Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Жалал-Абаддын Ноокен районунда жайчылык өнөрдү улантып келаткан үч айым бар.

Алар жыл сайын эрте жазда жамгырдын мол болушун тилеп, кудайга сыйынышат. Жай мезгилинде да жамгырга муктаждык болгон учурда атайын бир жерге топтолушуп, сыйынуу жөрөлгөсүн өткөрүшөт. Айыл тургундарынын айтымында, жайчылардын суранычы натыйжасын бербей койбойт экен.

Сары-Сыя кыштагында жашаган Аминахан, Момохан жана Чыныхан энелерди айылдаштары “Жамгырчы апалар” деп коюшат. Үчөө тең куунак. Булар ата-бабаларынын жолун жолдоп, керек учурда Кудайдан жамгыр суранышат. Айткан дубаларында негизинен дыйканчылыкка береке тилешет.

75 жаштагы Аминахан эне алардын башчысы. Негизги дубаларды ушул айым окуйт:

- Жамгыр чакыруу жөрөлгөсү бизге ата-бабалардан калган. Биз кичине кезибизде чоң аталарыбыз, чоң энелерибиз ушинтип Кудайдан жамгыр суранат болчу. Анан апаларыбыз аны улантып жүрүштү. Совет мезгилинде мындай иш-чараларга тыюу салынчу. Ошого карабай түндө болсо да жашыруун ушундай сыйынуулар болуп турат эле. Ошолордон үйрөнгөндөрүбүздү биз азыр колдонуп жатабыз. Айылдаштардын суранычы менен жамгыр чакырып, ушундай сыйынууларды кылабыз.

Амина эненин айтымында, жамгыр сурануучу обондуу ырлар ооздон оозго көчүп келет. Анда түшүмдүн мол болушуна жамгыр гана жардам бериши, жаан Кудай тарабынан гана жөнөтүлөрү айтылат. Соңунда Кудайдан дыйканчылык аймактарга жамгыр тилеп, бата кылышат:

- Жамгыр мол болгон жылдары мындай үдүмдөр жасалбайт. Муну айрымдар динге туура келбейт дешет. Бирок биз шайтанга же жинге сыйынып жаткан жокпуз да. Жамгыр бер деп Алладан суранып жатабыз. Ошондуктан муну динге туура келбейт деп айтуу туура эмес. Мен ажыга барганмын. Ал жакта деле ушундай жамгыр суранып, сыйынып турушат экен. Көзүм менен көрүп келдим.

Жамгыр чакыруучуларды элде жайчылар деп аташат. Мындай адат көбүнчө байыркы араб, индус жана азия элдерине таандык деп айтылат. Тарыхта жайчылар негизинен асманга жана жаратылышка сыйынышкан болсо, сарысыялык айымдар Алладан суранып, сыйынуу иш-чараларын өткөрүшөт.

Алардын сыйынуусу канчалык натыйжа берет, анысы бизге караңгы. Бирок жергиликтүүлөр булардын сыйынуу жөрөлгөсүнөн соң жамгыр жаайт дешет.

Алардын бири дыйкан Өткүрбек Мисиралиев:

- Ушул энелердин суранычы мененби же дал келүүчүлүкпү, айтор булар сыйынгандан соң жамгыр жаайт. Ага канча жылдан бери күбө болуп жүрөм. Сыйынган күнү эмес, бирок эки-үч күндөн соң албетте жаайт. Кээде булардын жөрөлгөсү болгон күнү түндө жаан болот.

Жайчылардын дагы бири Момохан эненин айтымында, жаштар арасында бул өнөрдү мындан ары улантып кетүүнү каалагандар жок. Жамгырчы айымдар кийинки муун өкүлдөрүн жайчылыкка кызыктырууга аракет жасаганы менен азырынча аларга эч ким шакирт түшө элек:

- Жамгыр тилеп жыл сайын эрте жазда бир үйгө топтолуп, Жаратканга сыйынабыз. Айылдагылар көңүлдөн чыгарып, ун беришет. Биз ал ундан атайын май токоч бышырып, Кудай жолуна деп элге таратабыз. Менимче, биз айылдагы жайчылардын акыркысы болот окшойбуз. Себеби бул өнөрдү улантып кетүүгө балдарыбыз кызыкпайт, үйрөнүшпөйт деле. Өнөрүбүз жаштарга калсын деп соңку жылдары сыйынууну көчөдө өткөрүп жатабыз. Көрсүн, үйрөнсүн деген максатта.

Жамгырчы айымдардын бул жөрөлгөсүн айылдаштарынын арасынан туура эмес деп баалагандар, алар айткан дубалардын ишке ашышына ишенбегендер да бар. Бирок андай пикирлерин бизге ачык айтып берүүнү каалашпады.

Жайчы айымдардын ичинен Чыныхан эненин жумушу эң кыйын. Ал элден топтолгон ундан май токоч бышырат.

- Май токоч бышырганда дээрлик бир күнүм ушуга кетет. Ушунчалык көп санда бышырам. Себеби Кудай жолуна деп айылдагылардын теңинен көбү жарым килограммдан беш килограммга чейин ун, май көтөрүп келишет. Анын баарын бышырып, көчөдөн өткөн элге берем. Үйлөргө таратам. Май токоч мурдатан ыйык тамак катары саналып келген. Ал Кудайга сыйынуунун тамагы болуп эсептелет.

Ноокенде быйыл жамгыр жетиштүү эле болгондуктан жайчы кемпирлердин сыйынуусуна азырынча муктаждык жок. Бирок саратан келип, күн катуу ысып кетсе, жөрөлгөбүздү жасайбыз дешет. Ага чейин дыйкандарга мол-түшүмдү намаз окуган учурда гана Кудайдан тилеп жатышат...

Жайчылар жашаган Сары-Сыя айылында XII кылымдарда Сауд Арабиядан келип калган арабдардын урпактары турмуш кечирет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG