Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:14

Базар-Коргондо мектеп окуучуларынын мушташынан 10-класстын окуучусу каза тапты.

Мектеп окуучуларынын арасындагы талап-тоноочулук же рэкетчилик маселеси “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууланды.

Талкууга Балдар укугун коргоо лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова жана ИИМдин коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынын жашы жетелектер менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мүзүр Картаңов катышты.

“Азаттык”: Эки күн мурун Базар-Коргон районунда дал ушул рэкетчиликтин айынан өспүрүм бала каза болуп калды. Мүзүр мырза, азыр кырдаал кандай?

Картаңов: Азыркы кезде өспүрүмдөрдүн арасында болуп жаткан кылмыштуулукту алдын алуу – аябай көйгөйлүү маселелердин бири. Статистиканы карасак быйыл “опузалоо” фактысы боюнча тогуз кылмыш иши козголуп, соттун кароосуна кетти. Былтыркы жылы сегиз ай ичинде мындай факт менен он алты кылмыш иши козголгон болчу. Мына жаңы окуу жылынын башталышы менен биздин бөлүм мектептеги рэкетчиликке каршы күрөшүү боюнча Билим берүү, Саламаттык сактоо, Жаштар иштери, Коргоо министрликтери менен чогуу аракет көрө баштадык.

“Азаттык”: Назгүл айым, мындай кайгылуу окуялар жыл сайын кеминде эки-үчтөн катталат. Өткөн жылы Түптө, мурунку жылы Таласта, ж.б. ИИМ иштеп атса, сиздер иш алып барып жатасыздар, эмне үчүн азайбай атат?

Турдубекова: Биз ИИМ менен биргеликте Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулук, рэкетчиликти иликтөө иштерин жүргүздүк. Натыйжада биз ИИМдин алдындагы жашы жетелектер менен иш алып баруучу инспекция өздөрүнүн ишин толук кандуу аткаралбай жатат деген жыйынтыкка келдик. Анткени бүгүнкү күнү мындай кызматкерлердин арасында жакшы адистер жок, алардын саны аз, бир кызматкерге төрт-беш мектеп туура келет.

Аларга балдар менен иштөө үчүн эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Аларды анын үстүнө балдар арасындагы кылмыштуулукту азайтууга иштетпей эле чет өлкөдөн расмий киши келсе, коомдук көзөмөлгө көз салууга алып кетип калышат.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, бул бөлүмдү милиция кызматкерлери “штрафбат” деп айтып коюшат, анткени айлык акысы аз. Ушундан улам кээ бир кызматкерлер тоноочулукту токтотуунун ордуна өздөрү ошол балдардан акча алышканы тууралуу маалыматтар бар.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Мектептеги рэкетчиликти токтотууга коомчулуктун алы жетпей жатабы же коомчулук күрөшкүсү келген жокпу? Буга ата-энелердин, мугалимдердин же жергиликтүү бийликтин кимисинин жоопкерчилиги чоң?

Турдубекова: Биринчиден, күнөө ата-энелерде. Анткени алар өзүнүн баласы болбосо да, башка кошуналардын балдарын байкаса да байкамаксан, кайдыгер. Экинчиден, жергиликтүү эл, бийлик, айыл өкмөттүн да иши жок. Айыл өкмөт башчылары шайлоо болсо же бир жерди сатуу керек болсо, жанталашып чуркашат. Ал эми мындай көйгөйлөргө бөгөт коюуну ойлоп да коюшпайт.

Марипа, мугалим, Ала-Букадан: Бул маселе боюнча ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү керек. Анткени алар балдарын түнкүсүн сыртка чыгарбай, тентип жүрүүсүнө бөгөт коюу керек. Мектептеги рэкетчилик маселесине көбүнчө мугалимдерди күнөөлөп келе жатышат.

Картаңов: Мен угарман айымга кошулам. Базар-Коргондо болгон окуя да түн ичинде, түнкү саат он бирде болуп атат. Эгер ата-эне баласына туура тарбия берип аткан болсо, саат тогуздан кийин анын эки жакка басканын көзөмөлгө алат болчу. Азыр биз баласы жасаган кылмыш үчүн ата-энесин административдик жоопко тартууну күчөтүү тууралуу долбоорду парламентке сунуштаганбыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG