Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

Кыргызстандагы байлардын бири саналган Нариман Түлеев тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Алардын арасында анын уюштуруучулук жөндөмүнө, ишкердик талантына тан бергендер да, андан карөзгөйлүк менен алдым-жуттумдукту көргөндөр да бар.

Бүгүнкү күндө коррупциячы катары айыпталып жаткан саясатчы Нариман Түлеев деген ким?

“Темирден” темир жолго...

Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Нариман Түлеев кесиби боюнча инженер-куруучу. 1985-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөн. Ал 2001-жылдан март ыңкылабына чейин мамлекеттик “Темир” ишканасында башкы инженерден директорго чейинки кызматтарда иштеген. Ал эми март ыңкылабынан кийин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына башкы директор, 2008-жылдан апрель ыңкылабына чейин Бишкек шаар мэри болуп иштеген.

Нариман Түлеев Кыргызстандагы байлардын катарында саналат. Жакында “К-ньюс” агенттигине берген интервьюсунда алгачкы 100 млн. долларын 90-жылдары тапканын белгилеген. Бул жылдары ал көпчүлүккө кара жана түстүү темир чогултуп, Кытайга сатуу боюнча адистешкен ишкер катары таанылган. Ага жараша “Темир” мамлекеттик ишканада иштей баштаганы Түлеевди темир сатуу боюнча мыйзамсыз лицензия сатып пайда көрүп атат деген сөз ээрчиген.

Ал эми Темир жол ишканасына келгенде анын жамааты жаңы баш директорду ачык эле коррупциялык иштерди жасап атат, кесипкөй адамдарды четтетип, өз кишилерин коюп атат деген дооматты коюшуп, акцияларды уюштурушкан. Өзүн-өзү өрттөө сыяктуу радикалдуу кадамдарга барарын айтып чыккан темир жолчулар менен Түлеевди Азиза Абдырасулова сыяктуу укук коргоочулар ортого түшүп атып элдештиришкен.

Түлеев ишкер эле эмес, ар кандай зөөкүрчүлүк иштерден кайра тартпайт деген имиштерге ошол кездеги КТРдин журналисти Кайрат Биримкуловдун сабалып, анын артынан Швейцарияга башпаанек алып кетиши жем таштагандай болду. Журналист Биримкулов өзүнүн сабалышын “Кыргыз темир жолундагы” коррупциялык иштер тууралуу телесюжетине байлап, анын артында Түлеевдин кишилери турат деп билдиргени бар.

“Ак шапкечендердин” артында турдубу?

Нариман Түлеевге олуттуу доомат март ыңкылабынан кийин коюлду. Ошол кездеги ыңкылапчылар борбордук аянтта ак шапкечен чабуулуна кабылганы жалпыга маалым.

Андагы ыңкылапчылардын бири, саясатчы Эдил Байсалов буларды белгиледи:

- Бул инсан 24-мартта 2005-жылы Адил Тойгонбаевдин буйругу менен ак кепкачан бандиттерби, же темир жолдо иштегендердиби, айтор ошол биздин элге каршы жөнөткөн. Мурун ошол Айдар Акаев, Адил Тойгонбаев менен дос болсо, кийин Максим Бакиев менен тил табышып жүрдү.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова эл оозунда мындай сөз калганы менен анын чын-бышыгы мамлекеттик деңгээлде териштирилген эмес дейт. Ишкер саясатчынын ишмердигинин мыйзамдуулугун мамлекеттик деңгээлде 2010-жылдын апрель ыңкылабынан кийинки бийлик териштирүүгө киришип, мэр болуп турган кездеги ишмердигине байланыштуу эки кылмыш ишин козгогон.

Ал аралыкта Түлеев парламенттик шайлоого “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен катышып, мандат алууга жетишти. Ушул эле айыптын кайра жандандырылып, “коррупциячы” деген негиз менен камакка алуу аракетин Түлеев өзүнүн саясий ишмердигине байлап жатат.

Анткен менен коомчулукта Түлеев саясатчы эмес, биринчи кезекте чарбакер катары көбүрөөк бааланат. Укук коргоочу Азиза Абдырасулованын пикиринде:

- Түлеев саясатка аргасыз келди. Анын Бишкек шаарына кошкон салымын саясатчылар да, бишкектиктер да, мамлекет да баалабай койду.

Ошол эле кезде саясатчы Эдил Байсаловдун баамында, Түлеевде саясатчылык дымак дагы, принцип дагы жок, анын чоң саясатка аралашышына байлыгы, өзүн мыкты даңазалай билгени жардам берди. Ошентсе да бийликтин оппозициячыл саясатчынын айыбын ачуу максатын көздөгөн осол аракети тескерисинче олуттуу саясий упай топтоп берди дейт Байсалов. Түлеев өзү болсо апрель окуясынан кийин чоң саясатка батыл киришүүсүн Кыргызстанга кайтып келүүнүн жалгыз жолу болчу деп түшүндүрүп жүрөт.

Бишкек шаар мэри болуп иштеп турган Нариман Түлеев башка таасирдүү мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу эле апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок мурдагы бийликтин аттуу-баштууларынан айырмаланып ал парламенттик шайлоого катышуу максаты менен Москвадан парламенттик шайлоонун алдында кайтып келген. Келери менен тиешелүү тартип кызматтарынын тузагына түшкөн Түлеев соттук териштирүүлөрдөн кийин парламенттик шайлоого катышуу укугун алган. “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке келген ишкер кийинчерээк президенттикке да, өкмөт башчылыкка да талапкерлигин койгон.

Маалымат булактарында Нариман Түлеевдин байлыгы азыр 400-500 млн. долларды чапчып тургандыгы белгиленүүдө. Салабаттуу байлыкка ээ Түлеевдердин ишкердигинин бир кыйыры орусиялык таасирдүү мамлекеттик ишмерлердин жакындарында жатканы айтылып жүрөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG