Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Жобого дал келбеген жоолук


Робия Мусаева, Кара-Суу районундагы 66-мектептин окуучусу, Ош облусу.

Робия Мусаева, Кара-Суу районундагы 66-мектептин окуучусу, Ош облусу.

Ош облусунда мектепке жоолукчан барган кыздардын маселеси кайрадан талкуулана баштады.

Жаш кыздардын оромол оронушуна каршы чыккан мугалимдерди ата-энелер адам укугун бузууда деп күнөөлөсө, мугалимдер жоолук мектептин жобосуна дал келбейт деген негизди карманышууда.

ЖООЛУК ЖАНА УКУК

Youth of Osh коомдук бирикмеси секелектердин хижаб кийүүсүнө байланышкан чыр-чатактарды болтурбоо, ата-энелер менен мугалимдерди бир мунасага келтирүү багытында ар кайсы аймактарда талкууларды өткөрүшүүдө. Иш-чаралар соңку учурларда мектепке жоолукчан барган кыздар жана алардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы пикир келишпөөчүлүктөрдү азайтуу амалдарын коомчулук менен талкуулоо максатында уюштурулуп жатат.

Робия Мусаева Кара-Суу шаарындагы №66 орто мектепте 9-класста окуйт. Ал эс тарткандан бери жоолук салынат. Оромол оронуп жүргөнү үчүн мугалимдери тарабынан кодулоого дуушар болуп жатканына даттанууда:

- Мен өз каалоом менен жоолук салынам. Оромол оро деп эч ким мажбурлаган эмес. Диний китептерди окуп, анда жазылган эрежелерге байланыштуу салынып жүрөм. Ал менин билим алуума эч кандай терс таасир этпейт, башкаларга да тоскоолдук жаратпайт деп ойлойм. Бирок бул үчүн мугалимдерден дайыма тил угам... Алар менин хижаб кийип сабакка киришиме уруксат беришпейт. Мектепке жеткенде дарбазанын жанында оромолду сумкама салып, анан сабакка кирем. Сабак бүткөндө мектептин коридорундагы күзгүгө каранып оромол оронсом, «сыртка чыгып орон»,- деп директорубуз урушат. Мектепте жакшы окуйм, келечекте дарыгер болгум келет. Буга ата-энем да каршы эмес. Өзүм окуп жаткан мектебимди аябай жакшы көрөм, ушул жерде 11-классты аяктагым келет. Бирок дагы эки жыл оромолсуз окууну каалабайм.

Робиянын апасы Гүлнора Ормонова мугалимдердин кызына карата мамилесине нааразы. Ал бул жагдай кызымдын билимге болгон кызыгуусун жоготуп жибербесе деп бушайман:

- Кызым мектептен кийин казыят ачкан медреседе билим алат. Өз каалоосу менен хижаб кийип жүрөт. Мектептеги сабактарын да жакшы өздөштүргөн. Келечекте дарыгер болом дегенинен, мектептеги окуусуна бардык шартты түзүп бергенбиз. Оромол оронгону үчүн мугалимдери тарабынан кодулоого кабылып жатат. Ошондон улам чүнчүп да калды. Оромол билим алууга эч кандай терс таасир бербейт, деп ойлойм. Шартка байланыштуу Орусияда иштеп жүргөн учурларымда кыздарым ошол жактагы мектептерге да хижаб менен барчу. Бирок эч кандай кодулоо болгон эмес эле. Кыргызстан деле демократиялуу өлкө. Ар ким каалагандай билим алууга, каалаган кийимин кийүүгө укуктуу. Мамлекетибиздин Конституциясы кыздардын жоолукчан билим алуусуна шарт түзүп жатса, эмне үчүн мектепте буга тыюу салынышы керек?

Робия Мусаева окуган мектептин мугалимдери окуу кийимине байланыштуу окуучуларга коюлган талаптар боюнча пикир билдирүүнү каалабады.

Райондогу “Манас” орто мектебинде да оромол орогон кыздар окуйт. Мугалим Акбермет Ырысбаеванын айтымында, жоолукчан окуучулардын көбү бул кийимди өз эрки менен эмес, ата-энесинин мажбурлоосунан улам кийишет. Ал эмес, динге берилгендиктен мектептеги сабактарга кызыгуусу да төмөндөп кеткен учурлар болууда:

- Ата-энеси менен сүйлөшсөк, кайра бизге догурунушат. Баланы өз каалоосуна коюш керек. Кыздардын көбү ата-энесинин сөзүнөн чыга албай эле оромол салып жүрүшөт. Оромолчон кыздар курбуларынан бөлүнүп калганын да байкайбыз. Теңтуштарынан бөлүнүп калуунун натыйжасында, андагы дүйнөлүк илимдерге болгон кызыгуулар да жоголот. Бир гана шарияттын жолун тутунуп калат. Бул маселени мыйзамдаштыруу жолу менен гана чечиш керек. Ак кофта, кара юбка кийип, өзүнүн жашына ылайыктуу оромол оронсо деле билинбейт. Айрымдар баштан аяк исламий көйнөктөрдү кийип алып жатпайбы.

Жийделик орто мектебинин мугалими Феруза Турсунова хижаб оронгон кыздар мектептин маданий турмушуна активдүү аралашпай калаарын айтат:

- Айрым мектептерде бир эле класстын жарымы оромол салынат. Нооруз, Жаңы жыл майрамдарына арналган кечелерге катышпайт. Анын айынан бүтүндөй бир класс маданий иш-чарага жакшы катышпады деп, жетекчилик тарабынан класстын билим көрсөткүчтөрү төмөн бааланат. Ал тургай дене тарбия сабагына такыр кирбей коюшат. Диний жакка ооп кеткен кыздар көбүнчө окууда жакшы ийгиликтерди жарата алышпайт. Алардын диний билим алуусуна каршы эмеспиз, бирок заманбап илимди тең алып кеткени жакшы.

БҮТПӨГӨН ТАЛКУУ

Секелектердин хижабчан жүрүүсүнө байланышкан талаш-тартыштар бүгүн эле жаралып калган эмес. Акыркы он жылдын аралыгында бул коомдогу актуалдуу көйгөй катары улам-улам көтөрүлүп келет. Кыргызстанда мектеп окуучулары жоолук салынсын же салынбасын деген анык бир мыйзам жок.

Оштогу “Ыйман-Бакыт” коомунун төрагасы Талант Алмаматовдун айтымында, өлкө Конституциясындагы нормалар менен мектептердин жоболору бири-бирине дал келбей жатат:

- Айрымдар мектепке оромол ороп келүүнү мыйзамдаштырып коюш керек деп жатат. Конституциядан башка дагы бизге кандай мыйзам керек? Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, ар бир окуучу билим алууга укуктуу. Дин тутуу да эркин. Мектепке жоолукчан келеби, баш кийими жок келеби, мугалимдер билим берүүгө милдеттүү. Окуучу ошолор берген билимди окууга милдеттүү. Ооба, мектептин жобосуна сөзсүз түрдө баш ийиш керек. Бирок ал жобо ата-энелердин катышуусунда, Баш мыйзамга ылайык кабыл алынышы керек. Билим берүү министрлигинин 2011-жылдын 11-сентябрында 541-номур менен кабыл алган токтому бар. Ага ылайык, мектепке жоолук салынып келүүгө уруксат берилген.

Секелектердин мектепке жоолукчан келиши Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кеңири жайылганы айтылат.

Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Памир Жакыпов билдиргендей, Билим берүү министрлигинин токтомуна ылайык, мектеп окуучулары бирдиктүү формада кийинсин деген жобо өткөн жылдын январь айында кайрадан иштелип чыккан. Ага ылайык окуучу кыздар ак кофта, кара юбка кийиши керек. Бирок жоолук салууга тыюу салынган эмес:

- Жоолук салып мектепке келүүгө тыюу салынган эмес. Бирок мектептин бирдиктүү формасын сакташ керек. Баштан аяк исламий кийинип албай, мектепке ылайыктуу кийинсе жакшы болот. Жакында Кара-Суудагы Тажиматов орто мектебинде чоң жыйын кылдык. Ага имамдар, укук коргоочулар, ата-энелер жана мугалимдер катышты. Жыйынтыгында окуучу кыздар оромолду моюндун алдынан эмес, артынан өткөзүп оросун деген чечимге келишиптир...

Кызы хижаб оронгон ата-энелер билим берүү тармагында иштегендерди окуучуларга бирдей мамиле жасабайт деп да күнөөлөшөт. Алардын оюнча, жарым-жылаңач кийинген кыздар жөнүндө маселе көз жаздымда калып, оромол оронгондорду көйгөй кылып көтөрө берүү адам укуктары бузулуп жатканын көрсөтөт.

Талкуу көрсөткөндөй, хижаб боюнча бир жаңсыл чечимге же көз карашка келгиче дагы кыйла мезгил бар сыяктуу...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG