Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Ош шаарындагы ишкерлер кандуу калабада ишканалары жабыр тарткандарына карабай банктар үстөк пайыздарын эсептеп жаткандарына нааразы. Экономист, Ош шаарындагы “Антикризис” фондунун төрагасы Эркин Абдразаков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Июнь коогалаңында жабыр тарткан ишкерлер насыя алган банктарга нааразы болуп жатышканын айтышууда. Алардын нааразычылыктары канчалык жүйөлүү?

Абдразаков: Алардын кайрылып жаткандары жүйөлүү деп эсептейм. Себеби алардын эркине баш ийбеген коогалаңдуу окуя болуп кетти.

Мамлекет ар бир жарандын коопсуздугун, мүлкүн сактап, конституциялык укугун коргогонго милдеттүү. Экинчиден, июнь калабасына бир жыл болуп отурат, алар убагында чыгымдары боюнча так эсептөөлөрдү берген.

Бул аралыкта мамлекеттик деңгээлдеги көптөгөн комиссиялар жана чет өлкөлүк уюмдар келип кетти. Бирок ушул убакытка чейин такталып бүткөн документтерди мамлекеттик бийликтер тез аранын ичинде тастыктап, аларга так жардам берген жок. Бири-бирине шылтоо кылып, донорлорду гана күтүп отуруп алышты. Бул жакшы эмес.

50 миң сомдон берип коюп, тил эмизген эч кандай маселени чечпейт. Тескерисинче азыркы кезде ишкерлердин кыжырдануусун гана пайда кылып жатат.

“Азаттык”: Ошентсе да өкмөт жабыркаган ишкерлерге жардам берүү чечимин кабыл алган эмеспи, банктардан алган насыяларын жеңилдетүү же болбосо алардын үстөк пайыздарын азайтуу боюнча. Бул жагы кандай болууда?

Абдразаков: Ишкерлердин бардыгы жеке коммерциялык банктардан каражат алышкан. Мамлекет ага эч кандай кепилдик берген эмес. Мамлекет өзү кепилдик берип, кээ бир банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Улуттук банктын алдында депозиттерди коргоо жана кайра куруу деген өзүнчө бир уюм түзүлгөн. Анда банкроттук абалга келип калган банктардын карыздарын төлөп берүү жагы каралган.

Кыйын мезгилде ушул категорияга Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жабыркаган ишкерлерди кошуп койсо максатка ылайык болот эле. Бирок ушул кезге чейин эч ким бул маселени чечкен жок.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү боюнча дирекцияга гана шылтоолоп, 50 миңден насыя берилген. Ал эми бардык эле ишкерлер донорлордон грант алып, чет өлкөлүк уюмдар менен иштешип, чыгымдарын кайтарып алышат дегенге ишеним жок.

“Азаттык”: Июнь окуясынан кийин ишкерлердин көбү көмүскө ишкерлик менен алектенгени айкын болду деп жатышат. Сиз буга кандай дейсиз?

Абдразаков: Эгер өзүбүздүн таянган мамлекетибиз жардам бербесе ошого барат да. Мамлекеттик деңгээлде бир жылга же болбосо эки жылга гана салыктан бошотуп, жеңилдетилген шарт түздүк деп коюшту. Акчанын жоктугунан, ошондой эле күйүп кеткен эмеректеринин жана каражаттарынын айынан булар кантип толук кандуу ишкерчилик менен алектене алат?

Экинчиден, кээ бирлери ишкердүүлүк менен алектенсе да баары бир ар кандай тактоо иретиндеги өтө көп текшерүүлөр келип жатат деп арызданышууда.

Мен 30 жылдан бери Ош шаарында жашаган, банк тармагында 15 жыл башкаруучу болуп иштеген адам катары көбүн тааныйм. Бул жерде мамлекет өзү банктар аркылуу кредиттик төлөмдөрдү жеңилдетпесе болбойт. Же кайтарымдарын аз-аздан берип, мамлекет сүйлөшпөсө, жеке адамдарга бирөө келип, көмөк көрсөтүп каражат бербейт. Булар биздин атуулдарыбыз, демек ага мамлекет гана жооп бериши керек.
XS
SM
MD
LG