Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Айылда азыр сугат маалы. Туристтик сезон да келип калган маалда көл жээгиндеги Тамчы айылында абал кандай?

Тамчы туризмдин Мекеси делген Чолпон-Атага жете бербеген кан жолдо жайгашкан. Айыл ичиндеги асфальты жок чаң жол менен эс алуучулар көлдү көздөй чубурушат. Күнгө күйгөн тестийер бала жайлоодон жаңы түшкөн жылкысын мүнөтүнө 10 сом деп туристтерге миндирип жүрөт.

Ташы тазаланбаган жээктеги боз үйлөрдө лагман чоюп жатышты. Дунган кафесине баш баксам, али киши келе элек, бош экен. Орто жаштагы жумушчу жашыраак шериги менен «Сдаю комнату» деген такта кагылган дарбазаны оңдоп жатты.

Атын ижарага берген тамчылык бала.

Атын ижарага берген тамчылык бала.

Айтор кадыресе көлдүк айылдын кадыресе турмушу өтүп жаткан экен. Тилекке каршы тургундар бизге сугат суу жок, эгини күйүп жатканын, жээктеги сазды кургатууга каражат жоктугун айтып даттанды. Айыл башчысын издесек, «ал бул жакта жашабайт, дем алышта үйүнө кеткен» дешти. Кайда жашаарын сураганыбызда, бирөө «Долинкада го» десе, чака көтөрүп келаткан аял «ал бостерилик эмеспи, ошол жактан келип иштейт», - деди.

Апта соңунда ушул эле айылдагы пансионаттардын биринде өткөн конференцияда айтылгандай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда Тамчы өңдөнгөн 500 чакты өзүн-өзү башкаруу органдары борбордук бийликтин өгөй баласындай абалда күн кечирүүдө.

Өгөй дегеним, айыл өкмөтү айылдын турмуш-тиричилигине зарыл болгон каражаттын 3 пайызын гана алат. Ошол эле убакта айыл тургундары айыл башчысын шайлоо укугуна ээ эмес. Айыл башчысы болсо партиялардын чечимине көз каранды.

Жыйында айыл өкмөтүнүн саясий, каржылык жана административдик өз алдынчалыкка ээ болбогондугунун кесепеттери менен катар, бул абалдан чыгуунун жолдору да талкууланды.

Бүгүн айыл өкмөттөрү жерден жана кыймылсыз мүлктөн түшкөн гана жарыбаган салыкты өзүнө калтыра алат. Бул салыктар да жылдан жылга дээрлик өзгөрбөйт. Демек айыл өкмөтү башы менен жер казып иштесе да, башка бизнес, ишкердүүлүктөн түшкөн киреше борборго кетет.

Тамчы айылы.

Тамчы айылы.


Адистердин айтымында, эгер айылдыктар өздөрү иштеп тапкан кирешенин 80 пайызын өздөрүнө калтырса, бүт кем-карчысын өзү каржылай алмак. Ал эми борбордук бюджет мындан 4 пайыз гана кирешесин жоготмок. Башкача айтканда, айыл өкмөттөрү мамлекеттин көзүн карабай эле өз оокатын кылып кете алат. Бирок бүгүнкү күндө алардын бештен төртү, же басымдуу көпчүлүгү тапкан ташыганын Бишкекке жөнөтүп коюп, кайра кудайы сурап жүрөт.

«Замандаш» партиясы уюштурган конференцияда «партиялык диктатура» маселеси да козголду. Бир катышуучу «Бүгүн партиялар бүт ааламды менчиктештирип алышты!» дегенге чейин барды. Анын аралыгында жергиликтүү кеңештерди жалаң гана партиялар шайласын деген мыйзамдык өзгөртүү сунушталып жатат.

Эгемендүүлүк алгандан кийинки оор кризистин мезгилинде мамлекет казынасы бош калып, жергиликтүү бийликтерди «өз жаныңарды өзүңөр баккыла» деп четке чыга берген эле. Ошол эле убакта аларга саясий-экономикалык эркиндик берген эмес.

Айыл турмушунун күнгөй-тескейин казып изилдеген изилдөөчү Рина Карасартова айткандай, жергиликтүү башкаруу өнүкмөйүнчө аймактар да өнүгө албайт, демек мамлекет да өнүкпөйт.

Ошондуктан Карасартова жогорку бийлик айылдарды өз жайына коюп, же «Франция менен Англияда деле борбордук система сопсонун иштеп жатат , жоопкерчилик бизде болот» деп бир беткей чечип, каржылоо маселесин өз мойнуна алса, Тамчыга окшогон айылдардын да багы ачылат беле.
XS
SM
MD
LG