Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

Жай аптабы Кыргызстандагы ажатканалар көйгөйүн көкөйгө тийгидей эске салат. Болгондо да өлкө борбору Бишкектин булуң-бурчундагы ажатканалар адамдын көңүлүн айнытып, ал эми сырттан келген туристтер экинчи келгис таасир алат.

Короонун кошуна үй менен чектешкен чегинде төрт бурчу төрт мамы шыйпыр же жаман таар менен дат баскан зымдарга бекитилген ажаткана. Көп учурда үстү ачык, каалгасын табалбай кайсалактайсың. Ичинде даарат кагаз ордунда чаң баскан китеп же эчак саргайган эски гезиттер. Бурчта чирип, түбү тешилген жаман чака. Ажаткана айланасы менен ичи чымынга толгон.

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына, кала берсе Бишкектин чеке белине мүнөздүү көрүнүштү сүрөттөгөнгө аракет кылдым. Бул биздин күнүмдүк турмуштун ажырагыс сүрөтү.

Гүлсүн Бабашева Бишкектин Свердлов районуна караштуу №17 муниципалдык-аймактык башкармалыкта кварталдык комитеттин башчысы. Ал Токтогул көчөсү менен Аламүдүн дарыясынын кесилишиндеги казкатар тизилген ажатканалардын таржымалын айтып берди.

Бул тегерек мурда “Карпинка” деген ат менен криминалдык район катары белгилүү болуп келсе, эми минтип "ажатканалардын шаарчасы" катары жаңы өчпөс наамга ээ болгон экен. Гүлсүн Бабашева:

- Тээтиги Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин 1 жыл мурда 89 туалет бар болчу. Аламүдүн дарыясынын жээги толтура болчу. Жытын көрсөң бир шумдук. Үйлөп койсоң жыгылчудай болгон темирден салынган. Бирөөлөр кирип толтуруп койбосун деп дайым кулпулап коюшат. Мына минтип көчүрүлө элек үч эле туалет калды.

Гүлсүн айым айтмакчы, ажатканалар дарыя боюнан үйлөрдүн жанына көчүрүлүүдө. Эң кызыгы Карпинкадагы ажатканаларды дайыма кара кулпу кайтарат. Муну жергиликтүүлөр ажаткана толсо, кайра салчу жер жок экендиги менен түшүндүрүшөт.

Бишкектеги “Тазалык” муниципалдык ишканасынын маалымат кызматы башкалаадагы ажатканалардын бардыгы менчик колдордо экенин айтып, борбордогу ар бир район бийлигине түртө салды.

Санитардык талаптарга жооп бербеген ажатканалар адамдардын ден соолугуна канчалык кооптуу деген суроону Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун директору Жаркынбек Касымбековго жолдодум.

- Бишкекте жалпы, коомдук ажатканалар дээрлик жокко эсе. Каралбаган, санитардык нормаларга жооп бербеген ажатканалар барып келип эле көптөгөн оорулардын булагына айланат. Өзгөчө күндүн аптабында ич оорулардын, вирустук А гепатити сыяктуу ооруларга жол ачат. Жадагалса көпчүлүк ажатканаларда кол жууй турган крандар да жок.

Касымбековдун маалыматына караганда, мектептерде санитардык нормаларга жооп бербеген ажатканалар сарыктын түрлөрүнүн жайылышына себепкер:

- 2-3 жылдан бери сарык 2,5-3 эсеге чейин өсүп кетти. Мунун бирден-бир себеби мектептеги ажатканалардын абдан начар абалы. Тилекке каршы ажатканалардын көбү суу менен камсыз кылынган эмес.

Ажаткана толуп калбасын деп ар дайым кулпулап коюшат.

Ажаткана толуп калбасын деп ар дайым кулпулап коюшат.

Элет жерин эмне кылабыз, жадагалса Бишкектин өзүндө коомдук ажаткана табуу кыйын. Борбордук аянтка эл көп топтолгон иш-чараларда эле көчмө ажатканалар коюла калбаса, башка учурда эр болсоңуз ажаткана таап көрүңүз.

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева журналисттер менен жолугушууларынын биринде “Адамдын ар-намысы ажатканадан башталат” деп айтканы бар. Мындай пикирге кыргыз-түрк “Манас” университетинин окутуучусу, философия илиминин доктору Үмүт Асанова да кошулат:

- Адамдын маданияты өзүнөн башталат. Өзү дегенде бир гана бети-колду жууп коюу эмес. Эң негизгиси ажатканада таза болуш керек. Күн сайын адамдын 24 саатынын бир сааты ошол жерде өтөт да. Улуу сөздө уят жок демекчи эң бир назик жерге, адам пайда болчу жерге кайдыгер мамиле жасоо - бул жеткен кайдыгерлик. Керек болсо маданият ушул жерден башталат.

Балким көчмөн маданияттын саркындысы болуп жүрбөсүн деген сурообузга Үмүт Асанова мындай жообун узатты:

- Чынында көчмөн маданиятта өтө кыйын болгон да. Көчүп-конуп, кокту-колотто жүрсө кыйын эле болгон. Көчүп жүрсө азыркыдай ажатканалар кайдан болсун. Ар кандай шартта ар кандай болгон да. Керек болсо таш, топурак менен сүрүнүшкөн. Исламда деле даарат катары кете берет эмеспи. Биздин ата-бабаларыбыздын заманында ак кагаз деген болгон эмес да. Ошентсе да табият менен чогуу жүргөн адамдар ошол нерсеге табигый мамиле жасашкан.

Кыргызстанда ажаткананы стандарттуу салуу аракети байкалат. Маселен Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын жашоочусу Имаш Азарбаев үч жылдан бери Финляндиянын тажрыйбасына таянып, ары таза, ары пайдалуу ажатканаларды куруп келет. "Экосан" деп аталган ажаткана тууралуу Имаш мырза буларга токтолду:

- Бул туалеттин өзгөчөлүгү - сууну талап кылбайт, кургак. Заара менен заңды өзүнчө бөлүп койот. Заң менен заара аралашпаганда жыт да чыкпайт. Эч кандай жагымсыз заттарды пайда кылбайт. Заараны бөлүп алып өсүмдүктөргө жер семирткич катары колдонсо сонун болот. Ал эми заң кургак жаткандыктан ар кандай паразиттер өлүп, 5-6 айда эле зыянсыз затка айланат.

"Экосан" ажатканалары канча убакыт кызмат кылат жана мындай ажаткана курууга канча каражат кетет?

- Бул туалетти түбөлүк пайдалана берсе болот. Ажаткананын ичиндеги камераларды тазалап койсо эле болду. Эч кандай жыт чыкпагандыктан үйдүн жанына, үй ичине деле курса болот. Азыркы баа менен алганда материалга 20-21 миң сом кетет. Куруп берүү акысын кошкондо 26-27 миңге барат.

Кыргызстанда ажатканаларда кырсыктар да катталат. 2012-жылдын 3-ноябрында Оштун Кара-Суу шаарындагы ири базарда 40 орундуу ажаткананын асты түшүп кетип, төрт киши каза таап, он беш адам жабыркаган.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG