Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Эмгек кодекси: ким утту, ким уттурду?


Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясы “Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга вето коюусун президенттен өтүнүүдө.

"Арай көз чарай" талкуусуна экономист, эксперт Искендер Шаршеев жана Кесиптик кошуундар федерациясынын башчысы Асылбек Токтогулов катышты.

“Азаттык”: Асылбек мырза, жаңы Эмгек кодексинде жумушчунун укугу тебеленген кандай мүчүлүштүктөр бар?

Токтогулов: 2004-жылы кабыл алынган Эмгек кодекси бар, ал 446 беренеден турат. Анда жумуш берүүчүлөр менен жумушчулардын ортосундагы бардык мамилелер иреттелип, тартипке салынган.

Ал эми азыркы өкмөттүн жаңы Эмгек кодексинде 136 берене бар. Анда жумуш берүүчүлөр менен жумушчулардын ортосундагы мамиле толугу менен ыраатталып, негизги укук жумуш берүүчүгө берилген. Анда жалданып иштөөчү менен жумуш берүүчүнүн ортосунда Эмгек келишими түзүлөрү айтылып, бул келишим Эмгек кодекси менен барабар багытта сунушталып калган.

Эгерде жумуш берүүчү жалданып иштеген кишини жумуштан кетиргиси келсе, Эмгек кодекси боюнча ага 30 шарт түзүлүп берилген. Ал ошол шарттар боюнча кызматчысын жумуштан кетирүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ошого карабай эки тараптын ортосунда Эмгек келишими түзүлөт, анда жумуш берүүчү каалаган шартын коюп, жалданып иштөөчүнү ишке алат. Бул деген жумуш берүүчүгө чексиз укук берилди дегенди түшүндүрөт.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Шаршеев: Эң биринчиден мурдагы Эмгек кодексиби, азыркы Эмгек кодексиби –экөөнүн тең толук кандуу иштебей келгенин эске алуу керек. Жаңы редакция боюнча Эмгек келишими Эмгек кодексине барабар деген маани берилгени менен, баары бир сотто башкы нерсе – келишим болуп калат. Бул жерде жаңы же эски кодекстин жакшы, жамандыгы эмес, жумушка кирген кишинин өз укугун билгени, укугун коргой алганы же албаганы – эн негизги суроо болуп атат.

“Азаттык”: Асылбек мырза, мурунку Эмгек кодексинин тушунда деле айрым чакан ишканалар, мисалы: тигүү цехтери, май куюучу бекеттерде, базардагы иш орундарында жүздөгөн улан-кыздар эч кандай укуксуз, келишимсиз, болгону паспортунун көчүрмөсүн жумуш берүүчүгө берип коюп, анын берген акчасын алып иштеп жүрүшпөдүбү. Бул көрүнүш бүгүнкү күндө деле бар.

Эгер ошол жумушчунун башына иш түшүп, ооруп калса же башка бир жаман нерсе болсо, жумуш берүүчү аны жөн гана бошотуп, ордуна башка киши алып алат. Кесиптик кошуундар федерациясы мына ушундайча жол менен иштеп жаткан адамдардын укугун коргоп бере алабы?

Токтогулов: Эгерде бүгүнкү күндө туруктуу мыйзам, анда жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы ыйгарым укуктардын баары толук көрсөтүлүп турса, аны дагы жаңылоонун зарылдыгы бар беле? Кептин баары ошол мыйзамдардын толук аткарылбай жаткандыгында болуп жатпайбы. Ар бир жаран өзү жумушка кирип жатканда өздөрүнүн укуктарын билип, мыйзамдык талаптарды койо билүүсү керек. Биз мына ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Азыр болсо мамлекет сиз айтып жаткан мыйзамсыз иштеп жаткан жарандарды азайтабыз деп эле жарандардын укугун ары түртүп жатат.

Шаршеев: Өкмөт бул реформаны жүргүзөрдөн мурун биз эксперт катары өз пикирибизди айтканбыз. Бизде мамлекеттин эсебинен жашап, айлык акы алып иштеген адамдар көбөйүп кеткен. Ар бир бешинчи адам бюджеттен айлык алат. Мамлекеттик кызматкерлерди кыскартып, андан үнөмдөлгөн акчаны ички, тышкы карыздарга жиберебиз деген чечим кабыл алынган. Муну ишке ашырууга мурдагы Эмгек кодекси аябай тоскоол болгон. Анткени ага ылайык, кызматкерди жумуштан алуу үчүн кайра эле бюджеттен ага компенсация төлөп берүү керек болчу.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG