Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:10

Нарын районуна караштуу Алыш айылынын тургуну Шераалы Султановду бул чөлкөмдөгүлөр колунан көөрү төгүлгөн уста катары билишет.

9-класста экенинде бактан кулап, майыптыкка кириптер болуп калган Шераалы Султанов башка түшкөн оор тагдырга майышып калбастан, жыгач устачылык өнөргө машыгып, азыр кичинекей оюнчуктардан тарта көрсөтмө куралдарды жана сандыктарды жасайт.

15 жылдан бери катуу жыгачка жан киргизип, не деген сувенирлерди, көрсөтмө куралдарды жана сандыктын түрлөрүн жасап келаткан Шераалы Султановдун убактысы тар. Анткени аны жасап бер, муну бүткөрүп бер деп келгендер толтура. Бул жолу станогунда көрсөтмө курал жасап жаткан экен.

Көрсө башталгыч класстын мугалим сынакка бармак экен, ошонун өтүнүчү боюнча “Керемет көч” аттуу берүүдөгү каармандардын макетин жасап отурган экен:

- Актан менен Акылай сейилге чыгып, ар кандай суроолорго тушугушат. Ошол суроолорго жооп берип, андан ары жолун улаганга ошо кызыктуу механизм менен тоголок Жер шары, анда кетип бараткан Актан менен Акылайдын ошол механизм менен жүрүп алдыга көздөй кыймылдап, өздөрү басып бараткандагы кичинекей макетин жасап атам.

Мугалимдик кесип тууралуу кыялдар


Шераалы мырза негизи балдар, мектеп менен тыгыз иштешет. “Окуучулардын сабакка кызыгуусун арттырууда кыймылдуу көрсөтмө куралдардан өтөөрү жок” дейт жыгач уста:

- Мугалим эже-агайларга жардам берип, иштешип келе атканыма он жылдан ашты. Ошол мугалим эжелердин мектептеги балдарга тереңирээк билим бериш үчүн ошол жыгачтан жакшынакай ар кандай кыймыл аракеттүү көргөзмө куралдарды жасап бергенге башынан өзүм жабышып, жардам берип жасап берчү элем, кийинки учурларда мугалим эжелер көп кайрыла баштады.

Шераалы мырза негизи мугалим болсом деп ак эткенден так этчү. Азыркы мектептер майып кишинин мугалим болуп иштешине ыңгайлашкан эмес, - деп Шераалы мырза кейип алды:

- Балдарга түшүнүктүү деңгээлде сабак өтө албай атканын көрүп, “мен да мугалим болсом ушундай кемчилик кетирет белем же жакшы берет белем” деген ой кетет.

Азыркы биздин имараттар майыптарга эч кандай ыңгайы жок. Мен керек болсо ошол ооруканага бирөөнүн жардамы жок имаратка кире албайм
.

Шераалы Султановдун апасы Зуура эне өткөн-кеткенди эстеп, катуу жабыр тарткан баласы көпкө чейин мүңкүрөп жатып, акыры эркин жыйып, жыгач усталык өнөргө баш койгонун кеп салды:

- Жыгылып жаткандан кийин көп ыйлап, маанайы чөгүп, ар кандай ойлорду ойлоп жатты. Мен да демөөрчү болуп, “ушинтип ыйлап жата берсең өзүңдөн өзүң эмне болосуң, балам. Андан көрө бир нерсени кыл, же китеп оку” десем, бир неселерди оңдоп, андан кийин жыгач менен алпуршуп оюп-союп, колуна күч келтирип тажабайт.

Эрктүү данакер

Бул тегеректе Шераалынын сандыгы деп, кардар түшкөндөр көп. Андайлардын бири – Бурул айым экинчи кызынын себине деп дагы бир сандыкты жасатып жаткан экен:

- Тыкан, жакшы, ар кимдин өзүнүн көңүлүнө төп келген сандыктарды жасайт. Колу абдан жакшы, кардарлар барып эле атат. Нарындан барышат. Мен былтыр угуп алып бир сандыгын алгам. Абдан жагат, быйыл дагы бир кызыма сандыкка заказ берейин деп атам.

Жыгач устанын арты менен анча-мынча өспүрүмдөр да тыйын-тыпыр таап алышат экен. Шераалынын иниси Бердаалы көбүнчө өз жумуштары менен сыртта жүрөт. Агасына окуучу балдар көмөк көрсөтөрүн айта кетти:

- Көбүнчө жаш балдар иштейт, окуучулар өздөрүнүн китеп-тетрадына акча кылганга иштешет. Буйруса жакшы, көп эле жактарын эл көтөрүп жатат.

Бул өкмөт жактан жардам бар деп айта албайм. Өз күчү менен, өз кол эмгеги менен балдарга да демөөрчү болуп, баарын жетектеп келатат
.

Шераалы мырзанын таржымалы менен таанышкандан кийин ал кишинин адаттан тыш эрктүүлүгүнө таң бердим. Анан да кала берсе он эки мүчөсү соо адамдарга окшоп, өкмөттөн, башкалардан “аны бер, муну бер” деп жалооруп отуруп албастан, өзүн да багып, башкалардын да акча табуусуна данакер болуп, колунан чыккан буюмга ыраазы болгон адамдардын алкышына бөлөнүп жатканы суктандырды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG