Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Өз жеринде өгөйлөнгөн айыл


Кайырмалык балдар
Кайырмалык балдар

Ош шаарында Кара-Суу районуна таандык 14 миң гектар жер бар. Районго тиешелүү болгон менен калаанын ичинде турган кварталдарда жашагандар бир топ түйшүктөргө батышат.

“Кайырма” деп оозеки аталган менен бул жердегилер, өз айылынын атын деле биле беришпейт. Бири Ак-Буура деп койсо, экинчиси Учар дешет.

Айыл Кара-Суу районунун Папан айыл округуна караганы менен, Ош шаарынын ичинде калган.

Калаанын Актилек жана Жапалак кичирайондору Кайырманы толугу менен курчап турат.

Айгүл Жусупова
Округ борборунан 50-60 чакырым алыстыкта турган кайырмалыктардын көйгөйүн угар бийлик деле жок калгандай.

Айыл тургуну Айгүл Жусупова:

- Ортодо калган өгөй бала сыяктуу болуп калдык. Кимге бараарыбызды билбейбиз. Папанга барсак, “шаарга бар” дейт, Ош шаарына барсаң “районго кет” дешет. Бири-бирине шылташат. Арыз-арманыңды угайын деген киши жок.

Бул жердегилер жөндөн-жөн өздөрүн өгөй атап атышкан жок. Өзүнчө айыл болсо да Кайырмада же мектеп, же бала бакча жок. Айгүл Жусупованын белгилешинче, алыс болгонуна карабай алардын балдары Ош шаарындагы мектептерде билим алышат:

- Мектеп жок. Сентябрь жакындап келатат. Балдар даярданып жаткан менен Ак-Тилектеги Нышанов орто мектебине барып келишет. Ал жакка барып келүү деле оор. Ата-эне кооптонот. Мектепке чейинки балдарга деле бала бакча жок.

Тургундардын айтымында, айыл 2004-2005-жылдары отурукташкан. 400 жер тилкелик орун болсо, азырынча алардын 300гө жакыны үй салып жайгашып калышты. Ага карабай кайырмалыктар жаңы төрөлгөн балдарын каттоого тургуза алышпай убара.

Жибек Ибраимова жаңы эле уулдуу болуп, ага күбөлүк ала албай жатканын айтат:

Жибек Ибраимова
- Барган жерден акча алат. “Силер жок адамсыңар” дешет.

Мен төрөгөнүмө 2 ай болуп калды. Кызыма же күбөлүк ала элекмин, же дарыгерлерге көрсөтө элекмин. Барсаң эле каттооңор жок дейт. Папанга барып келишибиз өзүнчө эле азап.

Бизге ФАП керек экен. Балдар сыркоолоп калса, же бирөө жарым ооруп калса карай турган киши жок. Тез жардамды чакырсаң, дерегиңди сурашат. Дарегиңди айтсаң, билишпейт.


Кайырмада таза суу да каралган эмес. Айылдын жарымы төмөн жактагы каналдан суу ичет. “Аны ташып келүү да оңойго турбайт” дейт жашоочу Жылдыз Асанова:

- Бизди караган киши жок. Чоңдордон бирөө келип, “эмне болуп атасың, кантип атасың” деген киши жок. Өлүп кетпейсиңби дегендей эле болуп жатат.

Тиги каналдан суу алабыз. Анысына да башында бирөө мурдун таштайт экен, бирөө бутун жууйт экен. Усталар болсо жуунат экен. Анткенин көрүп сууну ала албай да каласың.


Асанова белгилегендей, суунун таза эместигинен айылда оору да күч алууда. Анткени каналга жетпеген кайырмалыктар талаадан чыккан сууну ичүүгө аргасыз.

Айыл тургуну Мухаммедрустам Кумашев:

Жылдыз Асанова
- Биздин жогору жагыбызда жүгөрү, буудай, картошка эгип суугарышат.

Бул каналдын башында болсо ысыктын күнүндө чалпактап жуунуп жаткандар көп. Ичкенге болбойт.

Суунун таза эместигинен улам балдарыбыз эки күндө бирден ооруйт. Каналдан көтөрүп келүү балдарга деле кыйын болуп жатат.


Мухаммедрустам Кумашев 3 бөлмөлүү үй салып жатат. Ага суу ташып келүү өзүнчө тозок болсо, жолдун начардыгы курулуш материалдарды алып келүүгө да кыйынчылык жаратат.

Мухаммедрустам Кумашев
- Үйдүн курулушу бүтпөй эле койду. Бир-жарым, эки жылдан бери куруп атам. Материалдарды ташып келүү тозоктун иши. Тиги каналдын ары жагына түшүрөсүң да, андан бери жөө-жалаңдап бирден көтөрүп келесиң.

Бир машине ташты 3кө бөлүп алып келдим. Цементимди каналдын боюна таштап коюп, бир аптада араң алып келдим. Жолдун баары начар. Жок деп койсо деле болот.


Маалыматтарга ылайык, Ош шаарынын ичинде мындай анклав-айылдар ондоп саналат. Анда жашагандардын көпчүлүгүнүн абалы Кайырма айылындагыдай.

Ош шаар жетекчилиги калаанын ортосунда турган Кара-Сууга таандык 14 миң гектар жерди Оштун карамагына өткөрүү боюнча байма-бай айтып келет. Шаарга берилип калса, алардын шарттары жакшырат дешет Оштун бийликтери. Ал эми облусттук бийлик буга макул болбой келет. Азырынча бул маселе өкмөттүк деңгээлде каралып жаткандыгы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG