Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Жол коопсуздугу көңүл назарындабы?


Жаңы окуу жылына саналуу күндөр калды. Жеткинчектердин жолдо жүрүү коопсуздугу камсыз болдубу?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Темиркан Керимбаев жана Бишкек шаардык курулуш башкармалыгынын башчысынын жол куруу тармагы боюнча орун басары Абдыжапаркул Жанболотов катышты.

“Азаттык”: Үч күндөн кийин мектептер кайрадан балдарга эшигин ачат. Кыргызстандын жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы, жергиликтүү бийликтер жаңы окуу жылына даярбы?

Керимбаев: Жыл сайын жаңы окуу жылы башталар алдында биздин бардык курамга жол коопсуздугун күчөтүү боюнча атайын көрсөтмө жиберилет. Ошондой эле 1-сентябрь күнү мектептерге офицерлерибизди жиберүүгө аракет кылабыз. Алар мектептердеги салтанаттуу жыйындарга, сабактарга катышып, балдарга жолдо жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүп беришет. Мындан тышкары мектептерге жакын, автокыймыл көп жерлерге жол көзөмөлчүлөрдү койобуз. Алар 15-сентябрга чейин ошол аймактардагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышат.

“Азаттык”: Абдыжапаркул мырза, Бишкек шаарындагы жолдорго ар кандай жол белгилерин коюу иши сиздердин мекемеге тийиштүү турбайбы. Мына үч күндөн кийин жаңы окуу жылы башталат, бирок эмгиче борбор калаадагы жолдордо белгилер жок.

Жанболотов: Жол белгилерин коюуга жакында эле каражат бөлүндү. Мойнубузга алыш керек, ооба, кечигип жатат. Бул ишти аткаруу боюнча тендерден утуп алган ишкана азыр түнү-күнү иштеп атат, бир жума мурда башталган.

Автожолдорго түшүрүлүүчү белгилер термопластикалык суюктук менен чийилүүсү керек, бирок ала өтө кымбат тургандыктан, шаардын бюджетиндеги каражат жетпейт. Ошондуктан азыр жол белгилер атайын бойок менен чийилип атат, анын мөөнөтү алты айга чейин.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Мектептерге, бала бакчаларга жакын жерлерге атайын белгилер кандай шартта коюлат?

Жанболотов: Бизге жол белгилери коюлуучу жерлерди МАИ кызматы көрсөтүп берет. Андан тышкары мекемеге мектептердин, бала бакчалардын жанына коюлуучу жол белгилер тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы маалымдайт. Биз өзүбүз да Бишкектеги жана анын чет жактарындагы жаңы конуштарда курулуп жаткан мектептерди изилдеп, жол белгилери жок жерлердин баарын аныктадык.

“Азаттык”: Мектептердин жанына машиненин ылдамдыгын азайтууга аргасыз кылуучу “жолдо жаткан полициячы” деп айтылчу жол белгилерин коюуга уруксатты ким берет?

Жанболотов: Ал белгилердин азыркы желим түрүнүн сапаты начар болуп, жарактан тез чыгып калып атат. Биз Кытайдын дагы бир ишканасы менен сапаттуурагын алуу боюнча сүйлөшүп жатабыз. Бирок биздин мыйзамдар боюнча жолго андай белги коюуга уруксат жок экен.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG