Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:03

Кыргызстандык активист Болот Ибрагимов “дрыщ” атка конгон Адилет Жунусовдун сотко кантип пара берип чыкканы жазылган аудиону интернетке жарыялады.

Коомчулукка тараган аудиодо "маичилердин" мурдагы коомдук жардамчысы делген Адилет Жунусов Бишкек шаарындагы жол кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерин видеого тартып, интернетке байма-бай жүктөп турган активист Болот Ибрагимовго телефон чалып, сот менен адвокатка миң доллардан акча берип, жеңил жаза алганын айтып берген.

Ибрагимовдун айтуусунда, ал сүйлөшүүнүн жазылып жатканын байкаган эмес. Окуянын катышуучуларынын арасынан көбүрөк жаза алып, абакта узак отуруп калганын адилетсиз чечим катары атаган. Ошондой эле укук коргоо органдарына таарынычы чоң экенин билдирип, атүгүл чогуу иштешип, соттордун пара алганын ачыктоону жарандык активистке сунуштаган.

Болот Ибрагимов алгач тасманы Ютубдагы баракчасына жарыялап, кийинчерээк өчүрүп салды. Муну Адилет Жунусовдун иштен айдалган жол кайгуул кызматкерлери өзүнөн өч алууну көздөп жатканын айтып жүргөнү менен байланыштырууда:

- Адилет досторуна мурдагы "маичилер" мени өлтүрүүнү максат кылып жатканы тууралуу маалымат таратыптыр. Биз азыр мунун үстүнөн иштеп атабыз. Милицияга кайрылган жокпуз. Анткени аларга ишеним аз. Ошондуктан буга кошумча маалыматтарды кошуп, кайрадан жакын арада интернетке коебуз.

Ал эми бул ишти караган Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов "ала таякчандар" жазасын пара менен жеңилдетти" деп айтылгандарды четке какты:

- Бул эки бала бири-бирин тартып эле жүрбөйбү. Жол кайгуул кызматкерлерин да тартты. Соттоп да бердик. Эми кайдагы болбогон кептер айтылыптыр. Анын бири да чындыкка жакын эмес.

Коомчулук бүйүрүн кызыткан бул окуяда Адилет Жунусовго да, Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрүнө да башкаларга сабак болгудай жаза берилген жок деген сын-пикир да бар. “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова:

- Баары ийне-жибине чейин изилденгенден кийин тиешелүү, катуу чара көрүлүшү керек болчу. Антпесе, мындай көрүнүштөр кайталана берет.

Былтыр жол күзөтчүлөрү Бишкектин көчөлөрүнүн биринде бараткан унааны токтотуп, айдоочудан пара талап кылышкан. Аны активист Болот Ибрагимов видеого тартып, эмне үчүн акча сурап жатканын билүүгө кызыкканда, инспекторлордун жанында турган жигит аларга ыдык көрсөткөн. Оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, машинеси менен кубалап, номерин чечип алганы, коркутуп-үркүткөнү тартылган тасма коомчулукка тарап, кызуу талкууга алынган.

Кийин анын аты-жөнү Адилет Жунусов экени, жол коопсуздук кызматында штаттан тышкаркы кызматкер болуп иштери ачыкка чыккан болчу. Бул ишти президент, өкмөт башчы жана ички иштер министри өз көзөмөлүнө алып, кылмыш иши козголгон.

Декабрда Октябрь райондук соту Жунусовду жана эки жол күзөтчүнү күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде Жунусов “бейбаштык” беренеси боюнча бир жарым жылга жатак абакка кесилип, үч ай жатып чыккан.

Ал эми Жол кайгуул кызматынын инспекторлору Жеңиш Чокморов менен Урмат Белеков УКМКнын тергөө абагында жазасын өтөп, мындан тышкары административдик айыпка жыгылган, иштен айдалган эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG