Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

Кыргызстанда жакырчылык боюнча расмий эсеп бар, бирок орто таптын бары-жогу, болсо калктын канча бөлүгүн түзөрү белгисиз.

Улуттук статкомитет жакырчылык боюнча эң акыркы иликтөөсүн өлкө глобалдык экономикадагы кризистин эпкинин сезген 2009-жылы жүргүзгөн.

Анын алдында 2008-жылы Улуттук дүң өндүрүштүн расмий көлөмү эгемендиктин тарыхындагы эң жогорку чекке чыккан эле. Ошол соңку иликтөө Кыргызстан калкынын 32 пайызга жакынын же 1 миллион 800 миңдей кишини жакыр деп саноого болорун көрсөтүптүр. Ал эми калган бөлүгүнүн канчасы бай же орто катмар - бул боюнча расмий эсеп жок.

2009-жылкы эсеп боюнча өлкөдөгү ар бир үчүнчү адам айлык керектөөсүнө караганда жакырлардын катарына кирген.

Улуттук статистика комитетинин иргеп-изилдөө бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб андагы иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

- Кыргызстанда ортоңку тап деген түшүнүк жок. Айлык керектөөсү боюнча биз кедей жана кедей эместер деп бөлөбүз. Буга ылайык, Кыргызстандагы жакырчылык деңгээли 31,7 пайызды түзөт. Булардын айлык керектөөсү адам башына 1618 сомду түзөт.

Башкача айтканда, үйдөгү ар бир адам айына ушунча сом сарптаса анда жакыр деп эсептелет. Мунун ичинен эң жакыр делгендери 3,1%. Бул киши башына болгон керектөөсү 986 сомдон ашпаган катмар.


Жакырчылыктын деңгээли акыркы ирет расмий иликтенген 2009-жылдан бери Кыргызстан да эксперттер дүйнөдө жакырлардын санын көбөйткөн фактор катары баалашкан – азык-түлүк баасынын кымбаттоо жараянын, буга кошумча экономикадагы төмөндөөнү, чек аралар жабылганына байланыштуу коңшулар менен соода-сатыктын басаңдашын баштан өткөрдү.

“Орто тап көпчүлүктү түзбөйт”

Кымбатчылыктан улам Улуттук статкомитеттин соңку аныктамасына караганда, быйылкы жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгында бир адамдын минималдуу керектөө бюджети 4411 сомго чыкса, ал эми айлык акынын орточо көлөмү 7 миң 350 сом болду. Андыктан жаңы эсептерде мына ушул көрсөткүчтөр эске алынышы керек.
Ортоңку катмарды өстүрүү жеңил нерсе эмес, адатта бул бир нече муундун талыкпас эмгегин талап кылат.

Эгер эки жыл мурдагы акыркы иликтөө элдин 32%га жакыны жакыр экенин көрсөтсө, калган 68 пайызынын канчасы орто катмар же бай, бул боюнча расмий эсеп жок. Маселен Орусияда өлкөнүн 2020-жылга карата эсептелген өнүгүү стратегиясында орто катмарга айлык кирешеси минималдуу керектөө бюджетинин алты көлөмүн түзгөндөрдү кошууга болору айтылган.

Стратегиялык изилдөөлөр боюнча жакында түзүлгөн улуттук институттун директор орун басары, экономика илим доктору Назик Бейшеналынын айтымында, атайын иликтөөлөр жүрбөгөндөн кийин орто таптын реалдуу санын аныктоо мүмкүн эмес, ал эми тышкы байкоолордун негизинде орто таптын классикалык үлгүсү жок деп тыянак чыгарууга болот:

-Кыргызстанда, биринчиден, мындай изилдөө жок. Экинчиден, кирешелердин деңгээли ортоңку тап деген түшүнүктүн жакырлар категориясы менен алмашып кеткенин көрсөтүүдө. Андыктан кандай аныктаманы алган күндө деле Кыргызстанда орто тап бар деп айтыш кыйын.

Менин жеке пикиримде, бизде азырынча нукура орто тап жок. Орто таптын өкүлдөрү бар, бирок көпчүлүктү түзбөйт.

Бизде байлар менен жакырлар ортосундагы ажырым чоң. Орто тап массаны түзгөнү үчүн орто тап. Башкача айтканда булар керектөөчүлөрдүн, салык төлөөчүлөрдүн, жумушчу күчүнүн негизги бөлүгү.


Адатта өнүккөн өлкөлөрдө окумуштуулар орто тапты аныктоодо бир нече критерийди колдонушат. Биринчиси - адамдын кирешеси, экинчиси - анын социалдык макамы, билим деңгээли, кесибинин маанилүүлүгү, үчүнчүсү - адам өзүн кайсы топко кошору. Бирок бул критерийлер дайыма эле бири-бирине шайкеш келе бербейт. Атүгүл алар бири экинчисине каршы чыгуусу да мүмкүн.

Мисалы тигил же бул адамдын кирешеси абдан жогору, бирок ал
дүйнө-мүлкүн таза эмес, булганыч жолдор менен тапкан. Кайсыл бир баалуулуктар урматталган коомдо ал керек болгон социалдык макамга талаптана албайт. Мисалы дарыгерлер менен мугалимдер маанилүү кесип ээлери. Бирок айлык акысынын көбөйтүлгөндөн кийин деле аздыгынан улам алар киреше критерийин алганда өзүн орто тапка кошо албай калат.

Көмүскө киреше үстөмдүгү

Бишкек ишкер клубунун мүчөсү, экономист Бакай Жунушов Кыргызстандын шартында кимдер өзүн орто тапка кошо аларына мындайча мүнөздөмө берди:

- Ортоңку тап деп кимди эсептесе болот? Мисалы эки же үч баласы бар үй-бүлө. Ал балдар жакшыраак мектепте же университетте окуйт. Ал үй-бүлө жеке менчик турак-жайында жашайт, унаага ээ. Ал үй-бүлө жок дегенде жылына бир жолу четте же өлкө ичинде туристтик сапарда болуп келет. Ортоңку тапта мына ушундай мүмкүнчүлүктөр болуш керек.

Бизде орто тап бар, бирок алардын ичинен көбү Бишкекте жашайт. Көбү жеке сектордо, бизнесте иштегендер. Мисалы ортоңку катмардагы мамлекеттик кызматчыларды биз, тилекке каршы, ортоңку тапка киргизе албайбыз.


Адатта унаа да орто катмар өкүлүнүн бир атрибуту катары саналат. Бишкектин автобазарында соңку жылдары сатыкка коюлган кымбат баалуу унаалардын саны мурдагыдан көбөйдү.

Бирок экономист Бакай Жунушовдун баамында, баасы 10 миң доллардан ашкан унааны сатып алууга калктын 2-3%нын эле кудурети жетиши мүмкүн.

Ал “Азаттыкка” курган маегинде кошумчалагандай, Кыргызстанда орто тап деп эсептөөгө боло турган аз катмардын ичинен көмүскө экономиканын эсебинен жашагандар басымдуулук кылат:

- Тилекке каршы биздин өлкөдө ошондой үй-бүлөлөр көпчүлүктү (орто тап делгендердин) түзүп калат. Мисалы өзүм тааныгандарды деле алсам, көпчүлүгү айлык акыга жашабайт. Кирешесинин кошумча булактары бар. Аларды расмий түрдө орто тапка киргизе албайбыз. Анткени расмий айлык акысы, кирешеси абдан эле төмөн. Бирок иш жүзүндө орто тапка киришет. Анткени көпчүлүгүнүн мүлкү бар, жеке бизнеси бар. Белгилүү бир деңгээлдеги чыгашаны көтөрө алышат.

Дүйнөдөгү орто тап

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюму былтыр жыл башында даярдаган баяндамада дүйнөдө ортоңку тап катары 1,8 миллиард адамды эсептөөгө болору айтылган. Алардын ичинен 664 миллиону Европанын, 525 миллиону Азиянын, 338 миллиону Түндүк Американын тургундары. Ал эми жеке өлкөлөрдү алганда алдыңкы орунда АКШ турат.

Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюмунун эсебинде, саны 300 миллиондон ашкан америкалыктардын 230 миллиону ортоңку катмарга кирет. Өлкөлөрдү жеке алганда экинчи орунда Кытай. 2009-жылдын жыйынтыгы менен кытай калкынын 157 миллиону орто катмар деп саналган. Бирок бул көрсөткүч калктын 12 пайызын эле түзөт.

Дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүндөгү ортоңку тап боюнча Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму даярдаган баяндаманын автору, Вашингтондогу Брукингс институтунун улук иликтөөчүсү Хоми Харастын (Homi Kharas) “Азаттыкка” айтканына караганда, ортоңку таптын катмары акыркы жылдары өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эсебинен калыңдоодо:

- Ооба, глобалдык ортоңку тап азыр негизинен дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан ири өлкөлөрүндө пайда болууда. Атап айтканда, Кытайда, Индияда, ошондой эле Таиланд, Малазия, Индонезияда, Кореяда, айтор Азиянын ыкчам өнүгүп жаткан өлкөлөрүндө жаралууда. Албетте Казакстан жана Орусия сындуу өлкөлөрдө да бар. Бирок маселен Казакстандын көрсөткүчү глобалдык цифраларга анчалык деле таасир бербейт, бирок аймак үчүн маанилүү.

Хоми Харас өз баяндамасында болжолдогондой, 2020-жылга карата дүйнө калкынын ортоңку катмарынын саны 3 миллиард 200 миллионго жетиши мүмкүн. Эгер азыр Азиянын дүйнөлүк ортоңку таптагы үлүшү бир чейректен бир аз ашуун эле болсо, 2020-жылга карата бул азыркыдан эки эсе өсүшү ыктымал.

Хоми Харас кошумчалагандай, тигил же бул өлкөдө орто таптын калыптанышы үчүн экономикадагы жалпы өсүш эле эмес, ошол өсүштөн жаралган улуттук байлык кандай бөлүштүрүлүп жатканы да маанилүү:

- Улуттук дүң өндүрүштүн жан башына бөлүнүшү ортоңку тапты аныктоодогу маанилүү көрсөткүч. Бирок андан да маанилүүсү кирешенин бөлүнүшү. Улуттук кирешеден үй-бүлөлөргө көбүрөөк үлүш тийген өлкөлөрдө орто таптын катмары чоңураак.

Орто тап туруктуулуктун кепили

Кыргызстандын Улуттук дүң өндүрүшүнүн расмий көлөмү акыркы жылдары 5 миллиард доллардан аша албай келүүдө. Бул калктын жан башына бөлгөндө 1000 доллардан жетпейт дегенди туюндурат. Бирок Кыргызстанда көмүскө экономикада бар. Анын көрсөткүчүн айрым эксперттер 40%га чейин деп баалап жүрүшөт.

Вашингтондогу Брукингс институтунун улук иликтөөчүсү Хоми Харастын пикиринде, орто катмардын саны көбөйүшү үчүн Кыргызстанга туура стратегия менен коштолгон экономикалык өсүш керек:

- Менимче Кыргызстан сыяктуу чакан өлкө үчүн маанилүү нерселердин бири - экономикалык өсүшкө көңүл буруу. Ортоңку катмарды өстүрүү жеңил нерсе эмес, адатта бул бир нече муундун талыкпас эмгегин талап кылат.

Менимче, Кыргызстан үчүн өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр көп эле, буга айыл чарбасы да кирет. Бирок өлкө деңизге чыкпагандыктан реалдуу көйгөйлөр да жок эмес. Саясатты аныктагандар экономиканы өстүрүүнүн силердин өлкөдө чоң жана кубаттуу орто таптын көбөйүшүнө жардам бергидей стратегиясин иштеп чыга алат деп үмүттөнүп туралы.


Ороңку катмардын өсүшү үчүн өкмөт кам көрүшү керек деген идеяны Стратегиялык изилдөөлөр боюнча жакында түзүлгөн улуттук институттун директор орун басары, экономика илим доктору Назик Бейшеналы да колдойт. Анын пикиринде, Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасы ортоңку катмар өлкөдөгү туруктуулуктун кепили экендигин көрсөттү:

- Стабилдүүлүк үчүн адамдын жеке кызыкчылыгы канчалык көбүрөөк болсо, коом стабилдүүлүккө кызыгат. Европа өлкөлөрүндө кичи жана орто бизнести өнүктүрүү саясаты практикаланган.
Кыргызстанда ортоңку тап деген түшүнүк жок. Айлык керектөөсү боюнча биз кедей жана кедей эместер деп бөлөбүз.


Жеке ишкерлердин менчиктин кандайдыр бир түрүнө ээ болушуна, башкача айтканда адам жумушчу эле болбостон, менчик ээсине айланышына стимул берилген. Ошондо адам өз менчигинин туруктуулугу үчүн кызыгат. Ага катар кандайдыр бир ыңкылаптарга, массалык башаламандыктарга кызыкпайт. Өз экономикасы үчүн иштейт.

Менимче чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө көмөктөшүү, айыл чарбасын калыбына келтирүү үчүн ушундай эле саясатты Кыргызстанда да колдонууга болот. Бул саясатты ишке ашырууда европалык өлкөлөрдүн негизги аспабы – кредиттөө механизмдери болгон. Экономикага кредитти массалык түрдө берүү менен жеке секторду өнүктүрүшкөн. Жеке сектор бутуна турганда жумушчу орун да, салык да болот.

Кредиттөө демекчи азыр Кыргызстанда алардын үстөк пайызы жогору жана узак мөөнөткө алууга болбойт. Бирок каражат булагы табылгандан кийин да аны жеп-ичип койбой, туура жана өнүгүү үчүн пайдалануу өзгөчө кыргыздар үчүн өзүнчө сабакты талап кылган маселе.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG