Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Султаналиева: “Мастурат” аялдарды мажбурлап дааватка чыгарат


«Доор эли» коомдук бирикмесинин башчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлжамал Султаналиева диний кырдаал боюнча ой бөлүшөт.

«Азаттык»: Ошто «Мастурат» деп аталган аялдардын диний тобу кооптонууларды пайда кылып жатканы айтылууда. Сиздин уюм да бул маселеге абай салып жүргөн экен, аталган жамааттын ишине кооптонууга негиз барбы?

Гүлжамал Султаналиева: Азыр кооптоно турган жагдай болуп калды. Себеби «Мастурат» жааматынын түбүн карасак, бул Пакистандан келген агым. Бул жамааттын негизи аялдарга болгон мамилеси башкачараак экен. Маселен, 3-4-класстан баштап кыздар мектепте окубаш керек, 13-14 жаштан кыздарды күйөөгө бериш керек деген жактары бар. Эгерде дүйнө жүзүндө билимге карата мамилени карап көрсөк, Пакистан бүгүнкү күндө билим жагынан өтө төмөн деңгээлде турган өлкөлөрдүн бири, өзгөчө аялдарга карата.

Биздин коңшу мамлекеттерде: Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Орусияда “Таблиги жамаатынын” иш аракетине расмий түрдө тыюу салынган. Ал эми бул уюм Кыргызстанда 1991-жылдан бери иштеп атат. Анын борбору Балыкчы шаарында экен, ошол жерден тарап атат. Ушунун бардыгы мамлекет тарабынан саясий чечим кабыл ала турган учур келип калганын көрсөтүп турат.

«Азаттык»: Соңку учурларда тыюу салынган «Хизб-ут Тахрир» уюму да айрыкча аялдарды көбүрөк тарта баштаганы айтылууда. Мисалы, баракчаларды таратканда аялдарды колдонот, анткени аялдарга көп көңүл бурбайт, кармаса дагы катуу чараларды колдонбойт дегендей. Бул эмнеден кабар берет?

Гүлжамал Султаналиева: Көбүнчөсү бизде эркектер Кудайга ишенип, радикалдуу исламга баш ийгенде сакалын өстүрүп, дааватка кирип кетип атат. Ислам дининде жүргөн адамдар өз укугун да жакшы билбейт. Эркектерге биздин укук коргоо органдар күчүн колдонуп койсо болот. Ал эми аялга кол көтөрө албайт.

“Таблиги жааматына” кирген аялдар дааватка чыгып атканда балдары менен кошо чыгат, аялдарды дааватка мажбурлап чыгарат. Кенедей балдарын көтөрүп чыгып атат. Бул жерде радикалдуу «Хизб-ут Тахрир» уюму да колдонуп кетип атат. Балдарын көтөрүп чыкканда таратып аткан баракчаларын балдарынын кийимине катып койгон учурлар да көп кездешкенин мен угуп жүрөм.

Бүгүнкү күндө радикалдуу ислам, дегеле ислам жөнүндө маалымат өтө төмөн болгондуктан буга чейин эркек кишилерди колдонуп жүрсө, эми күч кызматкерлери аларга күч колдоно баштагандан аялдарды жана балдарды колдоно баштады. Аялдарга дааватка чыкканда күйөөсү болбосо 14 жаштагы балаңды кошо алып чык деп мажбурлайт.

Андан сырткары бардык чечимди жаамат кабыл алат. Ал жерде адамдын өзүнүн ою жок. Мунун баары бүгүнкү күндө исламдын мамлекетке кирип келиши менен ислам дининдеги адамдардын укугу төмөн деңгээлге түшүп атканын көрсөтүп атат. Биз демократиялык коомду куруп атабыз, адам укугу деп алдыга жылып атканыбыз менен ислам динине баш-оту менен кирип кеткен адамдардын укугу өтө төмөн түшүп атат. Бул нерсеге эл аралык уюмдар, жарандык коом кандайдыр бир көзөмөл жүргүзүш керек.
XS
SM
MD
LG