Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Тарых жана маданият жылынын үзүрү


Быйыл сентябрда Чолпон-Атада өткөн Көчмөндөр оюнундагы түркмөнстандык өнөрпоздор.
Быйыл сентябрда Чолпон-Атада өткөн Көчмөндөр оюнундагы түркмөнстандык өнөрпоздор.

Кыргызстанда тарых жана маданият жылы деп жарыяланган быйылкы жыл аяктап бара жатат.

Бул жыл маданияттын өнүгүшү менен тарыхынын такталышына кандай салым кошту? Тарыхта такталбай калган кандай окуялар иликтенип, келечек муунга кандай маалыматтарды ачты? Маданиятты өнүктүрүүнүн кандай баалуу багыттары аныкталды?

“Азаттык” бүгүнкү “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул суроолорго жооп издеп, быйылкы жылдын натыйжасын салмактоого арнайт.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын башчысы Султан Раев жана Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоорлорду колдоо бөлүмүнүн кеңешчиси Сейитбек Жаанбаев катышты.

“Азаттык”: Нарынбек мырза, мына быйылкы тарых жана маданият жылы аяктап, натыйжасын саноого мезгил келип калды. Сиздин оюңуз боюнча, бул жыл маданияттын өнүгүшү менен тарыхынын такталышына кандай салым кошту?

Нарынбек Молдобаев: Тарых бул элдин тамыры. Тамыры жок бак бир эле күндүн ичинде эле кулап калгандай эле биз өз тарыхыбызды улам эстеп турбасак изибизди жоготобуз.

Маданият дагы элдин жүзү жана өзөгү. Маданият аркылуу гана эл өзүн таанып, башкалар алдында кандай эл экендигин далилдей алат. Президентибиз бул жылды тарых жана маданият жылы деп жарыялагандан кийин биз өз тарыхыбыздагы олуттуу тарыхый окуялар менен адамдарды белгилөө милдети алдыга коюлган.

Менин оюмча жардыкта көрсөтүлгөн жана өкмөттун токтомунда белгиленген иш-чаралардын бардыгы эле өткөрүлдү, бирок эмнегедир элдин эсинде калган жок. Ага иш-чаралардын көбү конференция, жыйын түрүндө болгону себеп болду окшойт. Мисалы, Тайлак Баатырдын 220 жылдыгы деле көпчүлүктүн эсинде калган жок.

Андан көрө көп жыл кызмат кыла турган жана маданияттын очогу боло турган театрлардын курулуштарына көңүл бурулса жакшы болмок. Мисалы, Талас театрынын курулушунун башталгандыгына алты жыл болду, бирок каражаттын аздыгынан эмдигиче токтоп турат. Нарын театрынын ремонту да канча жылдан бери каражат бөлүнбөй туруп, эми гана бир аз акча бөлүндү. Бул жылы ушуга окшогон маселелерге тереңирээк көңүл бурулса натыйжа жакшы болор беле деген ойдомун.

Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби

Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби

Казына каржалып турганда көчмөндөр оюнун өткөрүүгө миллиарддаган сом сарпталганы коомчулукта сынга алынды.

“Азаттык”: Султан мырза, президенттин бул жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгында башкы милдет “...тарыхтагы жана маданияттагы аз иликтенген барактарды ачып, жалпы бир көз карашты калыптандырышы керек” деп жазылган эле. Мындай милдет аткарылдыбы? Эгер аткарылса кандай иликтөөлөр менен иш-чаралар негиз берди?

Султан Раев: Албетте, быйылкы жыл өтө маанилүү жыл болду жана аны Кыргызстандын соңку тарыхындагы чукул бурулуштарды жараткан баскыч катары эсептесек болот. Быйылкы жылы өкмөт тарабынан 78 иш-чараны өткөрүү белгиленген жана анын алкагында көп аракеттер көрүлдү.

Албетте, бир жылдын ичинде тарых жана маданият тармагында топтолгон бардык көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес. Ага карабастан мамлекет башчынын саясий эркинин гана негизинде тарых менен маданиятка мамлекеттик деңгээлде баа берилгендигинин өзү тарыхый окуя болду. Демек, бул тармактардагы көйгөйлөрдү чечүүгө алгачкы кадам ташталды. Анын негизинде мааракелерди өткөрүү саясатын өзгөртүүгө багыт алдык. Анткени, буга чейин мааракелерди өткөрүү той-аш деңгээлинде гана болчу. Быйылтан баштап мааракелерди өткөрүүнүн алдында өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган тарыхый из калсын, мамлекеттик маани берилсин деген талап коюла баштады. Бул өзгөчө белгилей турган жетишкендик.

“Азаттык”: Сейитбек мырза, бул жылдын Кыргызстандын келечегине из салган жакшы жактары белгиленди, ал тарыхта калды. Ал эми ушул жылдагы мүмкүнчүлүктү пайдалана албай калган кандай учурлар болду деген ойдосуз?

Көчмөндөр оюну.
Көчмөндөр оюну.

Сейитбек Жаанбаев: Бул жылы кыргыз деген эл бар экендигин, Кыргызстан деген мамлекет бар экендигин тааныта турган Көчмөндөр оюндары баштаган бир катар иш-чаралар болду. Анткен менен ушундай иштерди мындан ары "кампанейщинага" айландырбай бала бакчадан, мектептен баштап ырааттуу өткөрүү жолуна түшүшүбүз зарыл. Мисалы, тарыхтагы ак тактардын ичинен билим берүүдөгү ак барактарды кайра алып чыгышыбыз керек. Себеби, мурда кыргыз элинин өз жазуусу, билим берүү системасы болгон эмес деп окуп келгенбиз.

Азыр Дүрдүн мектеби, Шабдандын мектеби, Канаттын мектеби, Нурмолдонун мектеби, кыргыз медресеси деген окуу системасы болгондугун казып чыгып, мектеп программасына киргизүү керек.

Эң кызыгы ушул маданият жылында мектепте тескери иштер жүргүзүлүп, музыка сабагы кыскартылды, мурда жумасына бир саат окутулган сабактын көлөмү азыр эки жумада бир саатка кыскартылып олтурат. Андан тышкары кол эмгеги же азыркы тил менен айтканда технология сабагынын саатын көбөйтүп туруп, элибиздин кол өнөрчүлүгүн же тамак-аштарын үйрөткөнгө неге болбосун? Демек, бул маселелерге быйылкы жылдын натыйжасы катары мамлекеттик деңгээлде мамиле жасап туруп, мектеп программасына киргизүү керек.

Азыр маданият десе эле ырчы-чоорчуну гана түшүнөбүз. Буга каршы Индонезиянын, Малазиянын, Тайвандын мектеп программаларын мисал кылгым келип турат. Аларда тарых, адабият, музыка, көркөм өнөр, дүйнөлүк адабият, дүйнөлүк маданият, тил, маданият, дене тарбия жана көркөм өнөр деген 10 сабак биринчи класстан 10-класска чейин бекер окутулат экен. Ал эми физика, химия сыяктуу сабактарды ким кааласа жогорку класстарда улап кетет экен.

Алар мектепти бүткөн адам ар тараптан өнүккөн инсан болуш керек деген моделге ылайык тарбиялашат экен. Ар тараптан өнүккөн адам болсо тилди, маданиятты, тарыхты, географияны, адабиятты жакшы билген, көркөм өнөрдү түшүнгөн жана ден соолугу чың адам болушу керек экен. Бизде болсо физика, химияга жумасына 7-8 сааттан берилип, адабият менен тарыхка болгону эки сааттан беребиз. Бул жылы жасала турган иштер ушулар жана бул жылдын жыйынтыгы катары мектеп программасына киргизилиш керек деп сунуштайм. Аны ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банктын каражатын алууга тезинен даярданып, пайдаланып калуу керек.

​PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG