат болгон мезгилде бул энелер расмий түрдө кайрылган. Бирок булар сураган нерсенин бирин да аткара албай калдык.
Эгерде эне өз каалоосу менен балдар үйүнө берем десе, биз ал баланы толук мамлекеттик тейлөөгө алышыбыз керек.

Биздин социалдык коргоо системада мүмкүнчүлүгү чектелген 23 миң баланын ичинен ВИЧке кабылган балдар да жардам алат. ВИЧ/СПИД менен ооруган балдардын жалпы саны 146, ал эми ВИЧ менен ооруган энеден төрөлгөн балдардын саны 51. Негизи балдардын саны 270. 201 бала болгону 3 миң сом жөлөк пул алат, бул 70 гана пайызы.

“Азаттык”: Аида айым, 3 миң сом жөлөк пул алат экенсиздер. Бул канчага жетет, дары-дармекке, жашоого жетеби? Мисалы, балаңызды караган өзүңүз эле экенсиз.

Аида: Бизге 3 миң сом жетпейт. Бир айда жөнөкөй балдар 1-2 жолу грипп болсо, биздин балдар он жолу грипп болуп оорушат. Жакшы тамактандырышыбыз керек, жылуу кийимдер керек, эт жеп туруш керек. Балдар күнүгө уудай болгон дарыларды ичишет.

“Азаттык”: Жетпесе кайсы жактан каражат таап жатасыздар?

Аида: Бир туугандар карап атат. Энелердин баары эле иштебей отурушат. Эч жакка бара албайбыз, балдарга эртең менен, кечинде дары ичиребиз. Андан башка балдарыбыз бар, аларды да карашыбыз керек.

“Азаттык”: Гүлнара айым, так талаптар болуп атат, батир жана миллион сом деп атышат. Азыркы шартта мамлекет эмне кыла алат?

Гүлнара Дербишева: 3 миң сом эч нерсеге жетпейт. Булардын койгон талабы туура. Анткени мындай баланы карап, медициналык тейлөө, андан тышкары тамак-ашын берүү аябай кыйын. Ошондуктан жөлөк пулду 10 миң сомго чейин көтөрсө болот. 201 балага эсеп-кысапты жасап атабыз, кескин түрдө бул маселени карайбыз.

“Азаттык”: Айгүл айым, ушул жылы канча бала, эмне себептен ВИЧ инфекциясына кабылды?

Айгүл Исмаилова: Бүгүнкү күндө 283 адам бул ооруга кабылды, анын 83ү энеден балага жуккан. Тилекке каршы 2007-жылы ооруканалардан жуккан учур катталды. Бүгүнкү күнгө чейин ооруканага түшкөн балдардын баарын атайын ВИЧ инфекциясына тестирлеп келебиз. Быйылкы жылы 33 бала катталган, анын 22си ооруканадан жуккан деп атабыз. Булардын баары 2007-жылга байланыштуу.

“Азаттык”: Кечээ митингге чыкканда энелер айтышты, дале болсо шалаакылык кетип жатат, мисалы дарыгерлер жашыруун маалымат деген нерсени ойлобой эле, менен ооруган адам келатат деп кайдыгер мамиле жасайт дешти. Дарыгерлердин мамилесине кандай көз караштасыз?

Аида: Дарыгерлердин мамилесине биз аябай нааразыбыз. Биз ооруканага барып статусту айтсак, "силер туруп тургула, ВИЧ балдар келатат" дешет. Текшерүү учурунда бирден эмес, экиден кол кап кийишет. Өздөрү дискриминация кылышат. Андай кылбаш керек да.

“Азаттык”: Бул жерде мыйзам алдындагы жоопкерчилик жөнүндө сөз болуп атат. Мен моралдык жоопкерчилик жөнүндө да айтат элем. Анткени цивилизациялык өлкөлөрдө Оштогудай окуялар болсо министр, же саламаттык сактоо үчүн жооп бергендер, облус жетекчилери болобу дароо кызматтан кетишмек. Бизде болсо ушул жоопкерчиликти тилекке каршы катардагы догдурларга эле жүктөп салышты.

Айгүл Исмаилова: Бул жерде жетекчилер да жаза алган учурлар бар. Мисалы, облустук оорукананын башкы дарыгери, бөлүм башчылары, Санэпид көзөмөлдүн башчысы, облустук СПИД борборунун жетекчиси иштен алынган.

“Азаттык”: Азыр бул окуя кайталанбашына ким кепилдик берет, абал кантип көзөмөлдөнүп жатат?

Айгүл Исмаилова: Бүгүнкү күндө бардык ооруканаларда атайын жугуштуу ооруларга көзөмөл жүргүзгөн комиссия бар. Бирок бул комиссиянын жумушу солгун болууда. Жыл сайын 2-3 жолу саламаттык сактоо мекемесинде атайын коллегия каралат. Азыр документтер даярдалды, ноябрдын 20да региондорго комиссия чыгып, ушул маселе каралат.
Бир айда жөнөкөй балдар 1-2 жолу грипп болсо, биздин балдар он жолу грипп болуп оорушат.

“Азаттык”: Ата-энелер бизге берилген бекер дарылар 10-15 сомдук эле дарылар, бирок негизги, керектүү дарылар абдан кымбат деп айтышты. Бирок ошол эле учурда СПИД борбору чоң дарыларды берип жатабыз деп айтышат. Сиз кандай дейсиз?

Айгүл Исмаилова: ВИЧ инфекциясына каршы дарылар антиретровирустук препараттар деп айтылат, аны биз эл аралык уюмдардын эсебинен алып жатабыз. Биз акырындык менен бюджетке киргизгенге аракет кылып жатабыз. Себеби эгерде эл аралык уюмдар жумушун токтотуп кетип калса, биз эч нерсеси жок калып калабыз. Бул аябай кымбат дарылар, ал балдарга эле эмес, бардыгына бекер берилет.

“Азаттык”: Аида айым, чындап эле бекер дары аласыздарбы, бул жетеби?

Аида: Бул дарыларды бекер берет. Бирок кошумча оорулар менен ооруп калганда арзан дарыларды берет да, кымбаттарын өзүбүз сатып алабыз. Дарыгерлер жөлөк пул аласыңар, ошого сатып алгыла дешет. Кээ биркилердин мүмкүнчүлүгү жок болуп калат ошол мезгилде.

“Азаттык”: Ымыркайы ВИЧ илдетине чалдыккан айым "мен баламды кайсы жерге алып барарымды билбей жатам, балдар үйлөрүнө алып барсам албайт" деп айтып жатат. Кантип чара көрсөк болот?

Гүлнара Дербишева: Бизде балдар үйлөрү боюнча атайын типтүү жобо бар. Ошол жерде ВИЧ илдетине чалдыккан балдар алынбайт деп туура эмес жазылып калыптыр. Биз өзгөртүү киргизишибиз керек. Анткени көп энелер ушундай балдарды тарбиялап өстүрүүдөн кыйналганынан интернатка тапшырайын деген ою бар экен. Биз мындай энелерди колдошубуз керек. Эгерде эне өз каалоосу менен балдар үйүнө берем десе, биз ал баланы толук мамлекеттик тейлөөгө алышыбыз керек.

“Азаттык”: Жардам берүү боюнча жаңы долбоор даярдалып жатат деп атышат. Бул кандай долбоор?

Гүлнара Дербишева: Бул долбоор Дастан Бекешовдун демилгеси менен көтөрүлүп атат. Депутат бир нече жолу биз менен жыйын өткөрдү. Биринчиден, мамлекет буларга моралдык компенсация төлөп бериш керек, андан тышкары жөлөк пулдун көлөмүн көтөрүп бериш керек деди, биз колдодук.
Бүгүнкү күнгө чейин ооруканага түшкөн балдардын баарын атайын ВИЧ инфекциясына тестирлеп келебиз.

Айгүл Исмаилова: Бул балдар чоңойуп атат, алар балдар бакчасына, андан кийин мектепке барыш керек. Стигма, дискриминация көбүрөк болгондуктан Билим берүү министрлиги менен бизде жумуштар жүргүзүлүп жатат. Азыр мугалимдерди окутуп жатышат. Бирок жыйынтыгы бара-бара болбосо, баары дароо эле болуп кетпейт экен.

“Азаттык”: Ош шаарында ымыркайлары ВИЧ инфекциясына кабылган ата-энелер беткапчан чыгышты. Сиздерди басмырлайт, кодулайт деп корктуңуздарбы?

Аида: Бизге аябай кыйын. Биз көчөдө жүрө албайбыз. Кечээ облустук оорукананын дарыгери "жүзүңөрдү ачкыла, мен сени тааныйм" дейт. Бетибизди ачсак кошуналарыбыз балдарыбызды ойнотпой койот, элге кошула албай калабыз. Айылда бизге дискриминация болгон, айыл өкмөттөр каттоодон чыгарып койду, туугандар менен катташпай калдык, өзүнүн атасы канынан жаралган баласын таштап кетти, "СПИД болгон балаңды жогот, намыстанам" деп. Биз 5-6 балабыз менен көчөдө калдык. Ажырашкандар 30дан ашып кетти.

“Азаттык”: ВИЧ/СПИД илдети соңку жылдары Орто Азияда да жайылып баратканы айтылып келет. Маселен, Республикалык СПИД борборуна миңдеген каражаттар бөлүнөөрү айтылып келет. Балдарды бир нормалдуу коомдун бир мүчөсү катары, кайтарып келүүгө каражат барбы?

Айгүл Исмаилова: 2005-жылдан баштап Глобалдык фонддун каражатынын негизинде көптөгөн жумуштар жасалып жатат. Дары-дармектерди баарын алардын эсебинен алынып атат. Стигма, дискриминация боюнча семинардык окутуулар, буклет, каражаттардын баары ушул фонддун эсебинен таратылат.

“Азаттык”: Эми балдардын тагдыры кандай болот?

Гүлнара Дербишева: Биринчиден, жөлөк пулдун жалпы көлөмүн көбөйткөнгө аракет кылабыз. Экинчиден, энелер балдарын балдар үйлөрүнө беребиз дешсе, сөзсүз түрдө жобобузду өзгөртүп, ал балдарды алабыз.

Айгүл Исмаилова: Балдарды бекер түрдө дарылоого Саламаттык сактоо министрлигине сунуш киргизебиз. Андан сырткары эл аралык уюмдардан келген каражаттардын баарын ушул жакка багыттаганга аракет кылабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG