Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

Советтик доордо Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жаш курагында дүйнө салды.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчысы кызматын 24 жыл, 5 ай, 24 күн аркалаган Усубалиев Советтер Союзунда эң узак бийликте турган жетекчи катары тарыхта белгилүү. Мамлекеттик жана коомдук ишмердин өмүр жолуна берилген баа бүгүн да ар кыл жана талаштуу.

Белгилүү журналист, дипломат, педагог, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Тилектеш Ишемкулов Усубалиевдин өлкөгө сиңирген эмгеги ар убакта мактоого татыктуу экенин айтат:

- Бул аксакалдын кол астында мен бери дегенде 35 жыл иштедим. Улуу инсан кандай гана болбосун, мейли саясий-экономикалык, мейли дипломатиялык маселелердин баарын аңдай, талдай билчү. Анын басып өткөн жолун кыргыз эли унутпайт. 25-30 жыл бою чогуу иштеп, депутат болуп, беш жыл катар жанында отурганыма сыймыктанам.

Усубалиев Советтик Кыргызстандын башында турганда өлкө турмушунда бир топ талаштуу, кайгылуу окуялар болгону белгилүү. 1980-жылы министрлер советинин төрагасы Султан Ибраимов Ысык-Көлдүн жээгиндеги мамлекеттик дачада атып өлтүрүлгөн. Тилекке каршы, ошол маалда Советтер Союзун солк эттирген бул кылмыштын бети ачылбай калган. Эл арасында ушул күнгө чейин тарыхтын мындай талаштуу барактарына ар кандай баа берилип жүрөт. Кыргызстандагы алгачкы демократиялык активисттердин бири, "Арыш" коомдук бирикмесинин төрагасы Жумагазы Садыр уулу менен байланышканыбызда ал окуяны мындайча эскерди:

- Биз анда студент элек. Дароо элде “бул эң башкы адамдын колунан келди” деген пикир пайда болгон. Карапайым эл арасында Усубалиевдин ордуна ошол кишини даярдап жатышыптыр деген сөз көп таркаган. Окуя ачылбаганы менен элде ошондой күмөн пикир калды, - деген Садыр уулу Турдакун Усубалиев бир гана «системанын жигити» бойдон калып, өз мекенинин келечеги үчүн эркин ой жүгүртүп, алдыга жаңыча кадам таштай алган эмес деген көз карашта.

“Кыргыз тарых коомунун” жетекчиси, белгилүү тарыхчы, журналист, публицист, профессор Тынчтыкбек Чоротегин Усубалиевдин бийлик доорун советтик мезгилдеги жараяндардан өзүнчө бөлүп кароо мүмкүн эместигин айтат:

- Кыргыз тили орус мектептеринен алынып салынган, 1930-жылдары атылып кеткен чыгаан атуулдарыбыздын кыйласы кийин 1950-жылдары кайра акталганы жашырылган доор болгону, ошол учурдагы улут маселесинде Кремлден жалтактоо болгону тарыхта айтылышы керек деп эсептейм. Сенектик доору жөн эле келген эмес, ошого коштомчу болгон, камчысын чапкан жергиликтүү төбөлдөр болду.

Профессор Чоротегин өз маалында коммунисттик партиянын жетекчиси Энесай кыргыз каганатынын тарыхын жалпы кыргыз тарыхынан жеригенин, белгилүү илимпоз, кыргыз таануучу Саул Абрамзонду жүйөсүз көр-жемеге алганын көрсөткөн фактылар бардыгын белгилейт.

96 жашында дүйнө салган Турдакун Усубалиевдин өмүр жолун, тарыхтагы ордун, мамлекеттик ишмердин мурасын азыркы жаштар билеби? Бул суроону Ош шаарындагы жаш активист, 21 жаштагы Орозайым Нарматовага узаттык:

- Азыр жаштардын көбү Усубалиевди тааныбай турганы чындык. Биз ал адам жөнүндө көбунчө улуу муундан угабыз. Менин ата-энем бул киши тууралуу эмнегедир терс пикирде. Ал эми жаштар ал киши өз маалында “Ала-Тоо” аянтын курганын, Бишкек, Ош шаарында көп курулуштарды салдырганын баары эле биле бербейт.

Турдакун Усубалиев советтик Кыргызстанды 1961-жылдан 1985-жылга чейин, дээрлик чейрек кылым башкарган. Тажрыйбалуу саясатчы Өмүрбек Текебаевдин демилгеси менен атайын мыйзам иштелип чыгып, Усубалиевге мамлекет башчылыкка теңеген макам берилген. Текебаев ал жылдар бардык тармактарда болуп көрбөгөндөй өсүш камсыздалган доор катары тарыхта жазылып калганын айтат:

- Ушул норманы киргизип жатканда мен, биринчи кезекте, Турдакун Усубалиевдин Кыргызстанды жетектеп жүргөнүн, ал кезде жетишкен ийгиликтерин эске алып жазгам. Усубалиев Компартиянын гана биринчи катчысы эмес, мыйзам боюнча мамлекет башчы деген статуска ээ. Анткени Коммунисттик партиянын Кыргызстандын экономикасынын заманбап болуп түзүлүшүнө, кыргыз интеллигенциясынын, илим-билим, маданияттын жогорку деңгээлге көтөрүлүшүнө салымы болгон.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкор районунда туулган, 1941-жылы Фрунзедеги мугалимдер институтун аяктаган. Ошол жылы партиялык карьерасын баштап, 1945-жылы Москвага КПСС Борбордук комитетине инструктор болуп барган. Ошондон кийин болочоктогу кыргыз лидеринин саясаттагы турмушу тепкичтен тепкичке өйдөлөп отурган. 1955-жылы “Советтик Кыргызстан” гезитинин редактору, 1961-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысынын кызматына киришкен.

2014-жылы коомдук ишмердин 95 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленген.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда Бишкекте Тарых музейинде өтөт деп пландалууда. Өкмөт коштошуу аземин уюштуруу үчүн комиссия түздү.

Усубалиевдин өмүр-таржымалына арналган баянды бул шилтемеден окуңуз.

  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG