Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Он сегизге толбосоң кечинде көчөгө чыкпайсың


Бишкек шаары
Бишкек шаары

Кечки ондон кийин 18 жашка толо элек улан-кыздардын үйдөн чыгуусуна тыюу салган мыйзам долбоору кабыл алынды. Мыйзамда көрсөтүлгөн коомдук жайларда кармалгандарга ар кандай өлчөмдөгү айыппулдар каралган.

Аталган мыйзам долбоорун парламент кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөттү. Ал президент кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. Мамлекет башчынын демилгени четке кагуу укугу да бар.

Бул мыйзам долбоорун популисттик катары баалагандар мындай чара милиция кызматкерлериндеги парокорчулукту күчөтөөрүн айтышууда.

Мыйзамдын демилгечиси, Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нуркамил Мадалиевдин айтымында, аталган мыйзам долбоору 18ге чыга электердин саламаттыгына, тарбиясына доо кетпеши үчүн иштелип чыкты. Ага ылайык, өспүрүмдөргө сейил бактардан баштап коомдук унаада, бекеттерде, айтор калаа көчөлөрүн кечки 10дон кийин кыдырууга жол берилбейт. Алтурсун, спирт ичимдиктери сатылган дүкөндөргө жана кафе-ресторан, түнкү клубдарга, мончо, сауналарга барууга болбойт.

Нуркамил Мадалиев
Нуркамил Мадалиев

- Кыскасын айтканда, түнкүсүн үйдөн чыкпаш керек эле деген сөз. Мыйзамда так бардыгы көрсөтүлгөн. Көп батирлүү үй болсо да айлана-чөйрөсүндөгү спорт аянтчаларына чыкпашы керек. Ошондой эле коомдук жайларга да барбашы керек. Антпесе коомдо жаштарды тарбиялоо азыркы мезгилде эң маанилүү болууда, - деди Мадалиев.

Эгер мыйзам бузулса, баланын ата-энеси же жооптуу адам 300-500 сом, кызмат адамдары 500-1000 сом, ал эми юридикалык жактар 1000-1500 сом өлчөмүндө айыппул төлөйт.

Тартип коргоочулар да жаштардын коопсуздугу үчүн бул зарыл чара деп, колдоп жатышкан чагы. Милициянын маалыматына караганда, соңку 5 айдын ичинде өспүрүмдөр катышкан жүздөн ашык кылмыш катталган. ИИМ өкүлү Эрнис Осмонбаев айрыкча кылмыш иштеринин көбү кечке маал катталарын белгилейт.

- Биз жашы жете электердин ар кайсы жерде жүргөнүнө күбө болуп атабыз. Бир сөз менен айтканда, тарбияны үйдөн албай, көчөдөн алышууда. Көпчүлүк балдар көчөдө, интернет клубдарда жүрүшөт. Түнкүсүн машинаны ичип алып айдашат. Кырсыктын баары ошондон болот.

Анткен менен жашы жете электердин көчөдө жүрүшүнө тыюу салган мыйзамда түшүнбөстүк жараткан беренелер да жок эмес. “Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын пикиринде, Конституцияга каршы келген бул мыйзам аягы тыйылбаган жемкорлукту ого бетер күчөтөт.

Назгүл Турдубекова
Назгүл Турдубекова

- Бул мыйзам, биринчиден, юридикалык экспертизадан өткөн эмес. Өтсө Баш мыйзамга каршы келээри айтылмак. Экинчиден, милиция кармап алса балдар "байке, коё бериңиз, акча берейин" деп суранышат. Коррупция мына ушундан башталат. Социалдык көйгөйдү жойгондун ордуна кайра көбөйтүүдө. Же болбосо мыйзам иштеген күнү ар бир үчүнчү бала камакка алына береби? Бул баланын укугун чектөө дегенге жатат .

Бишкектин айрым тургундары түн катып жүргөндөргө мындай чаранын кабыл алынышы туура эле дешсе, башкалары турмушта ишке ашпаганы популисттик мыйзамдардын бири экенин айтышууда. Ал эми укук коргоочулар жок эле дегенде мыйзамдын айрым жерлерин өзгөртүү керек дешет. Алсак, өспүрүмдөрдүн жашын 18ден эмес, 14-16 жаш деп көрсөтүү зарыл жана көп кабаттуу үйдүн короосу коомдук жайга кирбеши керек дешет. Балдардын үйдөн чыгуусуна тыюу салган мыйзам башка өлкөлөрдө да иштейт.

XS
SM
MD
LG