Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

Быйылкы жыл Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыяланды. Ушул тема "Арай көз чарай" берүүсүндө талкууланды.

Катышуучулар: Акын, Кыргызстан маданиятына эмгек сиңирген ишмер Меңди Мамазаирова, коомдук ишмер Бөрүбай Жураев жана мурдагы депутат, "Доор эли" коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлжамал Султаналиева.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Президенттин кеңешчиси Султан Раев: Мамлекеттин өзөгү – үй-бүлө болуп эсептелет. Ошондуктан анын жашоо-тиричилик гана эмес, саясий да мааниси бар. Мамлекетте ынтымак-ырашкерликти орнотмоюн биздин экономикабызда да, турмушубуздун башка чөйрөлөрүндө да жылыш болбойт. Жаш үй-бүлөлөргө жардам берүү багытында да, социалдык жардам боюнча да көптөгөн маселелер каралыш керек. Кыргыз элинде бири-бирибизге сабырдуу, кечиримдүү болуу деген чоң касиет, сапат болгон. Ошол жагынан караганда ар бир нерсеге толеранттуу көз карашты орнотушубуз керек. Ар кандай сын-пикирлер бар, бирок адамдар адамдарга, пейил пейилге, жүрөк жүрөккө карата дегендей, бири-бирибизге коңултак сезимде тура бербей, аракет кылып бир нерседен башташыбыз керек

Меңди Мамазаирова

Меңди Мамазаирова

“Азаттык”: Быйылкы жыл Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыяланганын бир топтору жакшы баалап жатышат. Бирок бул жарлык дагы көп кагаздын бири болуп, жасалма болуп калбас бекен деген күмөн ойлор да жок эмес. Анткени июнь окуяларында бир жыл бою эки элди элдештирүү жараяндары жүрүп, эл алдында кучакташып, чапан, калпак кийгизген менен тескери караганда баягы эле турмуш деп көп сындалган. Ошондой болбош үчүн конкреттүү кандай аракеттерди жасаса болот?

Меңди Мамазаирова: Үй-бүлө - кичинекей мамлекет, анын сыры, жыргалы менен кууралы өзүнүн ичинде жакшы сакталыш керек экени илгертеден эле айтылып келатат. Акциомага айланып кеткен сөз чындыгынан бузулбайт. Ошондуктан эң биринчиден үй-бүлөнү чыңдаш керек. Ал үчүн эмне кылыш керек? Айрыкча жаш үй-бүлөлөрдүн бекемдигин сактоого аракет кылыш керек. Ажырашуу көбөйүп, ынтымак болбогондон кийин мамлекеттин негизи болбой калат.

Ал эми ынтымак деп айтканыбыз менен элдин жүрөгүндө кек бар. Ошондуктан жаман окуяларды, көрүнүштөрдү, улут аралык ажырымдарды чыгарган бузуку, сепаратисттерди таап, жазасын бергенде гана элге, ар бир адамга канааттануу келет. Калың эл эч качан жамандыкты каалабаганын түшүнгөндөн кийин ынтымак өзүнөн өзү келет.
Бөрүбай Жураев: Үй-бүлө жылы деп ушуга көңүл бурулганы абдан жакшы иш болду. Айрыкча коогалаңдан кийин үй-бүлөлөр кыска убакта той өткөрүп, коркконунан жаш кыздарын күйөөгө берип жиберишкен. Үй-бүлөлөр өтө тез түзүлүп калган. Алар бекем болбостон, көптөрү бир жыл, алты айга жетпестен ажырашып кетишти.

Тойлорду карап отуруп, үй-бүлө бекем болсо, коом да бекем болот деген ойго келип атам. Мусулман мамлекеттердин көбүндө бала төрөлгөндөн кийин эле пайдубал даярдалат. Алар чоңоюп, окууну бүткөндө каякка барат, эмне кылат, каякта жашайт деген маселе башынан эске алынат. Насыя берилип, эсеп ачкан тажрыйба колдонулат.

Бизде жаш үй-бүлөгө эч бир жеңилдик жок. Ал эми кайсы жерде акыйкаттуулук, адилеттүүлүк болсо ошол жерде ынтымак болот. Көп саясат сөздө эмес, ишке өткөндө жакшы болот. Азыр бизде сөз көбүрөөк, иш азыраак болуп атат.

Гүлжамал Султаналиева: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2,5 миллионго жакын. Ошол эле учурда өлкөдө 100 миңге жакын үй-бүлө болсо, анын 81% жакынында 18 жашка чейинки балдары бар.

Гүлжамал Султаналиева

Гүлжамал Султаналиева

Статистикага кайрылганда жалгыз бой үй-бүлөлөр көп болууда. Мисалы, 2008-жылдагы статистика боюнча 100 миң үй-бүлөнүн 47% жакыны же энеси, же атасы гана барлар. Андан сырткары эч кандай никеси жок төрөлгөн балдар көбөйүүдө. Кыргызстанда каттодон өтүп үйлөнгөн ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашат экен. Ал эми бизде каттоодон өтпөгөн канча үй-бүлө бар?

Бүгүнкү күндө үй-бүлө саясатында мамлекеттик деңгээлде эч кандай көңүл бурулбагандыктан ушундай көрүнүштөр болууда. Бирок бул жардыктын чакыруусу, логосу жаккан жок. Үй-бүлө деген менен тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк деген дал келбей жатат. Албетте буга маселеге президенттин деңгээлде көңүл бурулуп жатканы жакшы.

Бирок ошол эле учурда жыл башталганына бир айдан кийин жарыяланып атат. Бул мамлекеттик деңгээлде пландоо, анализ, алдын ала байкоо деген жок экенин көрсөтүүдө. Эми бул жөн эле номиналдуу түрдө айтылып калбай, аягына чыгарылса жакшы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG