Линктер

Кыргызстанда жыл сайын өндүрүштө расмий катталган кырсыктардын саны жарым миңге чамалап, андан алтымыштан ашык адам көз жумат. Ал эми майып болгон адамдарга жылына көлөмү 100 миллион сомдон ашкан каражат мамлекеттин эсебинен жардам катары берилет.

Эмне үчүн өндүрүштө техникалык коопсуздук эрежелери сакталбайт? Буга башкы себеп коопсуздук чараларын жакшыртууга зарыл болгон кошумча чыгымдан качуубу же кадимки эле кайдыгерликпи?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” таңкы талкуусу мына ушул өндүрүштөгү кырсыктарды кантип алдын алуу керек деген маселеге арналды.

Талкууга Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эмгекти коргоо жана жөнгө салуу башкармалыгынын башкы инспектору Кубан Маатказиев, Кыргызстан профсоюздар уюмунун техникалык инспекция бөлүмүнүн башчысы Догдурбай Тыныбеков жана “Аю курулуш” компаниясынын техникалык коопсуздук боюнча инженери Кубат Курманкожоев катышты.

“Азаттык”: Кубан мырза, Кыргызстанда жылына өндүрүштө болгон кырсыктардын саны 500гө жетет, андан каза болгон адамдардын саны 50-60ка жетет деген маалыматтар бар. Бирок коомдо иш жүзүндө алардын саны мындан да көп деген пикир бар. Себеби көмүскө иштеген өндүрүш ишканалары жок эмес. Чындыгында кырсыктар кайсы тармакта көп болот жана чыныгы саны канча?

Кубан Маатказиев: Мамлекеттик экологиялык-техникалык коопсуздук инспекциясынын статистикалык маалыматтары боюнча, 2015-жылы 122, ал эми 2014-жылы 159 кырсык катталган.

Биздин мекеме өкмөттүн 64-токтомунун жобосуна ылайык кырсыктарды териштирүү иштерин алып барат. Белгилүү болгондой, кырсыктар өлүмгө дуушар кылган оор жана жеңил жаракат болуп бөлүнөт. Быйылкы 2016-жылда болгон кырсыктар боюнча маалымат топтоло элек.

Ал эми жакында курулушта жана газ сактаган кампада болгон кырсыктан кийин биздин мекеменин жетекчилиги тиешелүү буйрук чыгарып, биздин мекеменин кызматкеринен, иш берүүчүлөр тарабынан жана профсоюздар уюмунан бирден өкүл кирген комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Азырынча комиссиянын иш-аракеттеринин жыйынтыктары чыгарыла элек.

Эмгек кодексинин талабына ылайык ишке кирген кызматкерлер да коопсуздук жана өз өмүрлөрү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. Алар тигил же бул коркунуч болсо ал тууралуу сөзсүз билдириши керек.

“Азаттык”: Кубат мырза, жакында эле сиздердин “Аю курулуш” компаниясынын курулушунда үч адам кулап, күлгүндөй эки жигит өмүрүнөн айрылды. Буга эмне себеп болду? Техникалык коопсуздук боюнча инженер катары өзүңүздүн жоопкерчиликти кандай баалап жатасыз?

Кубат Курманкожоев: Келишим биздин подряддык мекеме менен жеке ишкер Мамытовдун мекемеси менен түзүлүп, ишти ошол мекеменин жумушчулары алып барып жаткан.

Биз жүк көтөргүчтү алганда анын техникалык паспортун толугу менен карап чыкканбыз, регистрация болгондугу, күбөлүгүнүн бар экендигин толук текшерүүдөн өткөргөнбүз жана аны менен иштей турган адамдарды да тиешелүү окуудан өтүшкөн.

Эл арасына тарап кеткен үч адам кулаган деген маалымат туура эмес, негизи эки адам кулап кеткен. Анын бири ишке жаңы келген жаш жигит болгон. Ал жүк көтөргүчтүн сегментин бурап жаткан мезгилде болттору жакшы бурап бекитилбей калган. Ошолорду бурап, анан төмөн түшмөк экен. Азырынча бул боюнча иликтөө, териштирүү иштери жүрүп жатат, акыркы корутунду чыга элек.

Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, болт буралбай калып, көтөргүчтүн автоматикасы алданып калган. Себеби, иш учурунда кызматкерлер пультту өйдө көтөрүп салышкан, бул алардын күнөөсү. Бул техника Италиядан өндүрүлгөн, анын 4 деңгээлдеги коргоочу механикасы бар. Эгер сегмент жок болсо ал автоматтык түрдө өчүп калат. Демек, сегмент тургандан кийин коопсуздук механикасы иштеген эмес да өйдө көтөрүлгөндө салмак оор болуп кетип, анда бараткан адамдар кулап түшкөн.

“Азаттык”: Догдурбай мырза, Профсоюздар федерациясы расмий түрдө катталган кырсыктан жапа чеккендер боюнча иш алып барасыздар. Өндүрүштөгү кырсыктардын негизги себеби эмне?

Догдурбай Тыныбеков: Өзгөчө кооптуу өндүрүш тармагына транспорт, энергетика, тоо-кен өндүрүшү жана курулуш кирет. Бул 4 тармакта кырсыктар көп болот. Негизинен ар бир мекеме, ишканада эмгекти коргоо кызматы болушу керек. Тилекке каршы, биздин статистика боюнча мындай кызмат Кыргызстан боюнча 3500 ишканада гана бар. Азыр айтылып жаткан “Аю курулушта” мындай кызмат жок, бир эле инженер иштейт экен. Мына ушундай ишканалар биз менен биргеликте коопсуздук иштерин жакшыраак алып барышса, көзөмөл күчөп, мындай кырсыктар азыраак болмок.

Көзөмөлдүн начар болушуна шарт түзүп жаткан дагы бир маселе бар. Ал 2007-жылы өкмөт кабыл алган № 533-токтом. Анын негизинде көзөмөл кыскарып калган. Биз мекемени текшерүү үчүн Экономика министрлигинен алдын ала уруксат алып, анан тигил же бул мекемеге 10 күндүн аралыгында текшерүү жүргүзүлө тургандыгы тууралуу телефон аркылуу же кат түрүндө маалымат беребиз.

Анан текшерүүгө ишкананын көлөмүнө жараша бир же эки күн гана берилет. Кемчиликтери бар мекемелер 10 күндүн ичинде керек болсо ишин токтотуп, жабылып да кылышы мүмкүн.

Бизге белгилүү болгондой, көп ишканаларда коопсуздукка зарыл атайын кийим-кечелер, коргонуучу жабдуулар болбойт. Алар текшерүү келерден мурун коңшуларынан атайын кийим-кечелерди убактылуу пайдаланууга алып кийгизип, тазаланып күтүп калышат. Текшерүү кеткенден кийин кайра эле коопсуздук чаралары көрүлбөй кайдыгер жүрө беришет. Ошентип, буга жумуш берүүчүлөр да, жумушчулардын өздөрү да күнөөлүү.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG