Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Учкунду шайлоодо гана эстешет


Кара-Суу районунун Учкун айылынын тургундарынын жарымынан көбү шарттын начардыгынан башка жакка көчүп кетишти.

Кыштакта медициналык пункт, маданий клуб, мектеп, атүгүл таза суу да жок. Жолдун начардыгынан ары-берип каттам да үзүлүп калат. Талаанын баарын сел басып калып, бул жерде мал чарбачылыгынан башка киреше булагы калган эмес.

Район борборунан 60 чакырымдай алыстыкта жайгашкан менен Учкун айылында тиричиликтин белгилери суз көрүнөт.

Айыл көчөлөрүн араласаң бөкчөңдөп баскан кары-картаңдар жана мотурайган балдар гана ары бери чуркап жүргөн болот. Учкундун тургуну Абдыкалил Акматов:

- Бул жерде бүт эле аксакалдар калдык. Мен 56 жаштамын. Калган жаштардын баары Орусияга, Казакстанга кетип калышкан. Кылаарга жумуш жок, айла калбады. Менин үйүмдөн да 3 балам Орусияда. Ошолор акча салса, азык-түлүк алабыз, анан кийинки акча салаарын күтүп эле жатабыз. Малды сатып, бир аз тыйын кылабыз.


Кыштакта мурда 50 түтүн болсо, азыр алардын 20га жетпегени гана калган. Турмуштун оордугунан баары көчүп кетишиптир. “Айылга келчү жол деле жарытпайт” деп кошумчалайт Акматов:

- Райондун борборун кой, Жаңы-Арык айыл округубуздун борборуна барыш кыйын. 500 сомуң болбосо үйдөн эле отура бергениң оң. Жол болсо начар. Жамгыр жааган күнү машиненин тыгылганы тыгылган. Бир апта жамгыр жааса, бир апта эч жакка чыкпай жата беребиз. Кышында болсо каттам такыр эле болбой калат. Азык-түлүк алып келип алып, камалып жата беребиз. Ал түгөнүп калса өлдүң дей бер.

Учкун айылындагылар маданий жай, медициналык пункт жана таза суу дегендерден кабары жок.

8 окуучусу бар башталгыч класстын мектебин кошпогондо, айылдык окуучулар туш тараптан билим алышат. Бири жакынкы айылдарга жөө каттаса, экинчиси райондун башка жактарына туугандарыныкына кетишкен.

7-класстын окуучусу Арзымат да коңшу кыштактагы мектепте барат:

- Биз Беш-Абышка деген айылга мектепке барабыз. Кээде гана эшекчен барып калбасак, болбосо 5 км жерди жөө басабыз. Айылдагы балдар баарыбыз чогулуп алып жөнөйбүз. Айрыкча кышында өтө кыйналабыз. Катуу суук болгондо такыр эле барбай койобуз. Ошентип кээде 10-15 күн деле сабактан калып кетебиз.

Кокустан мында бирөө жарым ооруп калса, анда бул айылдын башкы көйгөйүнө айланат да калат. Айыл тургуну Өлбөс Курбанова:

- Бизде медициналык пункт жок. Бала-чаканын башы, көзү, же ичи ооруп калса бирөө жарымга жалдырап атып облустун борборуна барабыз. Ага жеткенче 3-4 саат өтүп кетет. Эгер келин-кесек төрөп калса, анда иш оор. Мына мени, адис эмес кишини чакырышат, анан бир нерсе кылып атып төрөтөбүз. Мен эле 2 келинди төрөттүм. Өзүм деле 7 балалуу болсом, ошонун бешөөсүн айылдан эч жакка баралбай эле төрөдүм.

“Бозоруп жаткан талаанын ортосунда жайгашкан Учкунда дыйканчылык да такыр болбойт” деп кейийт дагы бир айыл тургуну Төлөн Жусупов:

- Айылдын шарты чынында кыйын. Дыйканчылык кылайын десең жердин баары кайракы. Эч нерсе эге албайбыз. Ар бир жанган суусу жок жерден 52 сотиктен тийген менен азыр анын баары иштелбей жатат. Канча жерди сел басып калып, жараксыз кылып койгон. Эксең өзүнүн чыгашасын деле актабайт. Чөптү да убагында оруп калбасак куурап кетет. Короонун ичинде да жашылча-жемиш өстүрө албайбыз. Ушул суудан башкасынын баарын сатып алабыз. Же суу таза болуп берсечи...

Бул жердегилердин айтымында, аткаминерлер шайлоодо эле келип, айылдан добуш сурап кетишпесе, башка мезгилде эстерине да келбейт. Ошентсе да мында эч ким калбай, бардыгы көчүп кеткиче жок дегенде бир чиновник келип абал сурап калабы деген учкундуктардын үмүттөрү өчө элек.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG