Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Уйгур ашканасы өз пейилиндей


Жалпы саны 11 миллиондон ашкан уйгур калкынын басымдуу бөлүгү Кытайды мекендейт. 50 миңдей уйгур эли Ала-Тоону өз Ата журтуна айландырган.

Уйгурлар дегенде эле бизге белгилүү тамактары менен кооз, шаӊдуу кафелери эске түшөт. Уйгурлар жамааты кыргыз коомчулугу менен камыр-жумур аралашып кеткен, ага жараша бул эл көп улуттуу Кыргызстандын ажырагыс бир бөлүгүндөй сезилет.

Советтер Cоюзу ыдыраганы бир катар улуттар башка өлкөлөргө ооп кетсе, уйгурлардын саны тескерисинче көбөйгөн. Статистикалык маалыматка ылайык алардын саны 1989-жылы 36 миӊдей болсо, азыр элүү миӊге жетет.

Уйгурлардын көбү Чүй облусунун Лебединовка менен Ново-Покровка айылдарында, Бишкектин чыгышындагы кичи микрорайондордо, Ысык-Көлдүн Караколунда жана азыраак түштүк аймакта жыш отурукташкан.

Бизге дал ушул Кыргызстанды өз мекенине айландырган уйгурлардын маданиятын, салт-санаасын билүү кызык болду.

Маданиятынын бөлүктөрү бизге таанымал болсо да, алардын салт-санаалары, жашоо-турмушу бул жерде кандай? Ушул максатка жетеленип, Бишкектин чыгыш ыптасында жайгашып, анда ар улуттун өкүлдөрү отурукташкан Лебединовкага айылчылап жөнөдүк.

Сый эткен чайдан башталат

Уйгурларда келген конок кут алып келет деп, анын кичүү-улуусуна карабай төргө өткөрүшөт. Сыйдын башы кесеге куюлган эткен чайды куюп, анын үстүнө нан тууроо менен башталат.

Селимам Анатаятова Лебединовка айылында турат. Өмүр бою өз айылынын өкмөтүндө кызмат кылып келатат, пенсияга чыгыптыр.

Селимам апа кыргызча өзүнүн жердештерине караганда таза сүйлөйт.

Эки тилдин жакындыгынан болсо керек, уйгурлардын дээрлик басымдуу бөлүгү уйгурча-кыргызча аралаштырып сүйлөшөт экен, ага жараша кыргыздар менен карым-катышта өзгөчө түшүнбөстүк деле сезилбейт.

Ал эми Селимам апа алгач өз элинин үйлөнүү үлпөтү тууралуу айтып берди:

- Сиздер сөйкө салуу деп коёсуӊар го, бизде үйлөнөм деген баланын атынан кыздын ата-энесине урматтуу карыялар барат, "кызыӊызды биздин балага бергиле" деп. Тигилер макул болгондо баланын ата-энеси экинчи жолу барат. Анан кыздын тарабы бизге "салык" салат: "мынча киши болот, мынча азык-түлүк керек" деп. Ушинтип өтөт.

Үйлөнүү үлпөт өткөндөн кийин, уулдун эшигинин алдында от жагып, уул-келин отту айланат. Уйгурлар ар кандай кырсыктарды от тазалайт, жамандык от менен кетет, жаңы үй-бүлөнүн жашоосу булутсуз болот деп ишенишет. Кыз жаңы үйдүн босогосун аттагандан кийин төркүнүнө жума сайын барып турат экен – башында күйөөсү менен кошо барса, кийинчерээк өзү деле бара берет.

- Бизде бешик той эле бар. Кызыбыз төрөгөндөн кийин ал ата-энесинин үйүндө кырк күн турат. Ал күндөр өткөндөн кийин баланын ата-энеси той өткөрүп, кызга, анын ата-энесине кийит кийгизип, ыраазычылыгын айтып, алып кетет.

Уйгурлар менен кыргыздардын салттары кээ бир өӊүттөрдө жакындашып кетет экен. Бирок андан айырмачылыктары арбын. Маселен, киши көз жумганда сөөк жаткан үйдө тамак жасалбайт. Келгендер өз үйүнөн тамак жасап келишет. Ал эми өлгөндүн туугандары тамакты маркум жерге берилгенден кийин гана жасайт.

Дүйнө жүзү боюнча азыркы тапта 11 миллиондой уйгур калкы жашаары айтылып келатат. Алардын басымдуусу – 9 миллиону – өз мекенинде, Кытайга караштуу Шинжаң-Уйгур автономдук районунда отурукташкан. Уйгурлардын кыйла бөлүгүн Түркиядан, Сауд Аравиядан жана Пакистандан, Орусиядан, Европадан жана АКШдан тапса болот.

Маданият унутулбайт

Диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, уйгурлар ата замандан калган өнөр – соодагерчилик менен тиричилик кылышат. Азыр уйгурлар арасында мамлекеттин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон ишкерлер арбын, андан тышкары гуманитардык, мамлекеттик иштерге, юриспруденция, медицина тармактарында иштегендер да жолугат.

Уйгурлардын маданиятын, каада-салттарын сактоо, өркүндөтүү, жаштарды тарбиялоо жаатындагы иштерди негизинен "Иттипак" уюму жүргүзөт. «Иттипак» Кыргызстанда эӊ активдүү диаспоралардын бири болуп саналат. Атүгүл ал өзүнүн беш миӊдик нускадагы гезитин да чыгарат экен.

Акбаржан Баудунов
Акбаржан Баудунов
«Иттипак» гезитинин башкы редактору Акбаржан Баудуновдун айтымында, гезит уйгурлардын арасында өзгөчө популярдуу. Ал кирилл жана араб ариптеринин негизинде уйгур жана орус тилдеринде чыгат. Көбүнчө уйгур турмушундагы жаңылыктарды маалымдоо, агартуучулук, билим, илим жана маданият таануучулук багытты көздөйт.

- Гезитибиз Кыргызстандагы уйгурлардын жашоосу тууралуу, жергиликтүү жана дүйнөлүк жаӊылыктарды улуу муун үчүн уйгур тилинде чагылдырат, ал эми биздин жаштарыбыз үчүн каада-салт, маданият тармагындагы маалыматтар орус тилинде жарыяланат, анткени көбүнчөсү орус тилдүү.

Кыргыз уйгурлардын маданиятына «Интизар» ансамблинин салымы да зор. Он жылдык тарыхы бар ансамблдин жетекчиси Таир Хатбакиев таланттуу ырчыларды, музыканттарды чогултуп, тойлорго, маданий иш-чараларга катышып турушат.

- Мен үйрөтүп жаткан балдар көп. Бийчи жана ырдап жаткан кыздарыбыз бар. Ал эми музыкалык инструменттерибиз көп. Азыр болсо сатар, датар, тамбир деген аспаптарды көрүп турасыздар. Ага жараша ырчыларыбыз да көп.

Андай ырчылардын бири - Камалдин Хасымов. Камалдин ата махабат тууралуу бизге ырдап берди.

Биз билбеген тамактар

Мындай шаӊдуу ырлар менен музыка көбүнчө албетте уйгурлардын ширин жана бай жайылган дасторконунда болот. Дасторкон демекчи, дагы бир салтты айта кетели – тойлордо таттуу-паттуулар, нан эки кишиге бир подносто берилет. Селимам апа муну мындайча чечмелей кетти:

- Себеби дасторконго баары батпайт да. Анан конокторго ыӊгайлуу болсун деп, эки кишиге бир поднос беребиз, баарын салып. Сиздерде аягында пакеттерге дасторкондон салып берет го. Бизде болсо ошол подностун астында пакети болот: жешинче жейт, калганын үйүнө салып алат. Тамактарды болсо дасторконго эле коёбуз.

Эгер сиздер уйгурлардын тамактарын баарын кафелерде жеп жүрүп билем десеӊиз жаӊыласыз. Анткени уйгурлардын үйдө жайылган дасторконундагы дүр-дүйнө тамактарды, мисалы, мен кафелерде сейрек көрөм же көрө элекмин десем да болот.

Бишкектин чыгышында жайгашкан ар түрдүү уйгур кафелерине барып, белгилүү лагман, мампар, чучвара, самсадан тышкары, гөш нанды ооз тийип көрсөӊүздөр болот. Гөш нан уйгурчадан эт менен нан деп которулат. Кыргыздардын май токочуна окшош, айырмасы - ичине эт салынат.

Чоӊ тойлордо же сыйлуу коноктор келгенде үйдүн кожоюндары сүт куйулуп бышырылган өпкө, башкача айтканда кадимки эле кыргыз жасаган олово кесип коюшат. Ошондой эле койдун ичегисине ич этти туурап, күрүч, жашылча-жемиш кошуп салып, 40-50 мүнөт бышырышат да, жыты аңкыган, шилекей агызган ширин тамакты конок алдына коюшат.

Селимам апа айткандай, ар бир той патыр нан жана эткен чайсыз өтпөйт. Берүбүздүн башында эле эткен чай жөнүндө айта кеттик эле. Ал кандай даярдалат?

- Тойдун аягында конокторго эткен чай бербесеӊ, сенин тойуӊду той деп эч ким санабайт. Ал эми бул сыйкырдуу чай болсо кадимки сүт чайдай даярдалып, үстүнө туз менен каймак кошулат. Уйгурлардын арасында белгилүү суусундук, анын үстүнө ачка жүргөн адамдын курсагын да тойгузат.

Кыргызстандагы көп улуттун арасында мына ушундай маданияты бай, жайдары мүнөз уйгур журту бар. Уйгурлардын кары-жашы дебей, Кыргызстанды мекеним деп санап, айылчылагандары Кыргызстанга шашып, башка улуттар менен тууган-достук мамиледе жакшы жашоону сүрүүдө.

Баш кошту эки жаш...
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG