Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Көл кылаасында дагы чыр чыкты


"Радуга" эс алуу жайы, Ысык-Көл, 7-август, 2013.
"Радуга" эс алуу жайы, Ысык-Көл, 7-август, 2013.

6-августтун кечинде “Радуга” жана “Карвен” пансионаттарында күзөтчүлөр менен жергиликтүүлөр ортосунда чатак чыгып, тосмолор талкаланды.

Эс алуучу жайларда чыккан чатак боюнча шаршембидеги сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жеке менчиктеги пансионаттар жергиликтүү калкты пляжга акысыз киргизүүгө макул болду.

Кечээки чатак боюнча сүйлөшүлөр “Радуга” пансионатында өттү. Бирок белгисиз себептерден улам журналисттерди киргизишкен жок. Сүйлөшүүгө эки пансионаттын башчылары, облустук ички иштер башкармалыгынын жана жергиликтүү жетекчилер катышты.

Жыйын өтүп жатканда көл жээгинде боз үй тигип иштеткен Айнура Бекенова кечээки чырга күбө болгонун айтып отурду:

- Мыйзам боюнча 150 метрге дейре жергиликтүү калк кирүүгө уруксат. Ал эми бул жерде көлгө чейин кирип, айланасын тосуп салган. Бул жакта жергиликтүү калктын пляжы, жумуш деле жок. Анан “Радуга”, “Карвен” деле адамдарды башка жактан алып келип иштетишет. Жергиликтүүлөр болсо жумушу жок отурат...

Аңгыча жыйындан биринчи болуп чыккан Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Дөөлөтбек Салмакеевге журналисттер жабалактап калды:

- Мен элдин коюп жаткан талабын туура деп ойлойм. Мыйзам боюнча Ысык-Көлдү экономика жана экология жагынан таза кармоо деген беренеде көл жээке жергиликтүү калктын киришине уруксат бар. Бул жактагы чыккан чатак ошого байланыштуу, андан сырткары ар бир кирген кишиден 200 сомдон ала баштаган. Сүйлөшүүлөр учурунда эки эс алуучу жайдын башчысына бир жуманын ичинде жергиликтүү калктын кирүүсүнө да мүмкүнчүлүк түзүү тууралуу талап коюлду.

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Уланбек Абдырахманов да күнөөнү пансионаттын ээлерине тагууда:

- Эми 2004-жылкы мыйзам бар, ал мыйзамды бул эс алуучу жайлардын жетекчилери бузуп келген. Биз бүгүн кирип ошону түшүндүрүп чыктык. Алар бул жерде көл жээгине жергиликтүү калктын киришине уруксат берген эмес.

Улан Абдырахмановдун айтымында, “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндөгү” мыйзамдын 17-беренесинде Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан курорттук рекреакциялык мекемелердин администрациясы өз аймагындагы пляж жана башка эс алуучу жайларга жергиликтүүлөр кирүүсүнө чек коюуга укуксуз деген жобо бар.

Кечээки чатак боюнча “Радуга” эс алуу жайынын жетекчилиги менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады. Ал эми “Карвен төрт мезгил” пансионатынын жетекчисинин орун басары Ирина Крутий жергиликтүү жаштар “Радуганын” ээлерине ачууланып, ачуусу менен алардын пансионатына да келгенин айтат. Бирок бир катар сүйлөшүүлөрдөн улам алар тосмону талкалоодон баш тарткан экен.

- Биз кечээ кечинде сүйлөшүү жүргүздүк, алардын бизге бастырып келишине таң калдык. Анткени биз жергиликтүү калк үчүн түрдүү иш-чараларды өткөрүп турабыз. Андан сырткары бул пансионат салынып жатканда биз аларга атайын пляж салып беребиз, бирок биздин зонага кирбейт деген келишимге келгенбиз. Ал пляжга да өзүбүздүкүндөй эле шарт түзгөнбүз, ошол эле көлөкө кылган зонттор бар жана пляждын кумун элеп, тазалап беребиз.

Ысык-Көл районун прокурору Майрамбек Таалайбеков болсо кечээки окуя боюнча азырынча кылмыш иши козголо электигин айтты:

- Кылмыш иш козголушуна ошол эс алуу жайынын жетекчилиги тарабынан арыз керек. Арызы жок биз эч кандай чараларды көрө албайбыз. Учурда эч кандай арыз түшө элек.

“Карвен төрт мезгил” жанан “Радуга” эс алуу жайлары жеке менчик. Чон-Сары-Ой айыл өкмөт башчысынын орун басыры Улан Калыков алар эс алуу жайлары жайгашкан жерди 5 жылга ижарага алып, бардык салыктарын төлөп келатканын айтат:

- Бул муниципалдык менчик, 100 чакырымдагы көл жээк айыл өкмөтүнө тийиштүү болуп эсептелет. Бул эки пансионаттын жетекчиси пляждын ижарасына гектарына 8 миң сом жана жер үчүн 24 миң сом төлөп беришет. Бул ижарадан түшкөн каражат жергиликтүү муктаждыктарга сарпталат.

Канткен менен көл кылаасындагы ушул сыяктуу майда-чүйдө чатактар да эс алуучулардын келишине терс таасирин тийгизери турган иш.

Ансыз да жергиликтүү калк былтыркыга салыштырмалуу быйылкы туристтик сезон начар болуп жатканын айтууда. Сезондун начарлыгына жол тосуулар жана аба ырайы таасир этсе, эми мындай чырлар да тетири таасирин тийгизеби деп жергиликтүүлөр катуу кабатыр.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG