Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:07

Кыргызстанда киши колдуу өлүмгө кириптер болгондордун 25 пайызы үй-бүлөлүк чатактарга туура келээрин Ички иштер министрлиги билдирди. “Арай көз чарай” талкуусу үй-бүлөлүк чырлар темасына арналды.

Катышуучулар: Социология илимдеринин кандидаты, "Аялдарга жардам" борборунун байланыш боюнча координатору Топчугүл Шайдуллаева жана журналист Бейшенбек Бекешов.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Айданек: Күйөөм кол тийгизген күнү эс-учумду билбей кечке жаттым. Эртеси ооруканага барам деп, бирок бара албай үйдө эле дарыланып, үйдөн эле жакшы болдум. Бир чети көгала болгонуман окуучуларга да уят болом деп мектепке да барган эмесмин.

Үйдө тынч болбогондуктан, жумушка деле көңүлүм келбей калган. Акыркы жолу мышьяк берип, "өлтүрөм сени" деп коркуткан. Ага чейин бетим көрүнбөй калганча сабаган. Кийин бети көгөрөт дегенби, буттарымды ургулап, көгөрүп, шишип чыккан. Өзүм жогорку окуу жайын бүтүргөм. Ишиме да күйөөм көп тоскоол болот. Башыма көп урчу. Ошондуктан башым деле чайкалып, жаракат алсам керек деп ойлойм.
"Чекеме чертти" деп эле сотко бара берсе, анда үй-бүлө ошону менен жок болот. Бир үй-бүлө кыйраганда коом, мамлекет кыйрайт.

“Азаттык”: Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жыл сайын үй-бүлө чыр-чатагы боюнча 10 миңге жакын арыз түшсө, алардын 97% аялдардан экен. Ошондой эле Кыргызстанда киши колдуу өлүмгө кириптер болгондордун 25 пайызы үй-бүлөлүк чатактарга туура келээри белгиленген. Үй-бүлө жаңжалдарынын арты эмнеге ушундай каргашалуу бүтөт?

Топчугүл Шайдуллаева: Үй-бүлөдөгү чыр-чатактардын себеби өтө көп. Биринчиден, илгертен келаткан үй-бүлөнү сактап, коргой турган салттуу эрежелер бузулуп калды. Каада-салтыбыздагы, диний жөрөлгөлөрдөгү үй-бүлөнү кармай турган принциптер, нормалар бүгүн иштебейт.

Экинчиден, мамлекеттин саясатында да үй-бүлөнү бекемдей турган механизмдер жок. Тарыхка кылчайып караганда деле бардык өлкөдө, бардык элдерде ушул баалуулукту коргойбуз деген көп иш-чаралар өтүп келген. Анткени эки башка адамдын бир үй-бүлөгө биригип жашашы, бала күтүп, өмүр кечириши өтө татаал жана ыйык нерсе.

Моралдык, этикалык жактан алганда да адамзаттын өмүр кечириши үчүн мындан өткөн баалуулук жок. Өз элин сактайм деген улут мамлекет үй-бүлөнү сактоого абдан чоң көңүл бурушкан. Азыр бизде ушул механизмдердин бардыгы өлүп калды, ал эми жаңысын иштеп чыккан жокпуз.
Каада-салтыбыздагы, диний жөрөлгөлөрдөгү үй-бүлөнү кармай турган принциптер, нормалар бүгүн иштебейт.

Жалпы баалуулуктарды алганда аялдын деле эркек катары укуктары бар. Аял деле бир келген жашоодо бардык жакшы нерсени көрүш керек, жакшы нерселерге жетиш керек. Эгер күйөөсү багам, жакшы каржылайм десе, аял киши кантип эле баласы 3-4 жашка чыкканга чейин иштейм деп жанталашсын. Күйөөлөрүнүн жакшы бакпаганынан, эркектердин деградацияга кабылып, аракеч болуп кеткенинен суукта тоңуп? базарларда отурушат.

Бейшенбек Бекешов: Эгер мамлекетти сактайм десек үй-бүлөдөн башташ керек. Үй-бүлөнү сактоонун эрежелери кыргыз коомунда ата-бабабыздан бери эле сакталып келген. Азыр ошонун бардыгын карманбай, унуткандыктан бүгүнкү ашмалтай абалга келип отурабыз.

Ал эми жогоруда келин күйөөсүнүн урганын айтып жатпайбы. Урду деген натыйжасы гана, кандайдыр бир аракеттердин орто жериндеги эле иш. Эмне үчүн урду деген маселе чыгып жатпайбы. Мисалы, ишке чыкканымды жактырбайт деп айтып атат. Турмушка чыккандан кийин күйөөсү "үйдө отур, баланы бак, каржылап турам" десе үйдө отуруш керек. Же башында иштейм деп сүйлөшүп алыш керек. "Чекеме чертти" деп эле сотко бара берсе, анда үй-бүлө ошону менен жок болот. Бир үй-бүлө кыйраганда коом, мамлекет кыйрайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG