Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Кыргызстандагы скульптуралык эстеликтер жана алардын саясий-маданий турмуштагы орду “Арай көз чарай” талкуусунун темасы болду.

Талкууга коомдук ишмер, мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова жана маданият, маалымат министри Нурлан Шакиев катышты.

“Азаттык”: Бул темага кайрылууга алдыда күтүлүп жаткан тарыхый окуя себеп болду. “Эркиндик” эстелигинин ордуна Манастын эстелиги коюлганы жатат. Кыргыз өкмөтү бул боюнча ушул аптада буйругун чыгарды. Министр мырза, эстеликтерди эмне үчүн алмаштырып атабыз, максаты эмнеде?

Нурлан Шакиев: Бул кечээ-бүгүн эле чыга калган маселе эмес. Эстелик коюлган алгач күндөн тартып эле коомчулукта чоң талкууну жаратып келген, ошондо эле терс пикирлер абдан көп болчу.

“Эркиндик” деп аталган эстеликте аял киши кыргыздын түндүгүн көтөрүп турат, кыргызда түндүктү аял киши көтөрбөйт деген негизги чоң доомат болгон. Андан сырткары Жогорку Кеңештин ар кайсы чакырылышында да бул маселе расмий түрдө парламент трибуналарынан жаңырып турган.
Биз тескери салтка айландырбашыбыз керек, жакшысын улап кетишибиз керек, жаманын жоюш керек. Ар бир бийлик таза деп айта албайм. Тарых өзүнүн ордун берет.

Жаңы коалициялык өкмөт келип, ушул жылдын январынын башында качан алмаштырабыз деген сөз болуп келген. Ушул аптада премьер-министр А.Атамбаевдин буйругу менен эстеликти айкөл Манастын эстелигине алмаштыруу боюнча атайын токтом чыкты.

“Азаттык”: Демек ошол доомат эстеликти алмаштырууга себеп болдубу?

Нурлан Шакиев: Коомдук пикир чоң түрткү берди. Ошондой эле жаңы мыйзам кабыл алынды, ушунун бардыгы чогулуп келип жаңыча көз караш, жаңыча багыттарды аныктап турат. Ошондуктан эстеликти алмаштыруу убактысы келди деп ойлойм.

“Азаттык”: Сиз айткандай ар кандай пикирлерди биз да угуп жүрөбүз. 7-апрелден кийин дароо эле бир топ интеллигенциянын өкүлдөрү, улуттук идеяларды алдыга чыгарган жарандар эстеликти алып салабыз деп көчөгө чыкканына күбөбүз. Сиз эстеликтин ачылышына катышкан инсандардын бирисиз.

Осмонакун Ибраимов: Мунун кыскача тарыхын айта кетели. Бул жерде мурда пролетариаттын улуу жол башчысы В.И.Лениндин эстелиги турган, перестройка заманында Москва, Ленинград, Ташкент, Алматыга чейин анын эстелигин алып, металлоломго тапшырып коюшкан.

Биз тарыхыбызды сыйлайлы, тарыхта чоң инсан экен, кыргызга түз болбосо да кыйыр көп жакшылыгы тийип калган экен деп Лениндин эстелигин сактап жүрүп, 2003-жылы Кыргызстандагы экинчи маанилүү чоң аянт деп парламенттин алдына парад өткөрүп, залп атып, алып барып койгонбуз.
“Эркиндик” деп аталган эстеликте аял киши кыргыздын түндүгүн көтөрүп турат, кыргызда түндүктү аял киши көтөрбөйт деген негизги чоң доомат болгон.

Бул эстеликти Кыргызстандагы улуу деген скульпторлорубуздун бири, убагында Ленин сыйлыгын Чыңгыз Айтматов менен чогуу алган Тургунбай Садыков жасаган. Ал эстелик буга чейин эле Курманжан датка турган жерде турган экен. Ошондо эле Манасты койолу деген сөздөр болгон. Бирок биз аны койбой калган себебибиз, филармониянын астында Тургунбай Садыков жасаган экинчи скульптура – Манастын эстелиги турган болчу.

Элге-журтка уят болуп калабыз го, Манастын 1000 жылдыгын, БУУнун чечимин аткардык, көчө сайын эле Манасты койо берсек болбойт деп, анан Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, кыргыздардын кылым карытып, ашуу ашып, таш басып келген жолун көрсөтө турган эстелик койолу деп Т.Садыковдун ушул эстелигин койгонбуз. Албетте колунда кармаган түндүгү бир аз окшошпойт. Бирок бул эстеликти Т.Садыковдун дурус эмгектеринин бири деп эсептейм.

Искусствонун өз тили бар

“Азаттык”: “Эркиндик” айкелинин маанисин көпчүлүк түшүнбөйт экен деген ой калып атат. Осмонакун мырза, деги айкелдеги аял ким?

Осмонакун Ибраимов: Айкелдеги аял бул кыргыз элин кылымдардан бери жол көрсөтүп, бизди кыйын убактарда сактап, тукумубузду улап келген кыргыздын энеси дегендей образ жатат.

Искусство, өнөр дегендин өзүнүн тили бар. Балканы, орокту кайчылыштырып койсо бизге түшүнүктүү көрүнөт. Бирок чыныгы өнөр ошол эле Прагада, ошол эле дүйнөнүн бардык бурчтарында бар.

Искусство өнөр чыгармасынын өзүнүн тили, өзүнүн семиотикасы бар. Бул жерде канаты бар экен, колунда түндүк бар экен деп эле жактырбай атышат. Анда колуна балка менен орок, казанды, же боз үйдү карматып койолу, ошондо элдин баарына түшүнүктүү болот. Мисалы, Айтматовду деле бир окуганда түшүнүү кыйын. Искусство, өнөр деген нерсе дайыма алдыга жылып, өзүнүн тили менен сүйлөйт.

“Азаттык”: Ушул жерде Майрам Акаеванын элеси бар деген пикирди өнөрчүлөр өздөрү айтып жүрүшөт.
Искусство өнөр чыгармасынын өзүнүн тили, өзүнүн семиотикасы бар. Бул жерде канаты бар экен, колунда түндүк бар экен деп эле жактырбай атышат.

Осмонакун Ибраимов: Тантыраган сөздөрдү койгулачы. Жылдыз Жолдошева Курманжан датканын эстелигине өзүнүн образын коюп алыптыр деп айтып атпайбы. Манасты карасаңар кебетеси бир туруп Сүймөнкул Чокморовго, бир туруп Болот Шамшиевге окшошуп кетет. Кыргыздын бет түзүлүшү окшош. Манаста айтылган, “мурду тоонун сегирде көрүнгөндү жегидей” деп. Эми аны кантип жасайбыз?

“Азаттык”: Сегиз жыл мурда коюлган экен, сегиз жашка толбой туруп алынып атат. Кыргызстанда демократиянын жана эркиндиктин символу катары даңазаланчу. Эми алынышы менен эркиндигибиздин мезгили бүттү дегендерге кандай карайсыз?

Осмонакун Ибраимов: Эстеликти бульдозер менен алган өзү жакшы эмес.

Нурлан Шакиев: “Эркиндик” эстелигин бульдозер менен талкалаган эч ким жок. Ага Бишкек шаарынан Жибек-Жолу – Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен, же Ахунбаев – Алматы көчөсүнүн кесилишинен орун берилип атат.

Осмонакун Ибраимов: Биз көчөнүн баарына эле Манастын эстелигин койо беребизби? Азыркы биздин өкмөттө өнөрдү, искусствону түшүнгөн киши жок. Ар нерсени ыгы, табит, акыл менен жасаш керек.

Ала-Тоо майданында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузулат
Нурлан Шакиев: Тескерисинче мурдагы өкмөттөргө караганда ушул өкмөттө өнөрдү түшүнгөн адамдар көбүрөк болгон үчүн ушул чечимге барды деп ойлойм. Бишкектин эки жеринде Манас турса ашыкча болбойт.

“Азаттык”: Эмне үчүн филармонияда Манастын композициясы турса, кайра эле Ак үйдүн алдына, дагы бир аянтка Манастын эстелиги туруп атат деп маалыматтарда айтылып жүрөт. Элди бириктирүү максатында ушундай коюлуп атат дешүүдө.

Нурлан Шакиев: Филармониянын алдында Манас боюнча бүтүндөй ансамбль турат. Ал эми тиги жерде айкөл Манас өзүнчө туруп атат. Манас биздин ар бирибиздин жан дүйнөбүздө, жүрөгүбүздө дем, кубат берип жашаш керек. Керек болсо Манасты Бишкектин үч жерине койсо деле болмок.

Суроо көп, шектенүү жок эмес

“Азаттык”: Саламат айым, эки жерде Манастын образын билдирген эстелик турушу канчалык туура деп ойлойсуз?

Саламат Садыкова: “Манасты” аздыр-көптүр окуган муундардын өкүлүнө кирем. Манас бизге чейинки уламыш болуп келген образ. Ошондуктан кол жеткис. Бүгүнкү кыргыздын урпактары ат арытып барып көрө турган, мисалы Тянь-Шань тоолорунун төрүнө койсо болмок. Бүгүнкү жаңы кыргыздардын бут алдында, көз алдында тура турган эстелик эмес. Ошондуктан Манастын эстелигин борбордук аянтка койуш керек деген пикирге кошулбайм.

“Азаттык”: Ошол жерден сиз кандай айкелди көрөт элеңиз?
Ош, Жалал-Абадды оңдоонун ордуна, аялдын эстелиги турат деп ызырынып талкалап атканыбыз жакшы эмес.

Саламат Садыкова: Кыргыздарда кечээги күндү бүгүн таанып, бүгүнкүнү эртеңкиге таңууламай бар. Биздин саясий ишмерлердин, бийликтин улам жаңыланган сайын бүткөн оокатты талкалап, кайра жаңысын алып келген бийликте отурган адам баатыр деле болуп калбайт. Баатыр болуп жаралып, бүтүн өмүрүн арнаган адамдар бар. Мисалы Исхак Раззаков акыйкатсыз, адилетсиз бийликтин курмандыгы болуп, бирок алар менен чабышпай өмүрүнүн канчасын Москвада өткөргөн.

Биздин доордо турган баатырларыбыз бар. Ошондой уулдарыбызды, агаларыбызды, азаматтарыбызды эне төрөгөн. Биздин доордо биз көрүп, билип, окуп, үлгү алып жаткан Раззаков, Айтматов сыяктуулардын эстелигин коюп, бийлик башында турган төбөлдөр бүгүн бүтүп, эртең талкалабай, бүгүнкү муундарга жаркыраган салтанат куруп берсе бул башка нерсе.

Ала-Тоо майданындагы “Эркиндик” эстелигинин ордуна Манас баатырдын эстелиги тургузулат.
“Азаттык”: Кечээ вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов бул эстеликтерди жасоого жабык конкурс өткөрдүк деп билдирди. Ага болжол менен 28 млн. коротулат экен. Болгондо да анын азыр 10 миллиону гана табылганын айтып атышат.

Жаңы айкелдерди жасай турган скульпторлор Базарбай Садыков менен Сооронбай Бейшенбаевдин деңгээли тууралуу айткан жокпуз. Бирок эмне үчүн ачык конкурс өткөрүлгөн жок? Бүгүн “Прогресс” деген фонд билдирүү таратты, алар “демөөрчүлөрдү өкмөт кыйыр доолаган саясат уланууда” деп айтып атат. “Өкмөттөн ишкерлер эки эстеликти тургузгула деп сураган эмес, анын үстүнө демилге өзү шектүү” деп жазышыптыр. Ушул маселелерге сиз кандай дейсиз?

Нурлан Шакиев: Башында эстеликтерди тургузуу бюджеттен каржыланышы тууралуу сөз болгон. Бирок эч кандай мажбурлоосуз эле ушундай идеяны колго алган биздин бир топ мыкты ишкерлерибиз бар экен. Ошолор бюджеттин эсебинен эмес, өзүбүз каржылайбыз деп чыгышты.
Бүгүнкү жаңы кыргыздардын бут алдында, көз алдында тура турган эстелик эмес. Ошондуктан Манастын эстелигин борбордук аянтка койуш керек деген пикирге кошулбайм.

Тактап айтканда, Манас менен Чыңгыз Айтматовдун айкелдери 31-августта эгемендүүлүктүн 20 жылдыгынын урматына ачылат. Агропромдун алдына Ч.Айтматовдуку тургузулуп атат. Ачылышта демөөрчүлөрдүн ысымдары аталат. Ошону менен бирге өкмөт кыйыр түрдө мажбурлоо жолго барган эмес, конкурс жашыруун өткөн эмес.

“Азаттык”: Былтыркы 7-апрель ыңкылабынан кийин айрымдар бул эстеликти айыптап, “аял түндүк көтөрбөйт, символдору каражолтой” деген дооматтар менен эстеликти алып салуу талабын коюшту. Символиканы саясатка байланыштырып, сиздер ошол күчтөрдүн таасири менен аны алмаштырып жаткан жоксуздарбы?

Нурлан Шакиев: Кыргыздарда Смиттин, Жорждун, же Николайдын пикири үстөмдүк кылбаш керек. Биз андан чочуп кетпешибиз керек. Кыргызга кыргыздын пикири үстөмдүк кылыш керек. Түшүнгөн адамга бул мынчалык резонансттуу иш деле эмес болчу. Бирок талкууларды жүргүзүү – биз ачык коомдо жашап аткандан кийин мыйзам ченемдүү көрүнүш. Элдин талабын канааттандырыш керек болчу.

“Азаттык”: Аял президенттин кетип атышы менен эркиндик эстелигинин алынышы бири-бирине үндөшүп тургандай сезилбейби?

Осмонакун Ибраимов: Эч кандай үндөшкөн жери жок. Жаңы бийлик келген сайын эле мурункуларды бульдозер менен чуңкурга көмүп салуу, же жоготуу аракети бизде адат болуп баратат. Бул жакшы көрүнүш эмес.

Бул бийлик да кетет. Булар кеткенде аларга да Бакиевден чоң күнөөнү койот, буларды да бир аңгелге тыгат. Аянтта 90 киши өлгөнүнө бир кишиге сөгүш берип койгондун ордуна, бул жердеги эстеликти талкалап атат, же кыйраган Ош, Жалал-Абадды оңдоонун ордуна, аялдын эстелиги турат деп ызырынып талкалап атканыбыз жакшы эмес. Булар токтом чыгарып алыптыр, эми буларды эч ким токтото албайт, калганын тарых тактасын.

Тарых тараза

“Азаттык”: Азыр сиз өзүңүз да шайлоонун алдында оюндар болуп атат дегендей мааниде ой айттыңыз. Кээ бир маалыматтарда жаңы эстеликтердин коюлушу президенттик шайлоодо саясий упай топтоо катарында да айтылып жүрөт. Ал эмес Алмазбек Атамбаевдин идеясы экен дегендер да бар. Нурлан мырза, бийлик өкүлү катары бул идея өкмөт башчыдан чыкканын тастыктай аласызбы?

Нурлан Шакиев: Бул идея көпчүлүктүн идеясы. Муну бүгүн эле Атамбаев, Шакиев, же Жунусов ойлоп чыкты деген туура эмес. Бул парламенттин трибунасында расмий түрдө бир топ жолу айтылган. Эл тарабынан кайра-кайра айтылган. Бул – учурдун талабы.
Мурдагы өкмөттөргө караганда ушул өкмөттө өнөрдү түшүнгөн адамдар көбүрөк болгон үчүн ушул чечимге барды деп ойлойм. Бишкектин эки жеринде Манас турса ашыкча болбойт.

Осмонакун мырзанын ар бир бийлик өз учурунда туура эмес иштерди жасап, анан жооп берет дегенине мен жарым жартылай кошулам. Себеби биз тескери салтка айландырбашыбыз керек, жакшысын улап кетишибиз керек, жаманын жоюш керек. Ар бир бийлик таза деп айта албайм. Тарых өзүнүн ордун берет. Бул жерде эч кандай кылмыш жок. Бул жакшы ой, тилек менен, кыргызды бириктирүү, мамлекеттүүлүктүн жаңы кадамдарын баштоо боюнча жасалып аткан иштердин бири.

“Азаттык”: Саламат айым, сиз өнөр адамысыз, энесиз, анын үстүнө болуп аткан демилгеге тикелей тиешеңиз жок. Өнөр менен саясаттын байланышы, ошонун элге кандай пайдасы болот? Жаңы демилгеден кандай жыйынтык чыгарса болот?

Саламат Садыкова: Жакшыдан үмүт үзбөй туралы. Эң кыйыны адамдагы кемчиликти ырбатпай, убагында айтып, жарасын алып салып, айыктыруу экен. Ошон үчүн биздин коомдо, саясатчылардын арасында, эл башында, эл кашында 1000 жылдыкты, жүз канча жылдыктарды жар салып, элди жыйнап алып, бирок чындыгында маданияттын элге татыктуу, элге касиети жуга турган асылдардын аты аталып, шаан-шөөкөт курулуп жатпай жатканына мен күбө болуп жүрөм.

Кечээ жакында Ошто болуп келдим, элди жыйып алып, чапанын сүйрөп, эки ооз ырыстуу сөз айта албаган абышкалар бата берсин деп элдин кашына чакырылып жатат. Пикирлери чар жайыт, бири төөнү сүйлөсө, өзү бээни сүйлөгөн жетекчилерди көрүп атабыз.

Өткөнгө жабышып, салтанаттай бербей, бүгүнкүнү да моюндап, 20 жылдык эгемендүүлүктүн ичинде эмнеге жетиштик, эмнеден сабак алдык, биз кайсыныбыз менен мактана алабыз, кийинки жаш урпактарда адамдыктын мектебин түзүп, адамдыктын сабактарын бере алабыз дегенди мен көрө албай атам. Шоу көп болуп атат.

“Азаттык”: Рахмат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG