Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

Акыркы кезде Кыргызстанда бирөөнүн менчигин көз көрүнөө тартып алып туйтунгандар, кары-жашы, аял-эркегине карабай кордоп, өз мүдөөсүн кандырган зөөкүрдүк жана эл пикирин көзгө илбеген ээнбаштык көбөйүп, ал тууралуу маалыматтар арбын жарыяланууда.

Күндө уккан мындай көрүнүштөр бара-бара кадимки адатка айланып, коомдук аң-сезимди каптап баратат. Буга эмне себеп? Күнүмдүк жанбактылык, зөөкүрдүк аң-сезимди кантип токтотобуз? Келечек муунда жарандык жоопкерчилик сезимин кантип тарбиялай алабыз?

“Арай көз чарай” талкуусуна Президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана коом менен байланыш бөлүмүнүн эксперти Санжар Тажиматов, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева жана Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Осмон Тогусаков катышты.

“Азаттык”: Санжар мырза, быйылкы Тарых жана маданият жылында кыргызстандыктардын алдына улуттук көрөңгөнү таанып, эски менен жаңы көз карашты айкалыштырган кыргыз жаранынын жаңы келбетин түзүү милдети алдыга коюлган.

“Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, күнүгө тапкан акчаң турмушуңа жете турган болсо көп адамдар андай жоруктарга барбайт эле.

Бирок, тилекке каршы, жакында эле Ысык-Көлдө өспүрүм чет өлкөлүк туристтин машинасын талкалап койду, баласынын көзүнчө энеси зордукталды, эс алуучуларды кабыл алып жаткандарга басым жасап, бекер эле жашап кеткен окуялар да болуп жатат, акча үчүн баласы атасына кол көтөрүп жатат. Демек, бул мамлекет башчысы алдыга койгон милдеттин аткарылбай жаткандыгынын далили. Аны кантип токтото алабыз?

Санжар Тажиматов: Туура айтасыз, быйылкы Тарых жана маданият жылында кыргыз жараны деген образды калыптандыруу боюнча бир топ иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Бирок ага карабастан коомдо терс көрүнүштөр болуп жатканы бизди аябай өкүндүрөт. Бул бир гана бийлик, саясат эмес, жалпы жарандык коомго көз каранды. Демек биринчи кезекте урууну эмес, улутту ойлошубуз керек жана улут болуп өнүгүшүбүз үчүн эл дагы көп аракет кылышы керек.

Андан тышкары демократия дегенди анархия менен айырбаштап, каалаган нерсени жасай бер дегендей түшүнүк абдан жаман натыйжа берип атат. Чынында, демократия - бул мыйзамдын үстөмдүгү. Ошол эле учурда жаран жалпы тартипке баш ийип, мыйзамдарды аткарып, жарандык жоопкерчиликти сезиши керек. Тилекке каршы, жарандык маданият бизде жакшы өнүкпөй жатат. Бул биздин мамлекет басып өтө турган мыйзамдуу жолдордун бири болуп жатат окшойт.

Расмий бийликтин алдында турган эң маанилүү милдет ушул багытты ишке ашыруу, кыргыз жараны деген образды калыптандыруу болуп жатат. Ушул милдетти ишке ашырганда гана биз дүйнөлүк өнүгүүгө жана цивилизациялардын катарына кошула алабыз. Бул милдетти аткаруу үчүн билим берүү тармагында жасала турган иштер абдан көп. Тарых жана маданият жылында ушул багыттын алгачкы пайдубалы түптөлүп жатат.

“Азаттык”: Осмон мырза, кыргыздар эзелтен “Чептен эрдин күчү бек”, “Тартып ичкен таш ичкен”, “Уят өлүмдөн катуу” деген принциптерди карманып, эркектер аял менен баланын биринчи камкорчусу болгон. Азыр мырзалар арасында да, аялдар арасында да андай сапаттар азайып, иши кылып эле туйтунуп калсам деген ой биринчи орунга чыгып баратат. Буга эмне себеп?

Демократия дегенди анархия менен айырбаштап, каалаган нерсени жасай бер дегендей түшүнүк абдан жаман натыйжа берип атат.

Осмон Тогусаков: Биринчиден, терс көрүнүштөрдүн негизги себеби мыйзамдарга байланыштуу. Анткени мыйзамдарда милдет, укуктар так жазылса жана так аткарылса мындай көрүнүштөр аз болмок.

Экинчиден, бул адамзаттык баалуулуктарга байланыштуу. Илгертен улууну урматтап, кичүүнү сыйлап, бирөө жардамга муктаж болуп калса “ашар” кылып жардам беришкенде түбөлүктүү баалуулуктар сакталып келген. Тилекке каршы, азыр баары унутулуп, күнүмдүк баалуулуктарга үстөмдүк жасалып, адамды өнүктүргөн түбөлүктүү баалуулуктар унутта калып жатат.

Андан тышкары массалык маданият деп батыш тараптан келген кээ бир идеологиялык багыттарды терең талдабай кабыл алып коюп жатабыз. Бул да өзүнүн терс таасирин тийгизип жатат.

Анан “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, күнүгө тапкан акчаң турмушуңа жете турган болсо көп адамдар андай жоруктарга барбайт эле. Демек иштеген ишине татыктуу маяна берилбеген учур да буга түрткү берип жатат.

“Азаттык”: Рита айым, бирөөнүн менчигин, байлыгын тартып алуу, керек болсо өрттөөгө, өлтүрүүгө чейин баруу коомдо айыкпас жара болору белгилүү. Мисалы, өткөн жылы Ысык-Көл районундагы “Керемет суу” жайында болгон окуянын аягы быйылга чейин басылбай, жара болуп жатат. Андай аракеттерге барган адамдар, албетте, мыйзам чегинде жазасын алышат. Бирок ушундай окуяларды жосунсуз жорук катары жалпы коомчулукка таанытуу, ашкерелөө зарылбы? Аларды камап, соттоо менен эле токтоп калбай, коомго жат жоруктарды жасашты деп, аларга каршы аң-сезимди тарбиялоо аракетин көрүп жатасыздарбы?

Аксакалдар, аялдар кеңештеринин мүчөлөрү кандай учурда болбосун өзүнүн чыныгы адамдык оюн ачык айта алышпайт. Качан гана өздөрүнө пайдалуу болгон учурда үн катмыш этип коюшат.

Рита Борбукеева: Ооба, акыркы 25 жыл ичиндеги идеологиялык боштук ушундай натыйжага алып келди. Азыр курагы 25-30 жашка чейинки калктын катмарында өзүнүн укугун жогору коюп, милдетин унутуп калуу өтө жогору. Ушундай багытта калыптанып калган жаштар коомго жат аракеттерге барып, алардын коомго таасири да бир топ болуп жатат.

Ысык-Көл облусунда мурда жаштар кеңештери жок экен, азыр аны уюштуруп жатабыз. Албетте аны менен эле аталган көйгөйлөрдү жоюп коюу мүмкүн эмес. Бул жерде ата-эненин, жалпы коомдун жоопкерчилиги биринчи орунда турат.

Жеке жарандык жоопкерчиликти мамлекеттик ар кандай жоболор, аракеттер, иш-чаралар менен көтөрө албай жаткандыгыбыздын дагы бир себеби мурда калыптанып калган көз караштарды өзгөртө албай жаткандыгыбызда. Мисалы, бизде аксакалдар, аялдар кеңештеринин мүчөлөрү кандай учурда болбосун өзүнүн чыныгы адамдык оюн ачык айта алышпайт. Качан гана өздөрүнө пайдалуу болгон учурда үн катмыш этип коюшат. Ошол кеңештин мүчөлөрү калыс болушса жана райондук, облустук түрдүү ишкана, мекемелерде иштеген адамдар улуттук намысты жогору коюп, кандай кызматта, кандай кырдаалда болгондугуна карабастан элге таасир бере турган сөздөрүн ачык айтышса жакшы болот эле. Ошондо жаштар да сестенет беле... Демек, биз жалпы элдин кызыкчылыгын жогору койгон адамдарды алдыга сүрөп чыгышыбыз керек.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG