Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты 2009-жылга чейин жеке турак үйлөр курулган жер тилкелерин мыйзамдаштырууну сунуштоодо.

Депутаттардын бул демилгеси элдин социалдык көйгөйүн чечүүдөгү иштиктүү аракеттерби же парламенттик шайлоо алдындагы саясий упай топтоо амалыбы? “Арай көз чарай” бул жолу ушул темага кайрылды.

Талкууга катышкандар Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын демилгечилеринин бири Эсенгул Исаков, Бишкек мэриясына караштуу жеке турак үйлөрдү куруу департаментинин директору Самарбек Болотбеков жана “Биздин укук” коомдук фондунун төрайымы Калича Умуралиева.

"Азаттык": Эсенгул мырза, сиздер сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда 2009-жылга чейинки жеке турак жай куруп алган жер участокторун мыйзамдаштыруу керек деп жүрөт, мындай демилге кайсы зарылдыктан келип чыкты?

Эсенгул Исаков: Бул маселе бүгүн эле чыга калган жок, дээрлик 30 жылдан ашык убакыттан бери чечилбей келатат. Мындан саясий упай топтойлу деген оюбуз деле жок, мен жер маселесин 2011-жылдан бери көтөрүп келатам. 2012-жылдан бери жер-жерлерди кыдырып, эл менен талкуулаганбыз...

"Азаттык": 1983-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилде республиканын 32 районунун 217 айылдык округунда 13 миңден ашык гектар аянтта, анын ичинде 11 миңден ашык гектар сугат жерлерине турак үйлөр курулуп, калганын мыйзамдаштыруу зарылдыгы пайда болду. Аны убагында жергиликтүү бийликтер ар кандай жолдор менен таркатып беришкен, мыйзамдан мурда бийликтин жоопкерчилигин сураш керек беле?

Калича Умуралиева: Союз кезинде Кыргызстандын 7 пайызы гана сугат жер деп эсептелчү, азыр андан да азайып кетти. Айыл өкмөттөр мыйзамсыз берсе, жоопкерчиликке тартуу керек...

Самарбек Болотбеков: 2005-2010-жылдары Бишкек шаарында мыйзамсыз берилген жерлер боюнча жоопкерчиликке тарткан фактылар бар. Бирок алар аз, жоопко тартылып алып кайра эле иштеп жаткан учурлар да аз эмес. Айрымдары айып пул төлөштү, жоопкерчиликтен бат эле кутулуп кеткен фактылар болгон...

Эсенгул Исаков: Жогоруда айтылган 11 миң гектар жерди мыйзамсыз басып алган деп айтпаш керек. Убагында айыл өкмөтү, райондук кеңеш, облустук кеңештин калктуу конушка берилсин деп чечимдери, токтомдору чыккан, демек мыйзамдуу.

Бир гана маселе: жергиликтүү органдар жердин категориясын которушкан эмес, үйлөр курулуп калган. Алар шайлоого катыша албайт, кредит ала алышпайт ж.б. толгон маселелер чыгууда. Жоопкерчилик маселесине келгенде биз сунуш кылып жаткан мыйзам долбоорлору боюнча Кылмыш-жаза кодексине, Административдик кодекске, мораторий боюнча мыйзамга да өзгөртүүлөр кирет, мыйзам бузган жетекчинин жоопкерчилиги каралат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG