Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Жол: сан да, сапат да зарыл


Кыргыз өкмөтү Бишкектеги жолдорду оңдоо үчүн түркиялык гранттан 30 млн. доллар бөлдү. Борбор калаадагы тамтыгы чыккан жолдорду жаңыртууга, шаарды айланта курчаган жаңы конуштарга даңгыр жол салуу ниетин Бишкек мэриясы билдирүүдө.

"Арай көз чарай" талкуусуна “Эреп” ассоциациясынын башчысы, жаңы конуштар боюнча адис Мирзат Ажиев жана Бишкек шаардык курулуш башкармалыгынын башчысынын жол куруу тармагы боюнча орун басары Абдыжапаркул Жанболотов катышты.

“Азаттык”: Абдыжапаркул мырза, ушул бөлүнгөн акча канча чакырым жолду оңдоп-түзөөгө же жаңыдан курууга жетет?

Жанболотов: Биринчиден, мен былтыркы иш алкагынын ичинде быйыл курулуп жаткан жолдорду айта кетейин, булар Ош базарынын тегерегиндеги жолдор. Аларды калыбына келтирүү үчүн 130 млн. сом сарпталууда. Өзүңөргө белгилүү азыр базарды айланта курчаган Киев, Бейшеналиева жана Кулиев атындагы көчөлөрдү оңдоо иштери жүрүп жатат. Булардан тышкары республикалык жана шаардык бюджеттен дагы алты көчө, жаңы конуштарга кире берүүчү жолдор 200-300 метрден курулат.

“Азаттык”: Борбор калаадагы борбордук көчөлөрдүн абалына да сын-пикирлер айтылып келет. Жол курууда санына караганда сапатына көңүл бурулбай жатат деген пикирлерге кандай карайсыз, Мирзат мырза?

Ажиев: Биз баарын көрүп-түшүнүп турабыз. Чындыгында жолдун сапаты жол куруучулардын сапаттуу жасоосуна байланыштуу. Аны шаардык бийлик көзөмөлдөп, эгер сапаты талапка жооп бербесе, кабыл албаш керек.

Акыркы убактарда жолдордун абалы өтө эле начар абалга түшүп калды. Мисалы, жаңы конуштарга өткөн жылы салынган жолдордун узун-туурасын ченегенде мэриянын кызматкерлери, жетекчилик көңүл бурушу керек. Анткени отчетто бирди жазып, иш жүзүндө башканы жасап коюп атышат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Азыркы шаар бийлиги жаңы келген тушта эле шаардагы айрым абалы начар ири жолдор ондолот деп убада берген эле, анын ичинде шаардагы бирден-бир медициналык тез жардам ооруканасы - №4 ооруканага алып баруучу Гагарин көчөсү жаңыланат, ага катарлаш Иса Ахунбаев атындагы көчөнүн Арча-Бешик жаңы конушу аркылуу уландысына да асфальт басылат деп айтылган болчу. Мына үч жылга аяк басты, бул убадалар ишке ашпай турат. Эми түркиялык грантттан бөлүнгөн акчага бул жолдор оңдолушу мүмкүнбү?

Жанболотов: Сиз айтып жаткан Гагарин көчөсү толугу менен түркиялык грант менен ондолуучу жолдордун ичинде бар. Бул каражатка шаардагы Чапаев көчөсү, Түштүк магистралы Алматы көчөсүнөн батышты көздөй Кривоносов көчөсүнө чейин эки тараптуу улантылып курулат. Кривоносов көчөсү жаңы конуш аркылуу Гагарин көчөсүнө кошулат, андан Алыкулов көчөсү аркылуу Дэн Сяопин көчөсүнө чейин айлампа жол курулмакчы. Бул шаарды курчаган айлампа жол болуп, Бишкектеги жол тыгынын жеңилдетүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Үч жылдан бери жолдор жасалган жок дегенге кошулбайт элем, Панфилов районунда темир жол аркылуу авто жол ачылды. Свердлов районунда, жаңы конуштарда эски жолдор оңдолуп, жаңы жолдор курулду. 2008-жылга чейин Бишкектин жолдоруна көңүл бурула баштаган, 2009-жылдан тартып республика шаарга жардам бере баштаган. Ага чейин Бишкектин өзүнүн бюджети жетчү эмес.

“Азаттык”: Мына өткөн жылы АРИС уюму биргелешип, жаңы конуштарга жол курулду. Бирок жашоочулар ушул жолдордун туурасы 4-5 метрдин айланасында, эки унаа катар келсе батпайт деп нааразылык айтып келатышат. Мирзат мырза, бул маселе боюнча сизде кандай пикир бар?

Ажиев: Жолдорду куруу учурунда өлчөп-ченөөгө да сапат катары эле көңүл бурулушу керек эле. Эл аралык уюмдар өз акчасына курган күндө да мэрия буга көңүл бурушу керек эле. Ушундан улам бул элдин нааразылыгын туудуруп атат.


Бишкектин жолдору оңдолот
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG