Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Жаңы жыл кимдин майрамы?


Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы Жаңы жыл мусулмандардын майрамы эмес деп, аны майрамдабоо боюнча фатфа (жардык) чыгарып жатат деген маалымат тарады. Анда бул майрам ысырапкордукка айланып, ар кандай кылмыш иштерине себепчи болгону айтылган.

Бирок башкалары Жаңы жыл салтка айланып калган майрам болгондуктан, адамдарды мындай майрамдан ажыратпаш керек деп каршы чыгууда. “Азаттыктын” таңкы арай көз чарай талкуусу ушул темага арналды.

Катышуучулар: Кыргызстан диний башкармалыгынын өкүлү Равшан ажы Эратов, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов, Эркин базар институтунун директору Мирсулжан Намазалиев.

“Азаттык”: Муфтият Жаңы жыл мусулмандардын майрамы эмес деп, аны майрамдабоо боюнча фатфа (жардык) чыгарып жаткан экен. Эгер бул майрам Куранда жазылбаса, 70-80 жылдан бери белгилеп келаткан бул майрамды эмне кылыш керек, белгилебеш керекпи?

Равшан Эратов: Журналисттер Кыргызстан мусулмандар диний башкармасы фатфа чыгарды, Жаңы жыл майрамын четке кагат, баш тартат деп коомчулукка бир аз туура эмес маалымат таратып жиберишти.

Муфтият биринчи жолу эмес, жылда эле элдин кайрылуусуна жараша жооп берип келет. Жооп бергендик мамлекеттик саясатка каршы чыгуу же мамлекеттин чөйрөсүндөгү бир нерсени жокко чыгаруу болуп эсептелбейт. Биз кайрылган мусулмандарга Жаңы жыл мусулманчылыкка тиешеси жок майрам, муну майрамдабай койсоңуз деле болот деп айтабыз. Андан сырткары майрамдайбыз дегендерге андан баш тартсын деген таңуулоо же жалпы жобо жок.

Мен көп жылдан бери эле Жаңы жылды белгилебейм. Бул мага катардагы күндөрдөй эле эсептелет. Башкалар дагы ушундай болсо өзүнүн эрки деп ойлойм.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:






Өмүрбек Абдрахманов: Мында талкуулай турган нерселер бар. Биздин коомдо бир топ радикалдуу көз караштар көп. Ошонун ичинде муфтиятта, динге ишенген жарандар арасында мусулман болгон соң мусулмандын мыйзамы менен гана жаша деп айтып жатышат.

Мусулманчылык келе электе эле кыргыз деген эл болгон, алардын өздөрүнүн салты, майрамы болгон. Ошондуктан бирине-бирин карама-каршы койбошубуз керек. Ар кимдин өз эрки, кайсы майрамды белгилесе өздөрү билет. Муну жөн гана "мусулмандардын майрамдары булар" деп эле айтып койсо, өздөрү тандап алат.

Мирсулжан Намазалиев: Менимче Нооруз да мусулмандардын майрамы эмес. Андай болсо Жаңы жылды белгилебегиле деп үгүттөгөн депутат Турсунбай Бакир уулу жана башкалар аны да майрамдабагыла, Куранда жок Конституцияны кабыл албагыла, парламенттик системага өтпөгүлө, компьютерди колдонбогула деп диний китептерде жазылбагандарга тыюу салуу динди да жаман көрсөтөт. Элге жакшылык алып келе албайт.
XS
SM
MD
LG