Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:10

“Руханий биримдик демилгеси” кыймылынын талдоочулары жакында Кыргызстанда адамдардын аң-сезимине кеткен төрт жаракатты белгиледи. Алар: бийлик менен элдин, улуттардын, бай менен кедейдин жана түндүк менен түштүктүн жаракаты деп аталды.

Мындай жаракаттар кандай негиздерге таянып аныкталды жана ал президенттик шайлоо маалында коомдун туруктуулугуна кандай таасир этет? Кыймылдын мүчөсү, окумуштуу-конфликтолог Совет Абдырасулов “Азаттыкка” маек курду.

- Психотравма дегенди төрт түргө бөлгөн экенсиздер, адамдардын психикасындагы типтүү төрт жаракат эмнеден келип чыкты?

- Мунун баары конфликт түрүндө болот эмеспи. Бул бир системалык багыттын жоктугунан. Системалык багыт жок болсо, өзгөрүү жакшылыкка да, жаманга да алып барып коюшу мүмкүн. Системалык багыт бар болсо, кайсы жакка баратканыңды, эмнени каалап атканыңды алдын ала билесиң.

- Багытты ким берет?
Өз убагында пайда болуп калган түндүк-түштүк деген жараканы “Манас” эпосу аркылуу кетиргенге аракет кылып атабыз.

- Адамдын өз максаты бар: адис боломбу, же жакшы адам боломбу деген. Коомду ала турган болсок, бул – коомдогу улуттук идеология. Кыргыз мамлекетинин өзүнүн мамлекеттик идеологиясы, улуттук идеологиясы, экономикалык идеологиясы бири-бирине шайкеш келиш керек.

- Сиздер адамдардын аң-сезимине кеткен жаракатты төрт типтүү бөлүккө бөлүпсүздөр. Кайсы негиздерге таянып бөлдүңүздөр?

- Биз изилдөөгө жараша бөлдүк. Кыргызстандын болгон бурчтарына барып келдик. Кыргыз маданиятынын башатын изилдедик. Анын өзөгү – “Манас” эпосу. Кайсы өрөөндө, кайсы жерде, кандай мамиледе экен, алардын каалоолору, максаттары, жетишпегендери эмнеде экенин изилдегенге аракет кылдык.

- Эмне үчүн адамдардын психологиясын аныктоодо “Манаска” кайрылдыңар?

- Бул биздин маданиятыбыздын өзөгү.

- Демек сиздердин типтүү төрт жаракатты аныктаганыңыздарга караганда, ошол башатка азыр эл ээ эмес экен, ошондой түшүнсө болобу?

- Биз төрт типке бөлүп атпайбызбы, ошолордун баары биз эгемендүүлүктү алгандан кийин өзгөчө күчөдү, элдин баалуулугу кыйрагандан кийин. Экинчи жагынан, чет өлкөлүктөр келип өздөрүнүн баалуулуктарын таңуулап, кыргызга таандык баалуулуктар четке кагылгандай башаламандык пайда болду. 30-40 жашка чыгып калган кишилер деле эмне кылаарын билбей калышкан.

- Сиздин кесиптештериңиздин биринин айтканына караганда, азыр төрт типтүү адамдардын аң-сезиминде кеткен жаракаттын эң эле опурталдуусу бул түндүк-түштүк жаракаты деп атасыздар. Эмнеси менен бул опурталдуу?

- Бул жерде улуттар өздөрүн улут катары сактаганга аракет кылып, бул күчөдү. Экономиканын ичинде бай менен кедейлердин ортосундагы алыстыктар андан бетер алыстап кетти. Өзгөчө биз баса белгилеп айтып аткан түндүк-түштүк маселеси. Бул жерде өз убагында түштүктөгүлөрдү түндүктү көздөй жасалма түрдө көчүрүүнү жараткан. Ошол күчөттү.

Бул жерде көрө албагандар бири-бирине карама-каршылык жараткан оңой болот. Мурун деле аралаш болгон, Бишкектеги окуу жайларга оштуктар, баткендиктер келишип, бул жерде үйлөнүшүп, түндүктөгүлөр түштүккө барып, түштүктөгүлөр бул жакка келип, аралашып жашап аткан. Бирок бул кадимки түрүндө болгон.

Бакиев элдин баарын үгүттөп, жер берем деп бул жакка алып келген. Жок жерден элди бири-бири менен тирештирип, саясий идеологдор бири-бирине карама-каршы коюп, андан бетер күчөтүп жиберишүүдө, өзгөчө шайлоо убагында.

- Азыр президенттик шайлоо учурунда кандай баа бересиз, түндүк-түштүк жаракаты кандай таасир этиши мүмкүн?
Чет өлкөлүктөр келип өздөрүнүн баалуулуктарын таңуулап, кыргызга таандык баалуулуктар четке кагылгандай башаламандык пайда болду. 30-40 жашка чыгып калган кишилер деле эмне кылаарын билбей калышкан.

- Таасир этиши жаман нерсе. Ар бир келген талапкер мактанып айтып коюп, келгенде баары унутулат. Тилекке каршы ошонун баарын көрүп атабыз. Кайсы партия болбосун анын баары ойлонулуп, иретке келтирилип, ошону ишке ашырганга аракет кылыш керек. Өз убагында пайда болуп калган түндүк-түштүк деген жараканы “Манас” эпосу аркылуу кетиргенге аракет кылып атабыз.

- Бүгүнкү күнү сиздердин үнүңүздөр жетеби? Бүгүн президенттик жарышка катышып аткан саясий партиялар, талапкерлер ушул жараканы андан ары күчөтпөш үчүн сиздердей улуттук рух башатына барууга кудурети жетеби?

- Алар жөнүндө айта албайм. Бирок бул жерде кудурети жетет, же жетпейт деп ойлонуп отурбай, биз өзүбүзчө аракет кылып атабыз.

Акылдуу, татыктуу адамдар бийликке келсе, алар илимпоздорду, түшүнгөн адамдарды чогултуп, ошолор аркылуу ойлоп, биз айтып аткандай системалуу багытты иштеп чыгып, ишке ашырыш керек.

Туура багыт алса, бул бийликтин карамагында ошону жасаган батыраак болот. Туура багыт бере албаса, убакыт алыска чоюлуп, таптакыр эле болбой калышы да мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG