Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Боронов: Өлсөм доом жок, көчпөйм дегендер бар


Кубатбек Боронов (оңдон экинчи) Сузактын көчкү жүргөн Кыржол айылында. 24-май, 2015-жыл
Кубатбек Боронов (оңдон экинчи) Сузактын көчкү жүргөн Кыржол айылында. 24-май, 2015-жыл

Быйыл Кыргызстанда жаз жаан-чачындуу болду. Буга байланыштуу өлкө аймагында жер көчкү коркунучтары күчөп, Сузак районундагы көчкүдөн адам өмүрлөрү кыйылды.

Өлкөдө жер көчкү жүрүшү мүмкүн, кооптуу делген канча аймак бар? Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кепке тарттык.

"Азаттык": Кубатбек мырза, Сузактын Кыржол айылындагы жагдай боюнча акыркы маалыматтарды айта кетсеңиз?

Кубатбек Боронов: Жер көчкүдөн алты адам набыт болгон, бешөө ооруканада. Ал жерде 22 адам жашаган экен, бир тобу көчкүнүн алдында агып келген ылай сууну көрүп, коопсуз жайга качып үлгүрүшкөн. Туйбай же кечигип калгандар кырсыктап атат. 5 үй жабыркаган, анын төртөө толук көчкү алдында калды. Андагы мүлктү, же курулуш материалдарын кайрадан пайдаланыш үчүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.

"Азаттык": Кыргызстанда ушул сыяктуу жер көчкү жүрүшү мүмкүн делген кооптуу канча аймак-айыл бар?

Кубатбек Боронов: Кыргызстан боюнча жер көчкү коркунучундагы 2 миңден ашык аймак бар. Ал эми Сузак районунда 111 ушундай аймак бар.

"Азаттык": Абдан көп экен. Аларга башка, коопсуз жакка көчкүлө деп эскертүү берип атасыздарбы?

Кубатбек Боронов: Бүт маалымат каражаттары аркылуу маалыматтарды болушунча берип атабыз. Сузактагы кырсык болгон айылдын үстүнөн 1994-жылы эле жер көчкү болгон экен. Ошондон баштап үйлөрдү көчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүптүр. 1997-жылга чейин ошол айылдагы кээ бир адамдар 24 миң сомдон акча алганбыз деп атышат. Ал убакта Жалал-Абадда үч бөлмөлүү батир 17 миң сом турчу. Ошол өрөөндө, Чаңгет суусуна жакын 70 үй-бүлөнү көчүрүш керек деген чечим бар экен.​

"Азаттык": Бирок, көчүп чыгышкан эмеспи?

Кубатбек Боронов: Ооба, ошол жердегилер акча алганбыз, бирок көчкөн эмеспиз деп айтып атышат. Кээ бирлери башка жактан жер маселеси чечилген эмес дешсе, айрымдары ата-бабабыз ушул жерде жашаган, биз да эч кайда кетпейбиз деп көчкөн эмеспиз дешти.

"Азаттык": Балким бул түшүндүрүү иштеринин жетишсиздигинен болуп жаткандыр?

Кубатбек Боронов: Менимче андай эмес. Анткени бизде түшүндүрүү үчүн мисалдар толтура. Көчкү салаңдап, өтө коркунучтуу жерде жашап аткандарга барып, араңдан зорго макулдаткан учурлар бар. Көгөрүп, “өлсөм эч кимге доом жок, көчпөйм” деп кагаз жазып бергендер да болот кээде. Эми аларды да түшүнсө болот. Мисалы, тоодо мал менен жан багышат да. Анан аларга түздөн жер берилгенде турак жайына жери чечилет да, жайыт маселеси чечилбей калат. Ушундай маселелер көп.

"Азаттык": А бирок, кээ бир адамдарга ошол турак жайына жер бөлүнбөй калган да учурлар бар экен. Сиздин министрлик ведомстволор аралык келишим түзүп, ошол адамдардын жер алып калышына кандайдыр көмөк көрсөтө аласыздарбы?

Кубатбек Боронов: Жарандык коргонуу системасына ылайык, бизде мекемелер аралык комиссия иштейт. Алардын отурумдары болуп турат. Жыл сайын бул маселени өкмөттүн деңгээлинде көтөрүп келебиз. Жакында эле өкмөттүн жыйналышында эң көйгөлүү маселе катары ушуну айттым. Анан дагы жер тилкелери менчикке өтүп кеткенине байланыштуу айыл өкмөт башчыларынын да башы катууда. Мисалы, кечээ Сузактагы көчкүдө калган үйлөрдүн ордуна башка жерден жер таба албай айыл өкмөттүн башы ооруп атат.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат!

XS
SM
MD
LG