Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Кыргызстан дүйнөдө ВИЧ/СПИД менен катар кургак учук илдети да тез тараган жети өлкөнүн катарына кирет.

Адистер соңку жылдары бул илдеттин саны азайганы менен жугуу ыктымалдыгы күч экенин белгилешүүдө. "Арай көз чарайда" бул жолу ушул маселе талкууга алынды.

Катышуучулар: Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчисинин орун басары Мырзахат Иманалиев жана Жугуштуу дарттардын зыянын азайтуу боюнча программалардын “Өнөктөштөр түйүнү” ассоциациясынын башчысы Айбар Султангазиев.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз

1-бөлүк


2-бөлүк


“Азаттык”: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргени боюнча, жыл сайын дүйнөдө 2 миллион адам кургак учуктан каза табат, алардын 80 пайызы ишке жарамдуу курактагылар. Азыр Кыргызстанда деле абал оңой эмес болуп турат окшойт. Эмнеге кургак учук оорусуна чалдыккандардын саны азайбай жатат?

Мырзахат Иманалиев: СССРдин убагына салыштырмалуу кырдаал өтө эле оор. Мисалы Орто Азия мамлекеттеринин көрсөткүчү боюнча ошол кезде 100 миң кишиге 45-50 адам туура келчү. Союздан бөлүнгөндөн кийин дары-дармек жок калып, элдин жашоо шарты өзгөрүп, миграция күчөгөндөн кийин бул оору да баш көтөрдү. 2000-жылы оорулуулардын саны максималдуу көбөйгөн. Бир жылда жети миңдин тегерегинде адам кургак учук менен катталган учур болгон. Бүгүнкү күндө бул илдетке кабылгандардын саны азайып атат, бирок жайырак болууда. Азыр жылына беш миңдин тегерегинде адам катталат.

Кургак учук – бул социалдык оору. Элдин турмуш-шарты начарласа оору баш көтөрөт. 1996-жылга чейин дарысы жок калган учурлар болгон. Дары аз, түрмөлөрдө оорулар көбөйүп кеткедиктен башаламан дарылоо, ар ким колуна тийген дарыны ичкенге аракет кылып калышкан. 30-40 жылдан бери жаңы дары жок, эски дарылар менен дарылап келатабыз. Буга микрорганизм көнүп, оорунун туруктуу формасы пайда болду.

Бизде ооруну жашыруу көрүнүшү бар. Кургак учак десе эле эч кимге айтпай жүрө берет. Экинчиден, азыр биз миң адамды текшерсек анын 3-4% гана кургак учук оорусу табылат.

Айбар Султангазиев: Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2009-жылы эле Кыргызстанда кургак учук менен ооруган адамдардын саны 100 миң адамга 159 учур туура келген. Ушул маалыматтар ар кандай болуп атат. Бир оорулуунун дарыланышына 5 миң доллардай каражат керек болууда. Абдан көп акча керек, анын көбүн азыр Глобалдык фонд жаап жатат. Мамлекет ооруга каражат жагынан азырак көңүл бурууда.

Кээ бир ооруканалар кургак учукка кабылган адамдарды албай да коюшат. Өткөн жумада эле бир учурга кабылдык. Түрмөдөн чыккан кишинин документтери толугу менен таза, кургак учуктан айыкты деп турат. Бирок анын анализдерин кайра текшертип көрсө кургак учуктун ачык формасы менен ооруйт экен. Бул дары менен айыкпаган, же айыгуусу оор болгон түрү. Экинчиден, эки айда эки кишини оорукана албай койгон. Мындай учурлар да бар. Ошондуктан бардыгы жакшы деп айта берген туура эмес. Иштеш керек...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG