Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Укук коргоочулардын белгилешинче, Бишкек конуштарында каттоосунун жоктугунан аялдар менен балдар догдурга көрүнө албай, башка да укуктарынан ажырап жатат.

Алар каттоо системасын жеңилдетүү зарылдыгын белгилешүүдө. “Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: “Балдарды коргоо борборунун” адис кызматкери Таалай Жакыпов, Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев жана Эркин базар институтунун директору Мирсулжан Намазалиев.

“Азаттык”: Жаңы конуштарда каттоого туруу канчалык түйшүктүү, канча кагаз жыйнаш керек?

Таалай Жакыпов: Бул жерде анчалык деле түйшүктүн зарылдыгы жок деп айтсак болот.

Негизги маселе мамлекеттик көрсөтүүчү мекемелердин кызматкерлеринин акча талап кылганы көбүрөөк жүдөтүп жиберет. Айталы, бала төрөлгөндө паспорту жок болгондуктан убагында күбөлүк ала албай калды. Кийин күбөлүк алаарда төрөлгөндүгү тууралуу аныктама алыш керек. Паспортун алып барса, бир-эки күндө ошондой аныктама берип койсо болот. Жок, бүгүн колум бошобой жатат, эртең, бүрсүгүнү деп сүйрөгөн жагдайлар көп болууда.

Мындан сырткары Бишкекте каттоонун айынан убагында метрике ала албай калгандардын алды азыр үйлөнүп, балалуу болуп калышты. 30-35ке чыккан келиндер азырга чейин паспорт ала албай жүрөт. Паспорт алыш үчүн Баткенге, Алайга барыш керек болот. Бирок алардын көбү чындыгында эле айылга барганга мүмкүнчүлүгү жок, каражаттары жетишпейт.

Жакында эле Дордой жаңы конушунда ар бир үйгө кирип каттап чыктык. 496сында каттоо таптакыр жок, 161 адам паспорт алган эмес. Демек ошончо үй-бүлөдөгү балдардын да туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок дегенди түшүндүрөт.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Азыр калкты каттоонун жаңы ыкмалары, системасы иштелип жаткан экен. Ички мигранттарга жеңилдиктер каралганбы?

Дүйшөн Сатыбалдиев: “Мамлекеттик калкты каттоо жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип жатат.

Мындан сырткары эки жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков демилге көтүрүп, биз менен чогуу “Паспорт жөнүндө” мыйзамды сунуштап жүрөт. Ушул мыйзамдар кабыл алынып, ишке киришип калса, эл үчүн каттоо маселеси жеңилдеп калмак. Бирок мыйзамдар киргенден кийин да анын базасын түзүш керек, ал электрондук автоматташтырылган база болуш керек. Ошондо гана элге жеңилдик болот. Анткени азыр кол менен картотеканын негизинде база кылып келатабыз. Мындай учурда эл үчүн баягы эле түйшүк жарала берет.

Каттоого туруу, чыгуу, жашаган жеринен алуу жана башка ушул маселелердин баары бири-бири менен чырмалышкан. Биз каттап эле берейин десең каякка каттайбыз? Үйү болсо да документи, алтургай чечими жок.

“Азаттык”: Мирсулжан, сиздер такыр эле каттоо системасын алып салыш керек деген демилге көтөрдүңүздөр эле. Ички мигранттарды каттоону жеңилдетүүнүн кандай жолдорун сунуштайсыз?

Мирсулжан Намазалиев: Каттоо, жашаган жерине каттоо дегендин өзү азыркы деле, илгерки заманга деле жооп бербеген нерсе. Мисалы, мен акыркы 3 жылда беш жерге көчтүм. Беш жыл мурда агамдын үйүнө катталгам, бирок ал жерде жашабайм. Улам батирден батирге көчүп тургандыктан ал жакта катталыштын эмне кереги бар?

Кыргызстандын жалпы калкы айрым бир шаардын калкына да жетпейт. Мисалы, Мумбайда 10-15 миллиондой киши жашайт. Аларды деле каттоого бөлүп салып, силер бул тарапка кирбегиле, тигил жакка барбагыла деген туура эмес. Каттоонун өзүнүн эмнеге керек экенин жакшылап түшүнүш керек. Жөн эле каттоо болуш керек, аны жеңилдетебиз деген жакшы ой болбой калышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG