Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Чолпондуктар чукул кырдаалдын алдын кантип алууда?


Чолпон айылындагы атчан куткаруучулар.
Чолпон айылындагы атчан куткаруучулар.

Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүндө ар кандай табигый кырсыктардын алдын алуу, кесепетин жоюу боюнча атчан куткаруучулар тобу иштеп жатат.

Аталган аймакта сел, жер көчкү, кар көчкү сыяктуу коркунучтар жогору. Былтыр март айында жер силкинип, очогу Чолпондо катталган болчу.

Чолпон айыл өкмөтүндөгү атчан айылдык куткаруучулар тобу кыркка жакын адамдан турат.

Топтун мүчөлөрү атайын окутуудан, машыгудан өтүшкөн жана ар бирине милдет тагылган: айрымдары мүмкүн делген кырсыктар тууралуу эрте кабарлап, кооптуу жерлерге көз салып турат, алгачкы медициналык жардам көрсөткөндөр, жабыркагандарды тез куткаруу менен алектенгендер бар.

Чолпон айылындагы көпүрө.
Чолпон айылындагы көпүрө.

Маселен Калыбек Көкчеев азыр айрыкча кышында кооптуу болгон дарыя-көлдөрдү, сууларды такай карап жатат:

- Кышында арыкка муз тоңуп калбасын, жайыттарды суу каптап муз болуп калбасын, көл толуп кетпесин деп карап турам. Кышкысын сууну Ара-Көлгө салабыз тоңдурма болгондо. Көлдү карап турабыз, антпесек толуп кетсе айылды каптайт. Каналдын бул жери толуп атат, бул жерди мындай кылалы, андай кылалы деп кол жардам кылабыз. Көбүнчөсүн "кол жардам" кылабыз. Азыр да бир-эки кооптуу жер бар. Саман, таш төшөп беш-алты жерди бүтөп, жаңы эле тосмо салып бүттүк.

Айылдык куткаруучулар тобу 2009-жылы Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) табигый кырсыктардын алдын алуу долбоорунун алкагында түзүлгөн.

Аталган айыл өкмөттө жети кыштак бар. Айыл өкмөттүн башчысы Нурбек Жусупбеков аймактагы кооптуу табигый кырсыктар тууралуу буларды айтты:

- Бизде токой массивдери көп болгондуктан өрт коркунучтары сакталып турат. Андан сырткары Сөөк-Каракол суусунун агымы чоң. Жайдыр-кыштыр агат. Ал барып эле Орто-Токойго куят. Жээктерди жейт, айдоо аянттарын, жайыттарды жууп кетет. Андан сырткары электр линияларын жабыркатып жатат. Турак-жайларга да зыян келтирүүдө.

Жусупбеков куткаруучулардын атчан болушунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Телефон байланышы кээ бир кокту-колотко жетпей калат. Суудан өтүүгө туура келет. Унаа өтө албаган суу агымдары, бийик жерлерибиз бар. Кыскасы ат бизге ыңгайлуу, эрте кабарлоонун жолу катары биз ушуну тандап алдык.

Чолпон айылындагы суу тосмосу.
Чолпон айылындагы суу тосмосу.

Чолпондо табыгый кырсыктарга байланыштуу атайын штаб да түзүлгөн экен. Айыл өкмөттөгү чукул кырдаалдардын алдын алуу боюнча адис Алайбек Карбозов штабда ар бир айда эки жолу жыйын өткөрүлөрүн, атайын пландар иштелип чыкканын кеп салды:

- Бизге шаймандарды ПРООН берген. Бул жерде чатыр, атайын формалар, генератор, күрөк-кетмен бар. Медицианылык аптечкалар бар. Себеби биздин команданын ичинде медиктер да бар. Айыл округуннда атайын пландар түзүлгөн. Кандай иштерди жасаарыбыз, ким эмне жумуш аткараары баары планда бекитилген.

Куткаруучулар Чолпон айыл өкмөтүндөгү кыштактардагы көпүрөлөрдү да оңдошкон. Айыл өкмөт башчысы Нурбек Жусупбеков айрыкча Туз айылын кесип өткөн суудагы көпүрө иштен чыгып, тургундар үчүн опурталдуу болгонун айтты:

- Мобул тоодогу карды көрдүңөрбү, ушул эригенде, жаан жааганда ушул жактан чоң суу түшөт. Мобул менен дүңкүлдөп толтура суу келет. Бул жерге суу токтобайт, кыян жүрүп кетет. Бул чап, анан туздуу жер. ПРООНдун жардамы менен тосмо алып келип, алты үйгө койгонбуз. Бул жакта алты, ары жагында 26 турак-жай сакталды. Андан сырткары социалдык объекттер: таза суунун башы, мектеп, мончо китепкана сакталды. Бул көпүрө аркылуу 200дөй окуучу өтөт. Туз мектебинде бардыгы 460 бала бар. 200 бала бул өйүздөн келет, чабандар өтөт. Көпүрө жараксыз абалда болчу, кайра калыбына келтирдик.

Көпүрөлөрдү оңдоого куткаруучуларга айыл эли да жардам берген. БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында бул иштерге колунда жок үй-бүлөрлөр тартылып, кол акысы үчүн тамак-аштан жардам алган.

Чолпондогу Эпкин айылынын башчысы Дүйшөнбек Мааткеримов бул айыл элине чоң жардам болду деп билдирди:

- 80ге жакын түтүн ун-май менен камыз болушту. Дагы 8 милометр арык тазалашып, айылга көчөлөргө өтө турган көпүрөлөрдү өздөрүнүн күчү менен куруп алышты. Биздин эл буюрса жумушка өзүнөн өзү эле дилгир боло баштады. Бул жерди минтип алсак болот экен, бул долбоорго кирсек болот экен деп аракеттенип калышты.

Мааткеримов ушундай эле ыкма менен Эпкин айылына коркунуч туудурган Корумду суусунун тосмосу курулганын кошумчалады:

- Айыл ылдыйда турат да. Каналдан кум-таш менен чоң суу каптай турган болсо бир эле саатта алып кетет. Сай толгондон кийин айылдын баарын каптап кетет. Эпкинде 309 түтүн бар.

Сөөк-Каракол суусу.
Сөөк-Каракол суусу.

Чолпон айыл өкмөтүнүн Тармал-Саз участогундагы чоң сууга дамба коюлган. Жергиликтүү тургун Шарипа эне үйлөрүн суу алып кетерине аз калганын айтып берди:

- Картошка айдаган жерибиздин баарын суу алып кетти. Бул жерде 20дан ашык түтүн эл бар. Суунун баарын тосушту.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук бөлүмүнүн башчысы Сүйүнбек Бекбалаевдин маалыматына ылайык, аймакта жүз элүүдөн ашуун кооптуу жер бар, азыр жер астындагы суу кооптуу болуп турат.

2010-жылы 2-мартта Кочкордо жер очогу Чолпон айыл өкмөтүндө болгон. Элүүгө жакын үй керектен чыккан. Ушул эле жылы Туз айылында сел жүрүп суу тосмону алып кеткен.

Ушундай айылдык куткаруучулр тобу Кочкордун Соң-Көл айыл өкмөтүндө да бар, ал жакта да чукул кырдаалдын алдын алуу аракеттери болууда.
XS
SM
MD
LG