Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Соңку учурларда кырсыкка учураган же бирөөнү көз көрүнөө кодулап же уруп жаткан окуяны көрмөксөн, укмаксан болгон кайдыгерлик көрүнүшү коом ичинде кеңири орун алганы айтыла баштады. Кайдыгерлик каякка алып барат?

"Арай көз чарай" талкуусуна коомдук ишмер, профессор Тилектеш Ишемкулов, акын, драматург, коомдук ишмер Жеңишгүл Өзүбекова жана билим берүү жаатында адис Асылбек Жооданбеков катышты.

“Азаттык”: Бизге окурмандан кат келиптир, Ош – Бишкек жана Бишкек – Торугарт жолунда ала салган автоунаалардын жарадар жүргүнчүлөрүнө арттагы машинелер токтоп, жардам бербей койгон.

Өткөн жылы ушундай көрүнүштүн айынан жабыркагандар бири-бирин сүйрөшүп, бирөө каза тапканы эсибизде.

Негизи кайдыгерлик кеңири түшүнүк, ошол эле бийликтегилердин өлкөнүн өнүгүүсүнө кайдыгер көз карашы, мугалимдин, доктурлардын кайдыгерлиги, адамдардын үй-бүлө куруудагы, ата-эненин балага тарбия берүүдөгү кайдыгерлиги жана башка. Соңку учурда кайдыгер мамиле күч алды дегенге кошуласызбы?

Жеңишгүл Өзүбекова: Кайдыгерликтин каршысында турган сөздү кыраакылык дейбизби, активдүүлүк же жигердүүлүк дейбизби, саясий айдыңда кайдыгерлик жок. Азыр ар бир кыргыз активдүү. Аны да бөлүп карашыбыз керек.

Кыргыз элимде кайдыгерлик кайсы тарапта көп болуп турат, кайсы жерде үстөмдүк кылып атат? Менин түшүнүгүмдө кайдыгерлик менен улуттук баалуулуктарды жоготуп жатабыз. Каада-салттарыбыз, не бир кылымды карытып келаткан асыл адаттарыбыз, энелердин, аталардын сонун акыл-насааттары артта калып эле, кайсы элге, кайсы улутка окшошуп баратканыбызды билбейм.

Жакында өлүк узатуу зыйнатында болуп калдым. Ал жерде узун көйнөк кийген, селде чалынган, чокчо сакал жигит кечке чейин дарс окуду. Ал "эмнеге боз үй тиктиңер, өлүктү эмнеге боз үйдүн тияк-биягына койом деп талашып жатасыңар, салт деген жок" деп айтып атат. Ушул жерде жалпы элдин унчукпай, дымырап туруп бергени салтка, адаттарга болгон кайдыгерлиги.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Тилектеш Ишемкулов: Ушул теманы алып чыкканыңар абдан туура болду. Бизде көйгөйлөр абдан арбын, мындан башкасы да бар. Азыр биз үчүн өтө орчундуу болуп турган жагдай – бул элибизге кайдыгерлик сезиминин улам тереңдеп, сүңгүп кирип баратканы болуп атат.

Кыргыздар адеп топ болуп, андан кийин жыйын, улут, эл болуп жаралганга чейин миңдеген жылдар бою өзүнүн өтүмдүүлүгү, катымдуулугу, кайрымдуулугу, сабырдуулугу менен айырмаланып келген. Бул сезимдер биздин энчибизге Кудай, тагдыр тарабынан берилген бирден бир байлык, дөөлөт болуп эсептелет. Тилекке каршы азыр кайдыгерликтин уялап баратканы баарынын жүрөгүн оорутпай койбойт.

Совет маалында калыптанган ырыс-дөөлөттөр, руханий баалуулуктардын бардыгы жоголуп баратканы буга себеп болууда. Азыр бизде мамлекеттик, улуттук идеология деген калыптана элек, бардыгы чар жайыт, талаш-тартыш.

Жогорку Кеңеш, өкмөт да, жада калса президенттин аппараты да бул багытта көзгө көрүнөрлүк, оозго алынарлык ишти алып барбай жатат. Ар ким өз арабасын тартып, мен өзүм жашап калайын, башканын кереги жок деген мамиле болуп атат.

Асылбек Жооданбеков: 90-жылдардан кийин, акыркы жыйырма жылда доор алмашкан мезгилде баалуулуктар да өзгөрүп, кыргыз эли өзү алапайын таппай, кыйын абалда калды.

Акыркы 5-10 жылда элдин саясий жигердүүлүгү абдан өстү, бул жакшы көрүнүш. Социалдык, башка тармактарда жаштардын кайдыгер эмес жигердүү позициясы байкалып жатат. Ар бирибиз өзүбүздүн турмушубузду, коомдук мамилени жакшыртпасак болбойт дегендей активдүү адамдар пайда болду.

Ал эми кайдыгерликтин артып бараткан себеби – бул адамдын жеке инсандык маселесине байланыштуу нерсе. Мисалы, өзүн өзү, алапайын таппай жаткан адам башка бир нерсеге, башка бир маселеге киришүү, жигердүү позициясын билдирүүгө дарамети жетпей калып жатат. Бара-бара кайдыгерлик дегендин туткунунан арылабыз деп ойлойм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG