Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Жогорку Кеңеш оюнчуктардын коопсуздугун кепилдей турган мыйзам долбоорун талкуулап жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мындай демилгенин келип чыгышына балдардын саламаттыгына олуттуу зыян келтирчү уулуу оюнчуктардын көбөйүп жатышы себеп болду.

Лабораториялык текшерүүлөр жыл өткөн сайын мындай оюнчуктардын саны өсүп жатканын тастыктап жатат, аны чектөөгө азыр иштеп жаткан мыйзамдар кудуретсиз болууда. Кыргызстандын өзүндө болсо балдар үчүн оюнчуктар чыкпайт.

"Арзандын тузу татыбайт"

Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистеринин айтымында, беш жыл мурда лабораторияда текшерилген оюнчуктардын 7 пайызы уулу болсо, азыр ал дагы 3 эсеге көбөйгөн. Ошентсе да ата-энелер балдардын илдеттерин башка шарттарга шылтап койгондуктан, бул олуттуу маселеге маани берилбей калып жатат.

Балдар дарыгеринин айтымында, жаңы куурчак ойногондон кийин жөтөлүп, аллергия болуп келген бөбөктөр арбын. Резина же пластмассадан жасалган оюнчуктарды улам тазалап колдонуш керек. Жумшак оюнчуктар инфекция алып жүргөндүкөн адистер аны колдонууга тыюу салышат.

Балдар дарыгери Кымызай Кудайбердиеванын айтымында, оюнчуктун жытынан эле көп дарттар пайда болууда:

- Мына өпкө оорулары, өнөкөт бронхит алып келип атат. Балдардын ушул жытка башы ооруп, кусуп жатышат. Экинчиден, бир жашка чейинки балдардын шылдырактары өтө жука пластмассадан жасалган. Ичиндеги шариктерин жутуп алып жатышат. Ал да көп кездешет.

Кыргызстанда бир да оюнчук өндүрүүчү болбогондуктан дээрлик баары чет өлкөдөн келет. Мамлекеттик санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынан маалымдашкандай, алардын көбү аткезчилик жол менен өтөт. Бул өз кезегинде товардын арзан сатылышын шарттайт. Арзанына карап ата-энелер сапатына аз көңүл бурушат.

Жаш эне Айзада Исраилова да оюнчуктун зыяндуу жагын бир да жолу ойлонуп көрбөгөнүн айтат.

- Көп деле көңүл бурбайм. Оюнчук ал жей турган нерсе болсо, анан көңүл буруш керек. Мен анысына деле карабайм. Эми баланын өзүнүн жактырганы да... Эмнени тандаса, ошону алып берем.

Адистер билдиришкендей, бардык эле оюнчуктар уулуу же сапатсыз эмес. Болгону сапаттууларды кымбат дүкөндөрдөн алууга туура келет. Андай оюнчуктарда сөзсүз европанын товардык белгиси туруш керек. Ага карабай базарлардагы сатуучулар да өздөрүнүн товарын мыкты деп эсептешет.

Көп жылдан бери базарда оюнчук саткан Даир Сейиткулов сыртынан карап эле сапаттуу же сапаты төмөн экенин билсе болот дейт.

- Биздин оюнчуктардын сапаты жакшы, кепилдик беребиз. Сапаттуулары бар, сапаты төмөндөр да бар. Сапаты төмөндөрдү албайбыз. Сапатын баасынан билсе болот. Кымбаттары өзү эле көрүнүп турат, коробкасы да жакшынакай болот. Сапатсыздардын материалы жука, анан баасы арзан.

Көзөмөл көңүл сыртында

Оюнчуктун бойогунда жумшак металл - коргошун көп колдонулат. Ал организмде топтолот да, баланын өсүшү кечеңдейт. Ал эми оюнчук жасоодо колдонулган формальдегид сыяктуу жыт берүүчү химиялык заттар дем алуу органдарын начарлатат.

Ушундай өксүктөргө бөгөт коюу максатында Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен өкмөт оюнчуктардын коопсуздугунун техникалык регламенти жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган.

Зыяндуу оюнчуктардан бул мыйзам кандай сактайт? Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев:

- Бул - оюнчуктар боюнча алгачкы техникалык регламент, балким башка товарлар үчүн да биринчидир. Анткени мурда Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен санитардык көрсөтмөлөр жана эрежелер гана бар болчу. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин ведомстволук буйругунун сырттан товар алып келгендерге жана өндүрүүчүлөргө карата укуктук күчү жок.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Бердимамат Аданбаевдин айтымында, буга чейин оюнчуктарды көзөмөлдөө чачкын болчу:

- Мурда бир эле оюнчук ар түрдүү талапка жооп бериш керек болсо, ошого жараша ар ким текшере берген. Бирөө ведомстволук документте болсо, экинчиси стандартта болгон, үчүнчүсү дагы башкада болгон. Документтердин саны чачкын, көп болгон.

Мыйзам кабыл алына электигине байланыштуу мындай көрүнүш дагы эле уланып жатат. Эң негизги көзөмөлдү Санитария, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жүргүзүш керек эле. Аталган инспекциянын башкы адиси Мария Кушубакова:

- Жеке ишкерлерди көзөмөлгө алыш кыйын болуп атат. Алар тууралуу мыйзам чыкпадыбы. Ишкерлер тууралуу мыйзамдын бир бөлүгүндө аларды текшерүү үчүн он күн мурда эскертиш керек деп жазылган. Бизге азыр бир аз кыйын болуп жатат.

Адис тескөөнү күчөтүү максатында мекеме тармактар аралык комиссия түзүүнү сунуштап, тиешелүү министрликтерге кат жөнөткөндүгүн кабарлады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG